Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

Саламаттык сакчыларынын ишмердиги тууралуу эл арасында терс пикирлер басымдуу. Кээде ак халатчандарды жаны ачыган бейтаптар менен алардын жакындары тилдеп, кол көтөргөн учурлар да кездешет.

Жылдын 365 күнүндө 24 саат бою тыным билбеген тез жардам кызматынын оперативдүү бөлүмүндө иштеп, телефондон элге жооп берип, чакырууларды кабыл алган медицина кызматкерлери ар кандай сөгүш, каргыштарды күн сайын угушарын айтышат. Телефондо отурган ак халатчандарга айтылган орой кайрылуулардын бирөөнө күбө болдук:

- Эже, эмне мынча трубканы кеч аласыңар? Силерге эмне адам өлүп жатса деле бир тыйынбы? Мындай болбойт да, тез жардам деген 10 мүнөт ичинде келиши керек! – деп кыйкырган жаш кызга адистер машине жетишпей жатканын айтып актанып жатышты.

Бул кызматтын башкы адиси Бактыгүл Аралбаева айрыкча акыркы мезгилде элдин маданияты өтө төмөндөп кеткенин айтты:

Бактыгүл Аралбаева

Бактыгүл Аралбаева

- Иштегениме 40 жыл болуп калды. Азыркы менен өткөндү салыштырып болбойт, айырма асман менен жердей. Мурда адамдар сабырдуу эле, ак халатчан келсе сылык-сыпаа мамиле кылчу. Азыр антмей жок. Дароо эле кыйкырып киришет. “Каякта жүрөсүңөр? Телпейип эмне кылып жатасыңар? Кана тез жардамыңар?”- дешет. Кээде барсаң, “силерди чакырган эмеспиз, мага эми башка врачты бергиле” дегенге чейин барышат. Биздин ыкчам жардам көрсөтүү тобубуз бар. Алар чакырууларды кабыл алышат. Эми ал жерде отургандар деле тирүү адамдар да. Бир күнү ооруп калат же үйүндө кыйынчылык болот. Ага деле карашпайт. Кичине эле үнү көтөрүңкү чыкса ашатып сөгүп, каргап киришет.

24 саат бою тынымсыз эл менен иштеген тез жардамдын адистери сөгүш укканына, таяк жегенине карабай баңгимандын да, аракечтин да үйүнө барат, ар кандай кандуу ок атышууларда жанын оозуна тиштеп жарадарларга жардам көрсөтөт. Бирок жарандардын соккусуна кабылса да, алардын укугун коргой турган мыйзам иштебейт. Маселен тартип сакчылары үчүн мыйзамда атайын укуктук нормалар каралып, аларга кимдир бирөө кол салса дароо кылмыш иши козголуп, камакка алынат. Ал эми ак халатчандарды сабап, опузалаган күндө да кылмыш ишин козгоо бир топ убакытты талап калат. Саламаттык сакчылары милиция сыяктуу табелдик курал да алып жүрө алышпайт:

- Эми кокус кызуу кандуулук менен ошол эле куралды туура эмес колдонуп алса, кимдир бирөө зыян болуп калса кайра эле врачтарды убара кылышат да. Табелдик курал деген оюнчук эмес, - дейт Б. Аралбаева.

Ал эми бул кызматтын тейлөөсүнө карата атуулдардын пикири да ар башка. Маселен Бишкектин Ак-Тилек жаңы конушунун тургуну Сабира апа өз нааразылыгын мындайча билдирди:

- Телефон чалсаң орусча сүйлөшөт. Ооруну кыргызча түшүндүрсөң такыр укпайт. Иши кылып күнүң түшпөсүн буларга. Дарегиңди айтсаң билбейт. Эми жаңы конуштардын пайда болгонуна көп эле болду. Ага карабай, бизге келгиче 1 сааттан ашык убакыт өтөт. Азыр эми ар бир үйдө машине болуп жакшы. Керектүү ооруканага өзүбүз эле жетип алабыз. Тез жардамдын номурун деле билбей калдым мен.

Акыркы мезгилде жеке эле Бишкекте эмес, аймактарда да машиненин көптүгүнөн оорулууга шашып бараткан ак халатчандар бир катар кырсыктарга учураган. Мындан бир нече ай мурда баш калаабызда кош бойлуу аялды алып бара жаткан тез жардам кызматы жол кырсыгына кабылып, курсактагы наристе жарыкка келбей жатып жашоо менен кош айтышкан. Ал эми тез жардам машинесинин айдоочусу соттук териштирүүлөрдөн улам саламаттыгы начарлап көз жумду.

Медкызматкерлерге карата жасалган зомбулуктар мыйзамда “бейбаштык” деген гана берене менен каралат. Акчалай айып пулу да өтө жогору эмес. Соккуга учураган ак халатчан укугун коргогусу келсе көптөгөн чыгымга учурап адвокат жалдап, бир нече ай тартип коргоо мекемелеринде жүрүшү керек. Андыктан бул маселелер көбүнесе жабылуу бойдон калууда.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG