Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

Июнда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Сары-Жаз айылдык округунда кара тумоо илдетин алып жүргөн кемирүүчүлөр табылды.

20-кылымдарда эле жоголду деп айтылган кара тумоого (чума) жыл сайын дүйнөдө 900дөн 5400гө чейин адам кабылат. Коркунучтуу эски илдет Кыргызстанда кантип пайда болду деген суроого Санитария, ветеринария жана фитосанитардык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциянын санитардык башкармалыгынын башчысы Бүбүжан Артыкбаева жооп берди.

“Азаттык”: 20-кылымда эле биротоло жок болду деген кара тумоо илдети Кыргызстанда кандайча пайда болду?

Бүбүжан Арыкбаева: Республикалык карантинге алынчу жана өтө кооптуу инфекциялар борбору бар. Алардын отряддары жылда мурун кара тумоо болгон жерлерге текшерүүгө чыгышат. Алар талаа шартында 4 суур жана 1 келемиш сымал кемирүүчүдө кара тумоо табылды деп алып келишти. 3-июлда аталган борбордун лабораториясына алып барышып, кара тумоо бар экени тастыкталды.

“Азаттык”: Анын жайылып кетүү коркунучу жокпу, кантип алдын алса болот?

Бүбүжан Арыкбаева: Азыр аң уулоонун сезону. Ошол кара тумоо табылган жердеги мергендерге биздин райондор аралык инспекциянын кызматкерлери эскертүү баракчаларын беришти, жеринде алар менен иштешип жатышат.

Мен башында айткан биздин отряддар болсо илдет табылган аймактарга бүгүн барышат, өздөрүнүн атайын иш-чаралары болот, ошолорду кылышат. Илдет табылган жерде бир жол кеткен кокту бар экен. Азыр ошол жерге өтмөк коюп тосуп жатышат.

Райондо болсо биздин райондор аралык инспекциябыз, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, карантинге алынчу жана өтө кооптуу инфекциялар борборунун отряддары бар. Алар баары чогуу иштеп жатышат.

“Азаттык”: Ак-Суу районунан башка жактарга таркап кеткен жокпу?

Бүбүжан Арыкбаева: Жок, чыккан жок. Бирок баары бир аң уулоо мезгилинде абайлоо керек. Ал жерде чет өлкөдөн келгендер бар экен, аларга да айтылды. Эл арасында кашкулакты майы үчүн уулап жатышпайбы. Биз эскертүүнү жада калса Нарынга чейин жибердик.

“Азаттык”: Кара тумоо негизи кандай илдет, коркунучу канчалык?

Бүбүжан Арыкбаева: Албетте элди коркута бергенде болбойт. Бирок таркалуучу чөйрөсү чоң эле да. Кемирүүчүлөр аркылуу малга, адамга жугушу мүмкүн. Ошондуктан буйруса бардык кызматтар биригип, алдын-алуудабыз.

Кара тумоону бир гана кемирүүчүлөр эмес, койон сымалдар, малга кончу майда чымындар, адам кенелери да алып жүрөт. Ал кара тумоонун таякчалары аркылуу жугат. Кара тумоо менен ооруган малдын терисин иштетүүдө, этин жегенде жана сүтүн ичүүдө жуктуруу коркунучу бар.
XS
SM
MD
LG