Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

ВИЧ/СПИДдин тамыры жайылууда


Жыл сайын СПИДге каршы түрдүү акциялар өтүп турат.
Жыл сайын СПИДге каршы түрдүү акциялар өтүп турат.

1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Кыргызстанда бул дартка кабылгандардын саны акыркы он жылда 25 пайызга өскөн.

Буга баңги зат колдонгондордун көбөйүшү, илдеттин жугуу жолдору туурасында маалыматтын жетишсиздиги себеп болууда. Мындан улам эл аралык уюмдар Кыргызстанды ВИЧ/СПИД боюнча маалымат бере турган түйүндөрдү көбөйтүүгө үндөшөт.


Илдетке кабылгандар көбөйүүдө


Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ВИЧ/СПИДге кабылган 3 миң 200дөй адам бар. Алардын 42 пайызга жакыны Ош облусу жана Ош шаарына туура келет. Оорулуулардын 60 пайыздайы баңги зат колдонгондор болсо, 27 пайызы жыныстык жол менен вирусту жуктуруп алгандар. Ошондой эле ооруканадан чалдыгып, энесинен баласына жуккан учурлар да бар.

Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов соңку жылдарда ВИЧке чалдыккандар көбөйүп жаткандыгын билдирип, себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биз баңги заттарды ташуучу жолдун ортосунда турабыз. Мындан улам баңги колдонгондор көбөйүп жатат. Алар эрежелерди сактабайт. Айрыкча түрмөдөгү кишилердин арасында көп болуп жатат. Андан тышкары бул ооруга чалдыккандар Ош облусу менен Ош шаарында көп. Ошондой эле республикадагы бүт аймакта бул оорунун катталганы бар. Негизинен Чүй облусунда, Бишкек шаарында, Жалал-Абад облусунда катталгандар арбын.

Кыргызстанда оорунун энеден балага жуккан учурлар ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын эки пайызын түзөт.
2000-жылы Кыргызстанда ВИЧ/СПИД илдети менен 53 учур катталса, 2005-жылы 171 адам ооруга кабылган. 2010-жылдын ичинде эле адамдын иммундук жетишсиздигине алып келген вирусту 687 адамга жуктуруп алган.

Адистердин баамында, катталбаган оорулуулар менен катар эле СПИДге чалдыкканын билбегендер да арбын болушу мүмкүн.

Кыргызстанда донор катары кан бергендердин арасынан жыл сайын онго жакын адамдын канында бул вирус табылат экен. БУУнун ВИЧ/СПИД программасы боюнча өлкөдөгү координатору Дамира Бийбосунова БУУга мүчө болгон өлкөлөрдүн ичинен Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда бул оору тамырын жайып жатканын белгилеп, абал көңүл жылытарлык эмес экендигин айтып берди:

- Биз дүйнө жүзүндө СПИДдин өсүшү 25 пайызга көбөйгөн өлкөлөрдүн катарына киребиз. Бул беш өлкө: Грузия, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан. Бизде алдын алып, профилактика кыла турган программалардын сексен пайызы чындап муктаж болгон катмарга жетпей жатат.

Дамира Бийбосунова маалымдагандай, Кыргызстан баш болгон Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө СПИДге кабылгандардын 60 пайызга жакыны ооруну жуктуруп алганын билишпейт. Дарылоо каражаттарынын жетиштүү болгонуна карабастан, оорулуулардын 19 пайызы гана дарылоо курстарынан өтүп келишет.


Дарылануудан баш тарткандар бар


Мындай көрүнүш Кыргызстанга да мүнөздүү болуп, СПИДге чалдыккандардын көпчүлүгү ачыкка чыккысы келбейт. Коомчулукта оорулууларга жасалган орой мамиле да илдетти жуктуруп алгандарды оорусун жашырууга түртөт. Өзгөчө баңги зат колдонгондор, секс-бизнес менен алектендер бул ооруга көп кабылып, алар ачыкка чыгууну дээрлик каалашпарын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы координатору Салия Карымбаева тастыктайт:

- Дарылануудан өткөндөрдүн аз болушу баңги затты ийне аркылуу колдонгондордун даарылануудан баш тартткандыгына байланыштуу. Алар дарылоо курстарынын талаптарын аткарбай жатышат. Көбүнүн буга ниети жок болуп жатат.

Кыргызстанда ар бир аймакта СПИД борборлору иштеп келет. Ошол эле учурларда өлкө аймагында 53 ийне алмаштыруучу түйүндөр бар. Окуу жайларда түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлгөнүнө карабастан, өлкөдө оорунун таралышын токтотуу мүмкүн болбой келет. Мындан улам эл аралык уюмдардын өкүлдөрү калкка маалымат берүүнү колго алуу маселесин көтөрүшүүдө.

БУУ системасынын Кыргызстандагы туруктуу координаторунун милдетин аткаруучу Расмус Егендал оору тууралуу маалымат берүүчү институттарды өнүктүрүү керектигин билдирди:

- Кыргызстанда бул маселе менен күрөшүү оңой эмес. Анткени көпчүлүк оорулуулар оорунун маанисин көп учурда түшүнө беришпейт. Бул маселени чечүүгө каражат жетиштүү. Бирок бул багытта иш алып бара турган атайын институттарды көбөйтүп, өнүктүрүү керек.

Адамдын иммунитетинин начарлашына алып келген ВИЧ/СПИД оорусу акыркы жыйырма жылдыкта дүйнө жүзүндө эпидемиялык деңгээлге өсүп жеткен. Бул оорудан Кыргызстанда ушул маалга чейин 540ка жакын адам көз жумган. Дүйнөдө болсо жыл сайын эки миллиондон ашык адам өмүрү менен кош айтышат. Дартты басаңдатууга жардам берген бир катар даарылар чыгарылганына карабастан, оорудан толук айыктыруучу каражаттар табыла элек.

"Азаттыктын" тасмасы: Үмүт шамы

Мындан үч жыл илгери Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда ооруканадан кишинин имун-таңкыстык вирусун (ВИЧ) жуктуруп алган ымыркай балдардын алды учурда беш жашка, арты үч жашка чыгып калды.

XS
SM
MD
LG