Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

Экологиялык жана социалдык-экономикалык абалдын начарлап кетүүсү кыргыз медицинасында мурда өтө сейрек кездешкен балдар арасында рак оорусунун көбөйүшүнө себеп болууда.

2001-жылга салыштырмалуу өлкөдө бул илдетке кабылган балдардын саны азыр эки эсеге арткан. Туура эмес тамактанган энелер, аз кандуулук, ичкилик менен тамеки да буга кошул-ташыл болуп, бейкүнөө наристелер кенедейинен рактын капканына түшүүдө.

11 жаштагы Куралбек Самудиновдун ооруканадан чыкпай жатканына туура бир жарым жыл болду.

- Мен бир жарым жылдан бери ооруканада жатам. Чоңойгондо математика сабагынан мугалим болгум келет. Бул жайда ийне сайдыра бергенден аябай жададым. Математика менен компьютерге кызыгам.

Азыр бул тестиер бала менен апасы күн санап, ооруканадан чыкчу учурду күтүп отурушат. Куралбектин апасы чоңдорго угузууга кыйын болгон ракты уулуна кантип түшүндүргөнүн айтып берди:

- Биз эми бул оору убактылуу экенин түшүндүргөнгө аракет кылып жатабыз. Жашы чоңураак балдарга түшүндүргөн жеңил, бирок кичинекей наристелер түшүнбөйт экен. Ыйлап, чыр салып аябай кыйналышат. Аларга өз ата-энелери ар кандай жол менен айтып берсе керек. Кудай буйруса, аз калды эми, алты-жети айдан кийин ооруканадан чыксак, мектепте окуйт деген үмүт менен жашап жатабыз.

Куралбек Самудинов

Куралбек Самудинов

Онкологиялык оорукана деген үрөйдү учурган жайдын чакан бөлүмүндө балдарга 40 орун берилген. Бул жайга түшкөн наристелер дартынан айыккыча сырткы дүйнө менен байланышын ата-энеси аркылуу гана түзөт. Кээ бири Куралбектей бир жарым, эки жыл жатса, айрымдары 4-5 жылдык мезгилин бул жакта өткөрөт.

Аталган бөлүмдүн башкы дарыгери Динара Байзакова балдардагы рак илдетинин башкы себептерин мындайча санады:

- Азыр биринчи иретте бизде гемоглобини төмөндөр көп. Кызыл кан баланын организмин кычкылтек менен камсыз кылат эмеспи. Ошондуктан азыр ушундай ар кыл оорулар арбып жатат. Биздин ичкен тамак-ашыбыздын сапаты да жакшы болбой баратат. Табигый эмес, жасалма тамактар. Көп кыздар тамеки тартышат, турмушка чыга электе же чыккандан кийин деле сыра сыяктуу ичимдиктерди ичишет. Ушунун баары болочок балага терс таасирин тийгизбей койбойт.

Орусияга болгон эмгек көчү да балдар арасында залалдуу шишиктердин артуусуна бирден бир башкы себеп болууда. Туугандары карап калган балдар баспай калгыча ооруканага кайрылбай, акыры дарты аныкталганда врачтар алардын ата-энесин Орусиядан чакыртууга мажбур болот.

- Көп мекендештерибиз чет мамлекетке, же Орусияга барып иштешет. Ал жакта эч кандай каттоого алынбайт. Айрыкча кош бойлуу келиндер врачтардын текшерүүсүнө барбай эле 8-9 ай болгондо Кыргызстанга келип төрөшөт. Азыр бизде жаңы төрөлгөн ымыркайларда да рак оорусу көп кездешүүдө. Териштире келсең эле энеси Орусиядан келген болот. Же жаш чүрпөлөрүн ата-энесине таштап коюп акча табуунун артынан кетишет. Анан чоң эне, чоң атасы бала ооруп калганда эле бизге алып келбей, баспай калгыча үйдө кармай берет. Анан биз айласыз баланын ата-энесин Орусиядан чакыртабыз.

Наристелердин дарылануусунун 50 пайызын мамлекет, 50 пайызын эл аралык кайрымдуулук уюмдар каржылайт. 2001-жылга чейин рак менен ооруган балдардын бирөө да жашап кете албаса, азыр алардын 70 пайызы таза сакайып чыгууда. Анткени жаш баланын организми дарыларга карата сезимтал болуп, тез калыбына келет. "Ооруган чүрпөнү өз учурунда адистерге алып барса, бул илдеттен айыгуу мүмкүнчүлүгү ошончо жогору",- дейт Динара Байзакова.

- Биздин элде кайрымдуулук кылуу деген түшүнүк өнүккөн эмес. Колунда барлар эмнегедир ракка чалдыккан балдарга кол шилтеп коюшат. Эми булар жашап кетеби же жокпу деп ойлошот. Андан көрө ашыкча машине алып, же чоңураак үй салгысы керек. Азырынча биздин коом кайрымдуулук дегендин өзү эмне экенин биле элек. Маселен лейкемия менен ооруган балдарды Италия өкмөтүнүн жардамы менен ал жакка алып барып, акысыз операция жасатабыз. Бир балага болжол менен 200 миң евро сарпталат. Биздин бөлүмдө жаткан балдардын дарыларынын жарымын да эл аралык уюмдар каржылайт.

Ата-энелер, айрыкча болочок апалар өз ден соолугуна кош бойлуу боло электе эле кам көрүп, ичимдик, тамекиден оолак туруп, жеген тамак-ашын кылдаттык менен иргесе, болочок балдарын мындай коркунучтан сактайт. Андыктан балдардагы рак илдетинин алдын алууну азыртан баштабасак, 40 орундуу бөлүм чоңоюп кетпесине эч ким кепилдик бере албайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG