Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Бишкекте кенеге чактырып алгандар көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө Бишкекте 136 адам кенеге чактырып алып, жардам сурап кайрылган. Мамлекеттик эпидемиялогиялык көзөмөл кызматынын Бишкек шаардык мите курттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Жыпара Ашакеева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Ушул убакытка чейин кенеге чактырып алган канча факт катталды?

- Бүгүнкү күндө биз 136 адам кенеге чактырып алгандыгы тууралуу шашылыш билдирүү алдык. Андан сырткары бизде ушул боюнча атайын энтомолог дарыгерибиз бар. Ага так маалымат боюнча 111 адам келип кайрылды. Бул апрель айынын башынан бүгүнкү күнгө чейинки сан.

- Көбүнчө кене каяктан жармашып, чагып атат? Биринчи чагып алган учурда эмне кылыш керек?

- Азыр бизге кайрылгандардын көпчүлүгү майрам күндөрүндө Кегети капчыгайларында эс алгандар экен. Дем алыш, майрам күндөрү эс алышкан экен. Кичинекей балдарын чаккан экен.

Негизи азыр кенелердин активдүү убагы. Бул март айынан башталып, июнь айынынын ортосуна чейин уланат. Бизде атайын контингент болот: дарыгерлер же практикада жүргөн студенттерди эмдеп, дарылайбыз.

Тоого чыкканда ачык түстөгү, жеңи узун, узун шым кийип, бутуна ачык эмес бут кийим кийиш керек. Кайсы бир убакыт өткөндөн кийин бири-бирин карап, "кене чаккан жокпу" деп текшерип туруш керек.

Адистер бактуу жерлерде баш кийим менен жүрүү керектигин эскертишет
Эгер денесинен кенени таап калса, тоого чыккандар сөзсүз тамак жасашат, суу май алып барышат дегендей, ошол майдан бир тамчы кенеге тамчылатыш керек. Кене жармашып, жөндөн жөн эле түшүп калбайт. Ошол жерге жипти байлап, май тамгандан кийин кенеге аба жетпей калат дагы акырын буттарын, тумшугун бошото баштайт. Эгер дароо чыгарам деп, катуу тартып алса тумшугу денеде калып калат. Ошондуктан жипти акырындап кыймылдатып отуруп анан чыгарыш керек. Ага жарым саат, бир саат убакыт кетет.

Чыгарылган кенени кичинекей бөтөлгө же пакет салып бизге алып келишет. Биз анын түрүн аныктап беребиз. Эгер энцефалиттик болуп калса, анда кене чаккандан төрт суткага чейин убакытта сөзсүз түрдө иммуноглабулин алганга жиберебиз. Эгер андан ашып кетсе кандын анализи аркылуу аныктайбыз.

Отуз күнгө чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда тиешелүү врачтарга каттоого турат. Ушул убакыт аралыгында эртең менен, кечинде температурасын текшертип турат.

- Демек кене чагып алгандан кийин сөзсүз дарыгерге кайрылыш керек турбайбы?

- Ооба, сөзсүз кайрылыш керек. Бул кене энцефалит оорусуна алып келиши ыктымал.

- Оорунун биринчи белгилери кандай, кантип билсе болот?


- Кене чагып алгандан кийин кене энцефалит оорусу дароо эле пайда болбойт. Ал бир күндөн отуз күнгө чейинки убакытта ооруп калышы мүмкүн.

Негизинен 20, 14 күндүн аралыгында ооруп калат. Мында адамдын температурасы көтөрүлөт. 38-39 градустан түшпөй турат. Адам аябай катуу алсырайт, алы кетет. Бул ооруп аткан адамдын эсинде абдан жакшы калат. Мурда кенеге көп көңүл бурчу эмеспиз. Кийин маалымат каражаттарында көп чыгылдырылгандыктан адамдар абдан көп кайрылып атышат.

- Шаардын өзүндө да көбөйүп, бак-дарактардын түшүп атат деген маалыматтар айтылып атат. Негизи эле кененин чагып алуусун алдын алчу иш-чаралар өткөрүлөбү, дарылар себилип дегендей?

- Шаардын өзүндөгү кенелерди биздин энтомологдор карап көрүшкөн. Кене энцефалит оорусуна алып келбейт, мындайча айтканда коркунучсуз деп айтсак болот. Бирок кене чакканда коркуу сезими пайда болот да.

Шаарда алты эс алуу багы бар. Аларда санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп, атайын заттарды чачуу тапшырмасын бергенбиз. Ошентсе да кене чагып алган болсо бизге келип кайрылышсын.

Тасмада: Кенелерден сак болгула!

Күн ысыган сайын сейил бактарда, шаардын чет жакаларындагы бактуу, дарактуу жайларда кенелердин саны көбөйүп, эс алууга чыккан шаар тургундарынын арасында денесин кенеге чактырып алгандар көбөйүп жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG