Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Ажылык виза менен кармалган ирандыктын иши сотко өттү


Кыргызстанда былтыркы ажылыкты уюштуруу иштеринин чуусу азыр да аягына чыга элек.
Кыргызстанда былтыркы ажылыкты уюштуруу иштеринин чуусу азыр да аягына чыга элек.

Кыргызстандык зыяратчыларга ажылык үчүн берилген визалар менен колго түшкөн ирандык жарандын иши сотко өттү.

Бул тууралуу бүгүн, 10-майда өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди. Былтыр ноябрдын башында “Манас” аба майданынан кармалган ирандык жарандын жанынан 140ка чукул виза табылган болчу. Былтыркы ажылыкты уюштурууда мамлекеттик чиновниктер коррупцияга аралашканы тууралуу фактылар ачыкка чыккан.

УКМКнын маалымат кызматынын билдиришинче, ирандык жаранга көз боёмочулук кылган, жасалма документтерди, мамлекеттик белгилерди, мөөрдү алып жүргөн деген айыптар коюлуп кылмыш иш козголгон:

- Бул кылмыш ишти тергеп иликтеп жатканда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын мурунку төргага орун басары жана дагы төрт Кыргызстандык жаран жоопко тартылган. Алардын экөө камакка алынган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурунку жетекчи орун басары Канат Мурзахалилов ажылык сапарды уюштурууда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жаткан экен. Мурзахалилов УКМКнын абагында эки айча отуруп, кийинчерек баш коргоо чарасы өзгөрүп, үй камагына чыгарылган. Аны жакында эле белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. Окуя былтыркы ажылыкты уюштуруудагы кыңыр иштерди териштирип жаткан депутаттык комиссиянын жыйынына бир күн калганда - 11-апрелде болду.

Мурзахалилов 4-февралда парламент ажылык маселесин жабык карап жатканда ажылыкты уюштуруудагы иштерге президенттик администрация башчысы Эмил Каптагаевдин уулу Кубаныч Каптагаевдин катышы бар деген маалыматты берген деп айтылууда.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” азыр ажылык сапарды уюштуруудагы кыңыр ишти иликтөө уланып жатканын, бирок бул ишке тиешеси бар деп жаткандардын жыйынга келбей жаткандыктан корутунду чыгаруу басаңдап калганын айтты:

- Мен келбегендерди дагы бир жолу чакыралы деп сунуш кылдым. Комиссиянын жалпы жыйынында ошол эле Каптагаевди, Дин комиссиясынын өкүлдөрүн, чакыралы, ажы башчыларын угалы, Коопсуздук комитетинин башчысын угалы дедим. Себеби Коопсуздук комитеттин тергөөчүсү түштүккө барып, үч облуста ажы башчыларын тергеп сурап келген экен. Ошондуктан ажы башчыларды экинчи ирээт сурабай эле, коопсуздук комитетинен маалымат алалы деп сунуш киргиздим. Азыр күтүп жатабыз.

Эмил Каптагаевден эмне себептен комиссия жыйынына келе албай жатканын сурап кайрылганыбызда ордунан таба алган жокпуз. Азыр анын Тышкы иштер министрлигинде иштеген уулу Кубанычбек Каптагевдин ажылыкка байланышкан арызын Бишкектеги Октябрь райондук соту карап жатат. Кубанычбек Каптагаев аны ажылык сапарды уюштуруу иштериндеги коррупцияга аралашкан деп айыптаган Кыргызстан жана Борбор Азия мусулмандары конгресси деп аталган уюмдун жетекчиси Бакыт Нурдиновду сотко берген болчу.

“Азаттык” былтыркы ажылык сапарды уюштуруу иштеринде миллиондогон акчалар кымырылып кеткенин иликтеп чыккан эле.

XS
SM
MD
LG