Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Британиянын Legatum Institute изилдөө мекемеси дүйнөдөгү өлкөлөр арасындагы өнүгүү деңгээлин аныктап, 149 мамлекеттин ичинен Кыргызстанды 77-орунга койду.

Өткөн жылдары башка эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан 85-орунду ээлеген. "Бактылуу өлкө" рейтинги кандай чен жана талаптар менен өлчөнөт? Кыргызстан кошуналарына караганда бактылуу болушуна кандай жагдайлар себеп болууда? Мамлекетти ургалдуу өнүккөндөрдүн катарына кошуу үчүн эмне жетишпейт?

"Арай көз чарай" талкуусуна өкмөткө караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Талант Султанов жана Улуттук университеттин социология кафедрасынын доценти Сайкал Жунусова катышты.

“Азаттык”: Талант мырза, дүйнөдөгү көптөгөн эл аралык уюмдар ар жылы 200гө жакын мамлекеттин арасында ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Алардын негизги максаты эмнеде? Ошончо мамлекетте иликтөө жүргүзүү үчүн да оңой эмес бюджет керек го. Ал уюмдардын ишмердүүлүгүн маани-маңызын кантип түшүндүрөр элеңиз?

Талант Султанов: Ооба, дүйнөдө көп өлкөлөрдө эл аралык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Кыргызстан андай иликтөөлөрдүн 40-50сүнө кошулат. Алардын бир топ эл аралык уюмдар каржылайт. Мисалы, Кыргызстандагы айрым иликтөөлөрдү ЮСАИД уюму каржылайт.

Биз элдин менталитети ушундай, “кыргыздар өлүп баратканда да жакшы дейт”.

Бул иликтөөлөр эмне үчүн жасалат? Орустар айтмакчы “маалыматың болсо, курал-жарагыңды камдап аласың”. Мисалы, реформа жасайын деп сурамжылоо жүргүзсөң, аны эл колдосо, өкмөткө да оңой болот. Бул рейтингдерде ар бир мамлекеттер менен салыштырып, өзүнүн орду кайсы жерде экендигин, эмне жетишпей турганын билип алат.

Биздин мамлекет деле кошуналарына, өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу арттабызбы же алдыдабызбы - муну көрүп туруш үчүн бул иликтөөлөрдүн мааниси аябай чоң. Мындай изилдөөлөр элдин оюн туура билиш үчүн да өткөрүлөт.

“Азаттык”: Бул иликтөөлөр держава мамлекеттердин кызыкчылыгындагы, алардын каржылоосундагы долбоорлор десек болобу?

Талант Султанов: Бул жердеги маалыматтар ачык болгондуктан аларга да, бизге да жакшы кызмат кылат деп ойлойм. Мисалы, ЮСАИД уюмунун жардамы менен жыл сайын Кыргызстанда ар кандай маселелерде сурамжылоолорду өткөрүп турат. Алардын жыйынтыктары биздин өкмөт үчүн да өтө пайдалуу.

Биздин мамлекет деле кошуналарына, өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу арттабызбы же алдыдабызбы - муну көрүп туруш үчүн бул иликтөөлөрдүн мааниси аябай чоң.

“Азаттык”: Сайкал айым, аталган илимий мекеме Кыргызстанда билим берүү, ден соолук, экономикалык камсыздоо, эркиндик, социалдык капитал жана айлана-чөйрөнү коргоо багытында жылыштар болгону менен жарандардын коопсуздугун камсыздоо, коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, башкаруу жана бизнес жаатында алдыга чыга алган эмес, деп баа берген. Ушул бизге берилген баа реалдуубу?

Сайкал Жунушова: Дүйнөдө социологиялык иликтөөлөрдү өткөрүүдө бирдей эле ыкмаларды колдонушат. Арийне, ал ыкмага иликтөө жүргүзүлүп жаткан өлкөнүн менталитети, маданияты түздөн-түз таасирин тийгизет.

Американын өзүндө эле 200дөн ашык изилдөө мекемелери дүйнөнүн көп жерлеринде иштешет. Алар биз жөнүндөгү маалыматтарды “биринчи колдон” алып турушат. Мисалы, эл аралык норма, эреже катары саналып калды, коомдук пикирди билүүдө 1500 адамды сурамжылоо эң оптималдуу сан.

Эгер биз Кыргызстандагы ар кандай катмардагы, курактагы 1000 адамдын тегерегиндегилерден сурасак толук картинаны алабыз. Демек, бардык жерде бирдей ыкмада өткөрүлгөнүн эске алсак, бул уюмдун изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына ишенсек болот.

"Азаттык": Кыргызстанда бул жаатта өзүбүздун изилдөөлөр барбы? Алардыкы менен үндөшөбү?

Сайкал Жунушова: Кээде бир аз айырма болот. Дүйнөдөгү держава мамлекеттер, эл аралык уюмдар Кыргызстандагы башка борборлор аркылуу да маалыматтарды алып турушат. Бардык эле иликтөөлөрдө Кыргызстанда өндүрүш калыбына келбегендиги, анын кесепетинен экономика начарлап жатканы ачык эле айтылат. Жеке адамдардын арасында байлар көп болгону менен өлкө жарды экенин айтышат.

Ошол эле учурда кыргыздардын өзгөчөлүгүн айтсак, “жаман жашап жатам” деп эч качан айтпайт. Мындан 20 жыл мурда элдин 50-60 пайызы жакыр деп катталып жатканда эл аралык уюмдар Кыргызстанда социалдык жарылуу болот деп кооптонушкан. Эмне үчүн мындай болууда деп таң калышкан. Биз элдин менталитети ушундай, “кыргыздар өлүп баратканда да жакшы дейт” деп айтканбыз.

Талкуунун толук вариантын видеодон көрүңүз.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG