Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

2050-жылга чейин жер жүзүндөгү адамдардын 5 миллиарды алысты көрө албай, 1 миллиарды көзү таптакыр көрбөй калары жаңы изилдөөлөр негизинде болжолдонууда. Көздүн миопиясы аттуу оору глобалдык деңгээлге жетип, андан ар бир экинчи киши жабыркашы мүмкүн.

Сиднейдеги Брин Холден Вижон институту көздүн алысты көрбөй калган дартынын алдын алуу үчүн глобалдык иш-аракеттер зарыл деген бүтүмгө келди. Азыркы тапта көздүн миопиясы менен дүйнөдө 2 миллиард киши ооруйт. Аталган институттун башкы директору профессор Ковин Нейдунун айтуусунда, ар бир мамлекет мектепте окуган балдардан тарта өндүрүштөгү кишилерге чейин көз саламаттыгына дыкат мамиле кылып, текшерип турушу зарыл.

Миопия азыркы тапта Чыгыш Азияда күчөдү. Сингапур, Тайван, Гонконг жана Түштүк Кореяда мектеп окуучуларынын 80-90% алысты көрө албай көз айнек тагынат. Бул көйгөй Батышты да кыйгап өтпөй, акыркы 30 жылдан бери элдин 25% алысты көрүүсү начарлап кеткен.

Акыркы жылдары дүйнөдө көз айнек тагынгандардын саны өскөн

Акыркы жылдары дүйнөдө көз айнек тагынгандардын саны өскөн

Кыргызстан да бул оорудан кур калган жок. Бишкектеги көз догдур Наргиза Мамазияеванын айтышынча, азыркы тапта бул оору балдар жана өспүрүмдөр арасында кеңири жайылган:

- Мурдагыга салыштырмалуу көзү алысты көрбөй калгандар аябай эле арбыды. Алардын ичинде балдар басымдуулук кылат. Бала бакчадан баштап, студенттерге чейин көрүү жөндөмү начар. Бизде көз догдурлар айыл жерлеринде жок болгон үчүн кичине чоңойгондо алып барабыз деп жүрө беришип, өтө кечиктирип алып келген учурлар көп. Алдын алуу иштери жакшы жүрбөйт. Ата-энелерге баланын көз саламаттыгы боюнча маалымат жетишпейт. Жок дегенде жылына эки жолу көз догдурга баланы алып барып туруу керек. Жайкы, кышкы каникулда ата-эне баласын көз догдурга текшертип турса жакшы болот эле.

Смартфон, планшеттер да көрүү жөндөмүн начарлатат

Акыркы мезгилде бизде смартфон, планшеттерди көп колдонуп, айрыкча түнкүсүн аны менен кошо уктагандардын саны артты. Мунун саламаттыкка кесепети оор болорун бардык адистер айтып келишет. Окумуштуулар түнкүсүн смартфондун көгүш жарыгы адамдын саламаттыгына оңбогон зыян алып келерин аныкташты. Уктаар алдында смартфон же телефон чукулап, көк жарыкты күйгүзүү биринчиден, адамдын уйкусун бузуп, кийинки күндөгү эс-тутумун мокотот жана кабыл алуучу нервдерди өлтүрөт. Экрандан чыккан көк жарык көздөгү көрүүнү жөндөгөн ретина затын жок кылат жана бара-бара көздүн чечекейи соолутат. Муну адис Мамазияева да ырастайт:

Планшет, смартфондон чыккан көгүш нур көзгө зыян экенин адистер эскертет.

Планшет, смартфондон чыккан көгүш нур көзгө зыян экенин адистер эскертет.

- Өзүңөр деле байкасаңар болот, бир нече саат компьютердин жанында отурган кезде кадимкидей чарчоону байкайсыңар. Киши көп маалыматты алып отурганда көздүн чарчаганын ойлонуп да койбойт. Жок дегенде көздү ирмегенди да унутуп калышат. Качан гана көз кургап, ачыша баштаганда гана эстейт. Ал эми өсүп келе жаткан балдар түнү бою отуруп жатпайбы. Бул сөзсүз анын организмине терс таасирин тийгизет жана миопия сыяктуу ооруларга алып келет. Эмне үчүн? Көздүн ичинде, сыртында булчуңдар бар. Анан ошол булчуңдар, айрыкча жарыкты, караңгыны, түстөрдү бир калыпта кармап турган көздүн карегинин тегерегиндеги булчуңдар чарчайт да бара-бара жыйрылышы мүмкүн же тескерисинче кеңейип кетет. Нормасы бузулуп, киши миопия дартына чалдыгат.

Азыр окумуштуулар миопия дартын алдын алуу иш-чарасын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү керек дешет. Адистин айтуусунда, чоң кишилер көз саламаттыгын ар түрдүү көнүгүүлөр, витаминдер менен жакшырта алышат. Маселен компьютерде отуруп иштегендер ар бир эки саат сайын 10-15 мүнөт туруп, ары-бери басып, көзү менен алыскы жана жакынкы нерселерди карашы керек. Ал эми балдардын көз саламаттыгына ата-энелери жоопкерчилик менен мамиле кылып, түнкүсүн смартфон, планшет менен отургузбай убактысын чектөө абзел. Болбосо көздүн ичиндеги кан тамырлар кеңейип отуруп, бара-бара ал катуу стресс же оор кара жумуш кылганда жарылып, киши азиз болуп калышы ыктымал.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG