Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Кыргызстанда адал азык-түлүктөр тегерегинде талкуулар күч алууда. Бул бизнеспи же идеологиябы? Эмне себептен ишкерлер адал деген атка жамынып, өз товарларын өткөрүп жатышат? "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Талкууга катышкандар: Кыргызстан мусулмандар башкармасынын өкүлү Жоробой Шергазиев, Экономикалык тескөө министрлигинин адал индустрия бөлүмүнүн башчысы Урматбек Жолдошев, “Айкөл Эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов.

“Азаттык”: Адал азык-түлүк, адал оокат деген түшүнүк пайда болгонуна, өтө мода болуп кирип кеткенине аз эле убакыт болду окшойт. Ага чейин деле кыргызда адал деген түшүнүк бар болчу. Бирок ошентсе да адал деген түшүнүктүн Кыргызстанда акыркы маалда күчөгөнүнө кандай кызыкчылыгы бар, идеологиялык жактанбы, же экономикалык жактанбы?

Жоробой Шергазиев: Бул мусулмандар гана таза тамак жейт, башкалар жебейт деген түшүнүк эмес. Исламда эң негизги принциптерден бири – адал. Адал, арам деген мода болуп кетти.

Халал деген арабдын сөзү, биздин тилде адал болуп которулуп, уруксат берилген, мыйзамдуу деген сөздү түшүндүрөт. Идеология дегенде мусулмандар Куранда келгендей, кандай тамактануу жана мусулмандардын тамагы адал, таза болуу сөздөрү айтылып кеткен. Демек Курандагы жана пайгамбарыбыздын сөзүндөгү буйруктарын жана тыйган нерселерин аткаруу бул мусулмандын негизги милдети деп эсептелинет.
Адал таксилерге мусулмандардан башка адамдарды отургузбайт деген шариат жок. Таксини ар бир адам колдонууга боло берет.

“Азаттык”: Эдил мырза, сиз Батыш өлкөлөрүндө көп эле болуп келатасыз. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Европадагы айрым өлкөлөр адал азык-түлүк соода түйүндөрүн жапканга аракет кылып атышат. Эмне себептен деп ойлойсуз? Бул ислам динин жайылтууга бут тосуу аракетиби?

Эдил Байсалов: Батыш эле гана эмес, Жакынкы Чыгыш, Араб, Азия өлкөрүндө да көп болгом. Европада алардын пикири боюнча, койду, же башка жаныбарды сойгондо өтө мыкаачылык катары кабыл алышат. Ошого бөгөт коюу аракетин коюп атышат.

Бирок Европа, Батыш, Чыгыш мындай кылып атат, биз да ошондой кылышыбыз керек дегенге мен каршымын. Биз өзүбүздүн өлкөбүздө жашап атабыз, динибизге, мамлекетибизге ылайык ишибизди жасай беришибиз керек.

Бул суроого мамлекеттин кандай тиешеси бар? Дин менен мамлекеттин ортосунда ажырым бар, мамлекет эч качан динге киришпеши керек, биз өзүбүз билебиз кандай динди тутунушту, кандай тамак жешти өзүбүз чечебиз.

Менин оюмча, бул жерде базар экономикасы болгондон кийин муфтий тарабынан, жалпы соодагерлер, касапчылар болобу, бардыгынын ортосунда ишенич болуш керек. Мамлекеттин эч кандай ролу жок бул жерде.

Көзөмөл жана талап

“Азаттык”: Экономиканы тескөө министрлигинде 2009-жылы адал индустриясы деген бөлүм ачылыптыр, буга чейин мындай бөлүм жок болчу. Бул бөлүм кандай кызыкчылыктан ачылды, адал деген азык-түлүктөн мамлекетке кандай пайда, кызыкчылык бар?

Урматбек Жолдошев: Бүткүл дүйнөдө тамак-аш, фармацевтика, косметика ж.б. тармакта бирдиктүү адал индустриянын дүйнөлүк товар айлануусу 2,1 триллион долларды түзөт. Бразилия, Жаңы Зеландия өлкөлөрү тоок жана кой этин бирден бир экспорттоочу мамлекет болуп эсептелинет.
Чочко союлуп бышырылган идиштерге аны салганга болбойт, дүкөндөрдө сатып атканда экөөнү жанаша койсо да болбойт.

Бүгүн Кыргызстандын рыногунда адал, мусулмандык деген продукцияны талап кылган керектөөчүлөр көбөйүп баратат. Биздин мамлекеттин болгон тиешеси буга экономикалык жана адал индустрияны өнүктүрүү жагында болуп атат. Бүгүнкү күндө Иран мамлекети да биздин этти алып кетүүдө.

“Азаттык”: Демек алар бизде багылган малды адал деп эсептегендиктен алып атышабы?

Урматбек Жолдошев: Биринчиден, адал деп эсептегенден, экинчиден, экологиялык жактан таза деп эсептегендиктен алып кетүүдө.

“Азаттык”: Дүкөндөрдө адал деп жазылган эт, башка азык-түлүк көбөйүп жатат. Бирок алардын курамы биз ишенгендей адал экенине ким көзөмөл кылат?

Жоробай Шергазиев: Кечээ тегерек үстөл өткөрүлүп, муфтиаттын алдында көз карандысыз борбор, же ассоциацияны ачып, келишимдин негизинде көзөмөлгө алынат деп ойлойм.

“Азаттык”: Буга чейин эч кандай көзөмөл жүргүзүлгөн жокпу?

Жоробой Шергазиев: Биздин муфтиатта мындай иштер жүргүзүлбөйт. Себеби адал акыркы мезгилде көбөйүп кетти. Ушуга байланыштуу биздин муфтиатта фатва бөлүмүнө адал жөнүндө талаптар, суроолор абдан көп болуп атат. Ошондуктан борбор ачылса жана ошол көзөмөл жүргүзсө деген ой бар.

“Азаттык”: Демек адал деп сатылып аткан тамак-аш эгерде калп болсо күнөөсү сатып аткандарга калсын деп жей берсек боло береби?
Исламда эң негизги принциптерден бири – адал. Адал, арам деген мода болуп кетти.

Жоробой Шергазиев: Пайгамбардын хадисинде айтылат, адал нерсе да, арам нерселер да ачык билинген. Демек адал менен арам ачык билингенден кийин, малдын кантип союлганын биз билбейбиз. Ошол сатып жаткан адам адал деген болсо, биз ошого ишенип ала берсек болот. Дагы бир хадисинде, кээ бир нерселерди Алла таала силерге жашырып айткан эмес. Аны силер тактыгын билбесеңер издебегиле деген.

“Азаттык”: Мисалы, мусулманчылыкта чочконун этин жегенге тыюу салынат. Бирок ошол эле учурда малдын тирүүлөй мууздалганы адал деп эсептелеби, же чочконун эти салынып кесилген чарага малдын этин салып кескилеп бул малдыкы адал, ал эми тиги чочконун колбасасы деп сата берсе болобу. Бул адал деп эсептелеби?

Жоробой Шергазиев: Жок, ал адал деп эсептелбейт. Себеби мусулмандар койду мууздагандан кийин ал шариат жол менен союлса адал деп эсептелинет. Ал эми чочко союлуп бышырылган идиштерге аны салганга болбойт, дүкөндөрдө сатып атканда экөөнү жанаша койсо да болбойт.

“Азаттык”: Ага ким көзөмөл кылат?

Урматбек Жолдошев: Керектөөчүлөрдүн, өндүрүп чыгаруучулардын, жеке ишкерлердин талаптарына жооп берүүчү малайзиялык стандартты улуттук стандарт катары кабыл алдык. Ал адал продукциясын өндүрүп чыгаруу, кайра иштетүү жана сатуу боюнча жетекчилик документ катары эсептелет. Бул биздин министрлик тарабынан биринчи кадам болуп эсептелинет.

Жоопкерчилик кимде?

“Азаттык”: Эдил мырза, бизге адал индустриясын өнүктүрүү мамлекетке экономикалык жактан кызыкчылык алып келет деп сизди көндүрө алыштыбы?

Эдил Байсалов: Бул боло турган иш. Бирок Экономика министрлигинде өздөрүнө туура эмес ат коюп алышыптыр. Мамлекет тарабынан экспортко көмөк керек болсо камсыз кылышыбыз керек. Бирок этти сойгон, саткан касапчыга ишенич керек. Ал жакта көзөмөл кылуу мүмкүн эмес.
Адалды алып ууланып калса, бул жерде мамлекеттин ролу абдан жогору. Оорубаган малдын этиби, сакталуучу жери кандай, ошону көзөлгө алууда мамлекеттин маанилүү ролу бар.

