Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Пакистанда кыйраган учактан 21 адамдын сөөгү табылды


Учак тоолуу аймакта кулаган
Учак тоолуу аймакта кулаган

Кырсык 7-декабрда Исламабаддан 70 чакырымдай түндүктө жайгашкан Хавелиан шаарынан алыс эмес жерде болгон. Учак Читрал шаарынан Исламбадды көздөй бараткан. Pakistan International Airlines компаниясынын маалыматына ылайык, бортто 40тай жүргүнчү жана экипаждын беш өкүлү болгон. Жүргүнчүлөрдүн арасында чет элдиктер да бар экени кабарланды.

Куткаруучулар күйгөн учактан 21 адамдын сөөгүн алып чыгышканы маалым болду.

Рейтер агенттиги күбөлөрдүн айткандарына шилтеме берип учактагылардын баары мерт кеткенин жазды.

Премьер-министр Наваз Шариф федералдык бийликтерге тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.

PIA компаниясына караштуу учак акыркы жолу 2006-жылы кыйраган. Анда Лахор шаарына багыт алган кезде Мултан шаарында кулап, 40тай адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG