Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:01

Кыргызстанда жылына 16 жашка чейинки 200гө чамалуу бала рак дартына чалдыгат. Алардын көпчүлүгү уран калдыктары көмүлгөн, ошондой эле пахта, тамеки өндүрүүгө байланышкан, экологиялык кесепеттер орун алган түштүк жергесинен келип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн жетекчи-адиси Дамира Байзакова билдирди.

"Азаттык": Мындай коркунучтуу илдетке наристелердин көп чалдыгып жатышынын себеби эмнеде?

Дамира Байзакова: Бизге ооруга чалдыккан балдардын көпчүлүгү түштүк жергесинен келип жатат. Илгери 15 жыл мурун пахта өткөрүүдө дефолиант деген химиялык заттар пайдаланылчу. Анан уран калдыктары көмүлгөн жайлар, тамеки деген бар.

Азыр негизи эле экология маселеси курч болуп турат. Бишкек шаарында май куйуучу жайлар көп. Булардын баары боюнда бар аялдардын, жаш муундардын ден соолугуна аябай терс таасир этип жатат.

"Азаттык": Рак оорусун алдын алуу, дарылоо үчүн көп эле жаңы дары-дармектер пайда болду. Чет мамлекеттерден келип эле жатат. Ошолордун баары эле ооруга даба болуп жатабы?

Байзакова: АКШ, Европадан жакшы сапаттагы дарылар келет. Ал эми Индия, Кытайдын дарыларынын сапаты төмөнүрөөк.

Негизи жаш келиндер боюнда бар кезде өздөрүнө жакшы карабай жатат. Балдарын эмчектен өтө эрте чыгарып, өздөрү мигрант болуп чет жактарда жүрүшөт.

"Азаттык": Ракка кабылган балдардын саны азыр өсүп жатабы? Мурунку жылдар менен салыштырганга кандай айырма бар?

Байзакова: Мисалы 2000-жылдарда мындай илдет менен 100 бала катталчу. Былтыр 170 бала катталды. Менимче, азыр эки жүзгө чукул бала оорушу ыктымал. Алардын 30 пайызы дарыланганы келе албай калды же диагнозу туура эмес коюлуп, чарчап калышы ыктымал.

"Азаттык": Бул илдеттин белгилерин алдын ала кантип байкоого болот? Дароо эле билинеби?

Байзакова: Аялдар кош бойлуу учурунда гемоглобинди карашпайт. Бул курсактагы балага абаны жеткирбей кыйнайт. Бул нерсе баланын ден соолугуна кедергисин тийгизет. Мисалы Англиянын адистеринин айтымында, эгер бала вирустук инфекциялар менен көп ооруса, ак канга чалдыгышы мүмкүн. Бала ооруп калаар замат дарыгерлерге көрсөтүү керек. Бизде болсо бир-эки ай үйүндө алып жата беришет. Анан баспай калган учурда гана алып жөнөшөт.

Ак кан болуп ооруп калганда баланын температурасы түшпөй калат. Өңү купкуу болуп, буттары ооруп, бездери чоңоюп кетет. Рактын түрлөрү бар. Мисалы, көздүн рагына чалдыкканда ооруган көз начар көрүп, андан нур чыккандай болуп турат.

"Азаттык": Аялдарда гемоглобин начар тамактангандыктан пайда болот дешет. Демек бул социалдык оорубу? Анда бул илдетке аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары көбүрөөк кабылабы?

Байзакова: Ооба, бүгүнкү күндө оору социалдык жагына ооп бара жатат. Бирок начар жашагандарда гана болот деп да айтуу кыйын. Анткени кээде бардар үй-бүлөнүн деле балдары ооруп калып жатат. Бул генге байланыштуу да болушу ыктымал.

"Азаттык": Оорунун көбөйүп кетишине туура эмес диагноз да себеп болгон учурлар болобу?

Байзакова: Ооба, андай учурлар көп. Мисалы, кээ бир дарыгерлер муну билбей калып, кургак учук, ревматизм деп диагноз коюп алып дарылай берген учурлар болот. Качан бала такыр баспай калып, мурдунан кан токтобой кете баштаганда гана рак экен деп бизге кайрылышат.

Элүү пайыз ата-энеси кеч алып келгенинен, 50 пайызы туура эмес диагноздун кесепетинен оору өтүшүп кетет. Тилекке каршы бизде болгону бир гана бөлүм бар, ал да өтө тар. Мамлекет жакшы көңүл бурбайт. Дары-дармек, жабдуулардын көпчүлүгүн эл аралык фонддордун жардамы менен алабыз.

"Азаттык": Бир курс дарылоо канча турат жана ошону менен толук айыгып кетүүгө болобу?

Байзакова: Мисалы, ак кан болгон 5 жаштагы баланы дарылоого 4-5 миң доллар кетет. Бала эки жыл дарыланышы керек. Өз учурунда дарыланса, 70-80 пайыз балдар изи жок айыгып кетишет.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG