Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Рак оорусу жашарып баратат


Кыргызстанда адам өмүрүнө коркунуч келтирген илдеттердин ичинен онкологиялык оорулар экинчи орунда турат. Айрыкча ашказан рагына чалдыккандар көп жолугуп жаткандыгы айтылууда.

Кыргызстанда онкологиялык оорулардын ичинен ашказандын шишик оорусу биринчи орунда турат. Улуттук онкология борборунун ашказан оорулар боюнча дарыгери Элмира Абдышева айрыкча жаштардын арасында бул дартка чалдыккандар көп болуп жатканын айтат:

- Мурда улгайган адамдарга "текшерүүдөн өтүп тургула" деп айтчу элек. Азыр болсо жаштардын арасында рак оорусуна кабылгандар көп болуп жатат. Ооруканага кайрылгандардын арасында 17 жаштагылар, 30 жашка чейинкилер бар. Мындайча айтканда рак жашарып баратат.

Сокулук районунун тургуну Жумабек бир жылдан ашык убакыт гастрит оорусунан дарыланып жүргөн. Ага өткөн жылдын ноябрь айында ашказандын шишиги деген диагноз коюлуп, операция болгон экен:

- Ашказаным чыдатпай ачыштырып ооруп, тамак ичсем кусуп жүрдүм. Улуттук ооруканада дарыланып жүргөм, ал жерден гастрит деп айтышкан. Ноябрь айында онкология борборуна которушту, бул жерден ашказандын шишик оорусу деген диагноз коюшту. Анан операция болдум, ашказанымдын төрттөн үч бөлүгүн алып койду. Азыр үчүнчү химия терапия алып атам, дагы 2 жолу аласың дешти. 2-3 саатта бирден аз-аздан тамак ичип калдым.

Борбордун абдоминалдык жана жалпы онкология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Сүйүтбек Дөөлөтбеков ашказандын рак оорусуна кабылгандарда пайда болуучу алгачкы белгилерге мындайча токтолот:

- Оорулуу арыктай баштайт. Өзүнө билинбесе да тегерегиндегилерге арыктаганы байкала баштайт. Экинчиден, табити начарлайт, көбүнчө эт азыкка, балыкка табити тартпай калат. Үчүнчүдөн, каны азая баштайт. Ошондо жакшылап текшерилип, көңүл буруш керек. Дагы бир белгиси: жумушка болгон көңүлү начарлап, кишилер менен сүйлөшкүсү келбей, эч нерсеге көңүлү келбей калат.

Республика боюнча ашказандын шишиги менен жылына 600дөн ашык оорулуу каттоого алынат. Жыл аралыгында алардын 85,1 пайызы каза табат. Мындай статистикалык көрсөткүчтү борбордун эпидемиология жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Энвер Соодонбеков “Азаттыкка” билдирди.

Оорулардын көп болуп жатышын адистер экологиянын бузулушу, социалдык-экономикалык оор абал жана эл арасында стресстин көп болуп жатышы менен түшүндүрүшөт. Онкологиялык илдетке чалдыккандардын дээрлик бардыгы оору өтүшүп кеткенде ооруканага кайрылышат. Андай бейтаптар көп учурда оорудан толук сакайып кете албай калышат.

Саламаттык сактоо тармагы адам өмүрүнө коркунуч келтирген бул илдетти алдын алуунун негизги жолун онкологиялык борборду медициналык заманбап шаймандар менен жабдуудан көрөт.

Бул жылы борборго Жапония 4 заманбап жабдык берди. Борбордун башчысы Накен Касиевдин айтымында, бул жабдыктар онкологиялык ооруларын эртерээк аныктоодо жардам берет. Анткен менен борбордо дагы көптөгөн жабдыктар жетишпейт:

- Бизде маммографтар союз убагында ар бир облуста бар эле, анын баары керектен чыгып калган. Биздин борбордо да эски аппарат турат. Андан тышкары диагноз коюучу эндоскопиялык шаймандардын жетишсиздиги байкалат. Мисалы, хирургияда күнүнө 30-40 операция болот. Ал жерде наркоздук, дем алуу шаймандар жетишпейт. Бүгүнкү күндө бул жагынан биз арттабыз.

Ушул тапта Улуттук онкологиялык борбордо 25 миң адам каттоодо турат. Жылына борборго 6 миңге жакын адам кайрылат. Бир жыл аралыгында алардын 2 жарым миңден ашыгы каза табат.

Бул илдетти алдын алуу үчүн 30 жаштан өйдө курактагылар жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп туруусу зарыл. Рак деген ат менен белгилүү илдеттен өмүрдү сактап калуунун жолун дарыгерлер алдын алуудан, өтүштүрбөй догдурга кайрылуудан көрүшөт.

XS
SM
MD
LG