Диний иштердин үстүнөн көзөмөлдү мамлекетке берип койсок, жеке жашообузга, үй-бүлөлүк турмушубузга да кирип кетет. Ошондуктан дин менен мамлекетти биз аралаштырбайлы. Адал индустрияга мамлекеттик жаңы стандарт киргизилиптир, аны жайылтсын. Бирок мамлекеттин эч кандай тиешеси болбош керек.

“Азаттык”: Бизде түшүнүк бар, эгерде Экономикалык тескөө министрлигинен келип уруксат бериптир деген болсо, анда элде анча ишенич болбой калышы ыктымал, ал эми муфтиаттан барып көзөмөл кылыптыр десе ишенич болобу?

Эдил Байсалов: Албетте мен муфтиатка көбүрөк ишенем.

“Азаттык”: Текшерүү көзөмөл жагын кандай негизде жүргүзөсүңөр?

Урматбек Жолдошев: Экономикалык тескөө министрлиги көзөмөлгө албайбыз, болгону аларга жардам берүү негизинде жумуш жүргүзөбүз. Көзөмөлдү көз карандысыз муфтиаттын алдындагы борбор жүргүзөт.

Эдил Байсалов: Адалды алып ууланып калса, бул жерде мамлекеттин ролу абдан жогору. Оорубаган малдын этиби, сакталуучу жери кандай, ошону көзөлгө алууда мамлекеттин маанилүү ролу бар.

“Азаттык”: Бизде адал такси, адал мейманкага, адал мончо дегенге чейин жайылып кетти. Мисалы адал таксиге отурсаң, жеткиргенге чейин даабат айтып, динден түшүндүрмө берет экен деген сөз бар. Адал мончодо аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө жуунат деген түшүнүктөр болуп атат. Бул эмне, брендди эле пайдаланып акча табышабы?

Жоробой Шергазиев: Исламда шариат боюнча мончого эркектер өзүнчө, аялдар өзүнчө кириш керек. Ал эми адал таксилерге мусулмандардан башка адамдарды отургузбайт деген шариат жок. Таксини ар бир адам колдонууга боло берет. Кээ бир адамдын ислам негиздерин туура түшүнбөгөндүгүндө болушу мүмкүн. Адал деп жазып коюп көпчүлүк таза эмес жерде сатып атканын көрүп атабыз. Бул мода болуп кеткендей болду.

“Азаттык”: Урмат мырза, адал азык-түлүктү кандай максат менен алып жейсиз?

Урматбек Жолдошев: Мен Алланын буйругу катары, экинчиден таза, кийин мага эч кандай зыян алып келбеген азык катары алып жейм.
Идеология дегенде мусулмандар Куранда келгендей, кандай тамактануу жана мусулмандардын тамагы адал, таза болуу сөздөрү айтылып кеткен.

Жоробой Шергазиев: Колбасаны, же тооктун этин алсак, мисалы колбасанын курамында ден соолукка зыян алып келе турган кандай нерселер бар, же тоокко кандай антибиотик колдонсо, ошол кош бойлуу аял жесе, баласына зыян келеби, келбейби дегенди Казакстанга практикага барганда көрүп келдим. Ошондуктан мен үй-бүлөм менен адал тамак-ашты алып жейбиз.

“Азаттык”: Адал индустриясын, же адал азык-түлүктүн мындан аркы да адал экенин күчтөндүрүүгө сиздердин муфтиат, министрлик кандай кадам жасайт?

Жоробой Шергазиев: Муфтиат экономикалык тескөө министрлиги менен биргеликте кандай алып баруу жолунун механизмдерин иштеп чыгуубуз керек. Себеби муфтиат жалгыз күчү жетпей калышы мүмкүн.

Урматбек Жолдошев: Мамлекеттик орган дегенде көзөмөл деген түшүнүк пайда болот. Биз көмөктөшүү да жүргүзөбүз жана Кыргызстанга экономикалык киреше алып келүү максатыбыз бар.

“Азаттык”: Бренд деп кармап алышып эле ошонун пайдасына умтулуп атышпайбы, ошондуктан бизге көзөмөл керек да.

Урматбек Жолдошев: Бул ишти биз диний башкармалык, жеке ишкерлер менен биргеликте жүргүзөбүз. Бирок мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлбөйт.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG