Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:47

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу курсагындагы түйүлдүктү бойдон алдырган аялдарды административдик жазага тартуу демилгесин көтөрүп чыгышты.

Адистер мыйзамга мындай жобо кирип калса, бойдон көмүскө алдыргандардын саны өсүп кетет деп тынчсызданып жатышат. Болжолдуу маалыматтар боюнча Кыргызстанда төрөт курагындагы аялдардын ар бир онунчусу бойдон алдырат.

Жогорку Кеңештеги Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев баштаган депутаттар тобу “Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө” мыйзамдын 37-беренесине өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда.

Демилгечи депутаттардын бири Нуркамил Мадалиевдин айтымында:

- Колдонуудагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип атабыз. Мыйзамда жасалма жол менен бойдон алдыруунун социалдык учурлары белгиленген. Алсак, боюнда бар кезинде күйөөсү өлүп калса, ажырашып кетсе, багууга шарты жок болсо жана башка себептери мындан алты жыл мурун белгиленген экен. Баш-аягы 10 пункт бар. Бирок бул бир эле боюнда бар аялдар менен эмес, катардагы жарандарда болчу көйгөйлөр деп ойлойбуз.

Иллюстрация

Иллюстрация

Демилгечи депутаттар бойдон алдырууга уруксат тубаса оорулуу бала төрөлүп калышы ыктымал болгондо жана зордуктоодон улам бойго бүткөн учурда гана берилиши керек деп, муну шарият мыйзамдарына да байлап жатышат.

Дин таануучу Самаган Мурзуибраимовдун айтымында, түйүлдүк пайда болгондон 40 күнүндөн баштап адам болуп эсептелинет.

- Европада мураскор деген түшүнүк болсо, ислам дининде бала түйүлдүктө бүткөндөн баштап ал адам катары кабылданат. Демек, тирүү адам катары төрөлүшү керек. Бирок эки гана учурда бойдон алдыруу жүйөлүү катары эсептелет. Бул ымыркай кийин адам болуп кетүүсүнөн күмөн жаратып жатса, эненин төрөт маалында өлүп калуу коркунучу болуп жатса же зордукталган учурда.

Депутаттар ошентип, өз долбооруна ушул шарттардан тышкаркы кадамдарга барган аялдар 1500 сомдон 2000 сомго чейин айып пул төлөшү керек деп жатышат.

Адистер, дарыгерлер арасында бул мыйзам долбоору колдоо тапкан күндө деле анын иштеп кетишинен күмөн саноо күч. Эне-баланы коргоо улуттук борборунун башчысы Камчыбек Узакбаевдин айтымында, анын аткарылышын көзөмөлдөө кыйын, анткени аборт жеке клиникаларда көп кездешет:

- Бизде медициналык көрсөтмөсү болсо алдырат. Бирок салыштырмалуу социалдык себептерге байланыштуу абдан аз жасалат. Керек болсо 1 пайызын түзөт деп айтса болот. Анткени жеке ооруканаларга баргандар эле канча? Так санын айтуу кыйын. Ошондуктан мыйзам менен көзөмөлдөө оор болуп калат го.

Дарыгердин айтымында, өлкөдө кош бойлуулуктун 70 пайыз учуру бойдон алдыруу менен аяктайт. Азыр түйүлдүктөн кутулуунун түрдүү ыкмалары бар. Анын ичинде дары-дармектерди колдонуу аркылуу бойдон түшүрүү эбактан бери эле калыптанып калган ыкмалардын бири.

Кордоо эмес, коргоо керек

Тажрыйбалуу гинеколог-адистер болсо үй-бүлөнү, баланы пландоого социалдык шарттар түзүлүп, мамлекеттик камкордук жетиштүү көрүлмөйүнчө, бойдон көрүнөө жана көмүскө алдыруу кала берерине бекем ишенишет. Ошондуктан саясатчылар ансыз да аргасыз бойдон алдырып келаткан аялдарга кошумча моралдык-материалдык чыгым жүктөөнүн ордуна аларды коргоого алуу керектигин айтышат. Бишкектеги ооруканалардын биринде иштеген гинеколог Бактыгүл Анарбекова:

- Бизге эми көбүнчө так ушул социалдык көйгөйүн айтып, бойдон алдырууга мажбур болуп жатканын билдиришет. Жашоонун кымбатчылыгынын айынан курсактагы баланы кантип багам, андан көрө алдырып салайын деп да келишет. Беш кол тең эмес да. Андан көрө социалдык жактан коргоо жагын карашса болмок.

Эксперттердин баамында, ушул өңдүү демилгелердин чыгышына жыныстык мамиле түзүү, үй-бүлөнү пландоо жаатында адистердин агартуу иштерин жетиштүү жүргүзбөгөндүгү, аялдардын өздөрүнүн сабаттуу болбой жатышы да өбөлгө түзүүдө. Бишкектин тургуну буларды айтат:

- Кокустан бойго бүтүп калып, алдырууга туура келген. Кичинекей эки балам бар болчу. Аларды чоңойтуп, күчкө толуп алып кайра төрөйүн дегем. "Ошону туура эмес эле кылыптырмын" деп кээде ойлонуп кетем. Эми анда биз түшүнчү эмеспиз да. Жашпыз, сурагандан уялабыз дегендей. Азыр деле ошол сабатсыздык дагы деле бар. Сактанбай жүрүп акыры бойго бүтүп калып жатпайбы.

Азыр иштеп жаткан мыйзам боюнча саламаттык сактоо мекемелери бойдон алууну аялдын каалоосуна жана социалдык көрсөткүчтөргө жараша ишке ашырат. Социалдык көрсөткүчтөрдү саламаттык сактоо мекемеси аныктайт.

Кыргызстанда бойдон алдыруунун так эсебин аныктоо мүмкүн эмес. Айрым изилдөөлөрдүн негизинде чыгарылган божомолдорго караганда ар бир онунчу аял бойдон алдырат. Акыркы жылдары бойдон алдыргандар арасында 15 жаштан 24 жашка чейинки кыз-келиндердин катары өскөндүгү тууралуу маалыматтар бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG