Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:59

Кыргызстанда кант диабетине байланыштуу маселе курчуп, ооругандар саны 48 миңге чамалады. Өкмөттүн бул илдетке каршы мамлекеттик программасы жок экенин адистер сынга алууда.

14-ноябрь – дүйнөлүк кант диабетине каршы күрөшүү күнү. Бул ооруга байланыштуу долбоорлорду ишке ашырып келаткан “ХэлпЭйдж Интернэшнл” эл аралык уюм 13-ноябрда Бишкек шаарында атайын акция өткөрүп, жарандардын жана бийликтин көңүлүн ушул көйгөйгө бурмакчы.

Уюмдун өкүлү Нурдин Саматов кант диабети жана ал жараткан көйгөйлөр тууралуу “Азаттыкка” маек курду:

Саматов: Тарых музейинин алдында канды текшерүүгө, ден соолукка кайдыгер болбоого чакырган акция өткөрөбүз. Улгайган кишилерди топтоп, дене тарбия машыгууларын жасайбыз. Ал флешмобго жаштарды да тартабыз. Эмен багында ооруну алдын алууга үндөгөн жүрүш өтөт. Ушундай жол менен бийликтин жана жарандардын көңүлүн орчундуу маселеге бурсак деп турабыз.

“Азаттык”: Азыр Кыргызстанда кант диабети оорусу канчалык орчундуу?

Саматов: Ушул тапта Кыргызстанда 47 800 адам кант диабети менен каттоодо турат. Катталбагандарды кошкондо бул сан 100 миңге чамалайт. Себеби, көп адам медициналык кароодон өтпөй жүрө берет.

“Азаттык”: Жылдык салыштыруулар барбы?

Саматов: Албетте, биз жыл сайын байкоо жүргүзөбүз. Биздин эсеп боюнча, акыркы 10 жылда оорунун күчөшү эки эсе ашты. Тагыраак айтсам, он жыл мурун ооругандар саны 20 миңдин тегерегинде болчу. Азыр 48 миңге чамалап калганы 100% өсүү дегенди түшүндүрөт.

“Азаттык”: Кант диабетине каршы күрөшүүдө Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөр кандай?

Саматов: Бул дарт социалдык оору болуп эсептелгендиктен, анын алдын алууга бюджеттен ири каражат бөлүнүшү керек. Тилекке каршы, бизде кант диабети менен ооругандарга жылына 106 миң сом бөлүнөт. АКШда, Европада ар бир оорулуу жылына 9 миң доллар алат. Биздин өкмөт бир бейтапка бир жылга 1900 сом берет.

“Азаттык”: Сиздер, адистер, маселе орчундуу экенин айтып өкмөткө кайрылып атасыздарбы?

Саматов: Албетте, кайрылабыз. Бирок натыйжа боло элек. Ал тургай бизде илдетке каршы мамлекеттик программа жок. Кант диабетин дарылоочу борбордун жоктугу да келечекте кедергисин тийгизерин эскертип келебиз. Кыргызстанда эндокринологдор жетишпегендиктен көп учурда кант диабети менен ооругандарды үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун фельдшерлери гана текшерет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында бир эндокринолог кызматы бар. Бирок ал штаттык орун болбогондуктан, айлык төлөнбөйт. Ыктыярчы болуп азыр бир адам иштеп жүрөт. Айлык албайт. Башка жерлерде сабак берип, кошумча жумуштары бар болгону үчүн ыктыярдуу түрдө кызмат өтөп атат.

“Азаттык”: Оорунун жайылышына эмне себеп болууда?

Саматов: Кыймылдын аздыгы. Кечке жатып алып телевизор көргөн, компьютерде иштеген адамдар көбөйдү. Анан бизде курсак байлагандар көп. Ашыкча салмак кант диабетин чакырган негизги себептердин бири. Андан сырткары, ар кандай таттуулар, кант кошулган суусундуктар да диабеттин жайылышын шарттап жатат. Мүмкүн болсо, ширелерди азыраак ичүү керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG