Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

Кыргызстанда бала өлүмү азайды


Кыргызстанда беш жашка чейинки балдардын өлүмү акыркы жылдары азаюуда. Буга жеке эле дарыгерлердин өз убагында наристелерге эмдөө жүргүзүп, атайын улуттук программалардын ишке ашып жатканы эмес, акыркы мезгилде кыргыз жаштарынын билиминин өскөнү себеп болууда дешет адистер.

Бирок балдардын өлүмү таптакыр эле жок деп айтууга болбойт. Айрыкча 2013-жылдын алгачкы 6 айында Ош, Ысык-Көл аймактарында бирге толо элек балдардын чарчап калуусу көп катталган.

25 жаштагы Айгүл туңгучун 2008-жылы төрөгөн, эми азыр ал экинчи наристесин күтүп жатат. Айгүл болгон күчүн аябай, ай-күнүнө жеткиче кийим тигүүчү цехте иштеп, наристесин эч нерседен кем кылгысы келбейт. Ошентсе да алдыда боло турган төрөттөн сүрдөп жатканын жашырбайт. Жеке эле психологиялык жактан эмес, ал мындай кубанычтуу окуяга материалдык жактан да кам көрүүдө:

- Төрөт үйүнө даярданганы 5-6 миңдей кетет деп ойлоп жатам. Анткени биринчи баламда да 7-8 миң сомго даярдангам. Анан дарыгер менен өзүнчө сүйлөшүп койбосок, кыйналып калат экенсиң, жакшы карабайт экен. Биринчи баламда ушунун баарын көргөм.

Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 140 миң наристе төрөлөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, 2013-жылдын акыркы алты айында чарчап калган наристелердин көрсөткүчү миң баланын ичинен 21 болгон. Алардын өлүмүнүн башкы себеби энелердин кош бойлуу кездеги саламаттыгынын начар болуусу дешет адистер. Бирок Кыргызстандагы энелер жогорудагы келин Айгүл сыяктуу бойкат учурда эс алып, ичиндеги балага кам көрүү деген түшүнүктөн оолагыраактай.

Чүй облусундагы Төмөнкү-Ала-Арча айылынын үй-бүлөлүк дарыгери Айнура Аманбаева мындай дейт:

- Паталогия болгон үчүн көп балдар ара төрөлүп калып атпайбы. Эми бир четинен дарттар аябай көп. Айрыкча жүрөк дарты акыркы беш-алты жылда мындай эле айтылып калды да. Көп болуп атат.

Балдар өлүмүнүн дагы бир орчундуу себеби өлкө ичиндеги көзөмөлдөнбөгөн ички миграция болууда. Облустардан жер которгон балдар өз убагында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун каттоосуна алынбайт. Айрыкча колу жука ата-энелердин наристелери тийиштүү медициналык кароодон өтпөй, ар кандай жугуштуу оорулардын курмандыгы болушат.

- Баткен, Оштон келгендер көп. Талас деле, Ысык-Көл деле бар. Алардын бардыгы эле "Дордойдо" иштеген болот. Балдарын үйүндө бирөөгө таштап кетет. Анан биз кыдырып барабыз, балдарын терезеден карасак, камалган болот же сиңдисине, картаң энелерине калтырышат. Алар караган күндө деле баары бир алдары жетпей калат. Билбей калат, бир жеринен кетет, ичи өтөт. Же болбосо эртең менен эмизип кетип, кечинде келет, ал сүт деле ачыйт, бузулат.

Чарчап калуулардын 30 пайызы дем алуу органдарынын жабыркоосунан, 29 пайызы ар кандай кырсыктардан, 11 пайызы болсо жугуштуу оорулардан болот.

Айнура Аманбаева 20 жыл бою врач-педиатр болуп иштеп келет. Ал акыркы мезгилдерде бала өлүмү өтө сейрек катталган көрүнүш болгонун кубанып билдирди.

- Азайып жатат. Же элдин да жашоосу жакшырып, жаштардын көбүнүн билими өсүп жатат. Айткан нерсени аткарышат. 2013-жылы врачтардын күнөөсүнөн бир да жолу бала өлгөн жок. Негизи Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзү боюнча беш жашка чейинки балдарды жоготуунун 70 пайызы ич өткөктөн болот. Быйыл бизде да бирөө катталды. Алар көлгө барып жүрүп алышкан. Ошол жактан төрт күн ооруп, анан бизге келишти. Биз дароо ооруканага жибердик. Реанимацияга түнүндө түштү, эртең мененки алтыда чарчап калды.

Кыргызстанда 2008-жылдан бери балдардын өлүмү барган сайын азайып баратат. Ал эми катталган учурлардын дээрлик бардыгы айыл жериндеги наристелер. Акыркы 10 жылдын ичинде төрөлгөн балдардын саны өстү. Бала өлүмүн алдын алуу үчүн айыл жерлери таза суу менен камсыз болуп, ички миграция туура көзөмөлдөнүп, ар бир наристе өз убагында эмдөөгө алынышы керек.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG