Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Кыянбек Сатыбалдиев дайындалды. Ал буга чейин Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Облус үчүн ысымы көп деле белгилүү болбогон, тажрыйбасы аз адамдын келиши бир катар талкууга жем таштады.

Жалал-Абад облусунун жаңы жетекчисин жамаатка биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев тааныштырды. Буга чейин облусту жетектеп келген Жумагүл Эгембердиева 15-сентябрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин төрайымдыгына дайындалган эле.

39 жаштагы Сатыбалдиев Социал-демократтар фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болчу. Парламентке шайланганга чейин Майлуу-Суу шаарынын мэрлигин эки жыл аркалаган.

Кыянбек Сатыбалдиевдин парламенттин расмий сайтындагы өмүр баянына караганда мэрликке чейин мамлекеттик кызматта иштеген эмес. «Акжол» аттуу фермердик чарбада эмгектенип, аны бир нече жыл башкарганы гана көрсөтүлгөн.

Жалал-Абад облусун жетектөө тапшырылган Кыянбек Сатыбалдиев жогорку билимди 2013-жылы алып, Экономика жана ишкердик университетинин Бухгалтердик эсеп бөлүмүн аяктаган.

Мындай коомчулукка анча белгисиз, мэр кезинде да, эл өкүлү болгондо да иши менен өзгөчөлөнө албаган адамдын өлкөдөгү ири облусту жетектөөгө дайындалганына түшүнбөгөндөр көп.

Кыянбек Сатыбалдиев облустагы өкмөттүн өкүлү катары пландары көп экенин "Азаттыкка" айтты:

- Кимдин кандай иштегенин убакыт гана көргөзөт. Ар кандай сөздөр болуп жатат. Бирок ага көңүл бурбай, жыйынтык көрсөтүүгө аракет жасайм. Бул жерде саясий оюндарга орун бербестен, токтотуп, жалпы туруктуулукка, ынтымактын сакталышына жана инвестиция тартууга өзгөчө көңүл бурайын деп жатам.

Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад шаары

Бирок облустардын жетекчилигине саясатта, коомдук турмушта анча белгисиз адамдарды дайындоо биринчи жолу болгон жок. Былтыр жыл этегинде Оштун губернатору болуп ага чейин Алай районунда аким болуп турган Таалайбек Сарыбашев дайындалган эле. Эмгек жолун 90-жылдардын башында базардан баштаган, базар башчылык деңгээлге чейин көтөрүлүп, кийин аким болуп иштеген Сарыбашев губернатор болуп дайындалганда сын-пикир айткандар да чыккан.

Андан соң өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө "Аврора" пансионатын жетектеген КСДП мүчөсү Аскат Акибаев, Баткендин башчылыгына Кызыл-Кыянын мэри Абиш Халмурзаев келген эле. Ал эми Таласка өкмөттүн өкүлү катары мурдагы мүлк министри Дайыр Кенекеев дайындалган. Бул адамдардын көпчүлүгү коомчулукка анча деле белгилүү эмес.

Ош облусун бир нече жыл жетектеген, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер агенттигинин мурдагы башчысы Накен Касиев губернатор институту майдаланып кетти деген пикирде. Касиев мындан улам аймактарда бийликтин кадыр-баркы төмөндөп жатканын белгилейт:

- Облус жетекчилери коңшулаш өлкөлөр менен сүйлөшүп, чек ара жана башка маселелерди өз деңгээлинде чечип койсо болот. Учурда ыйгарым укуктуу өкүл катары кимдер гана болбой жатат. Мисалы, Нарынга жөнөкөй айдоочуну губернатор кылган учурлар да болбодубу. Эл билбеген, кадыры төмөн адамдар жетекчи катары келип жатышат. Кадр тандоо маселеси өтө төмөн деңгээлге түшүп кетти. Мен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигин жетектедим, айрым облус жетекчилери менен жолукканда кудай өзүң гана сакта деп таң каласың.

Накен Касиев жер-жерлерде кесипкөй, элге сөзү өткөн аймак башчылары дайындалмайын борбордук бийликтин кадырын көтөрүү кыйын болот деп ойлойт.

Чындыгында эле карапайым адамдар арасында облус башчыларынын кылып жаткан ишин эмес, атүгүл атын да атай албагандар арбын. Буга Бишкектин көчөлөрүндө жүргүзүлгөн сурамжылоо мисал:

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, көпчүлүк учурда өкмөттүн өкүлүн дайындоодо саясий себептер басымдуулук кылууда:

- Аким болобу, айыл өкмөт болобу же өкмөттүн өкүлүбү биринчи кезекте саясат коюлуп жатат. Андан кийин гана экономика, чарба маселелери коюлууда. Тилекке каршы муну четке кага албайбыз. Эми бардык жетекчилер ушундай жол менен келди деп айта албасак да, көпчүлүгү саясий максатта коюлуп жатканы жашыруун болбой калды.

Кыргызстанда саясий адистер жергиликтүү бийлик жетекчилери айрыкча шайлоо алдында өзгөчө мааниге ээ болорун айтып келишет. Саясий күчтөр аймактарга «өз кишисин» алып келүүсү таасирин бекемдөөнүн бир айласы катары каралууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG