Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча учурда Кыргызстанда беш миң наристе жүрөк кемтиги (порок сердца) менен ооруйт. Жыл сайын миң чамалуу ымыркай тубаса жүрөк кемтиги менен туулат, алардын тең жарымы бир жашка жетпей чарчап калышат же өмүр бою майып болуу коркунучуна дуушар.

“Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды. Талкууга Улуттук кардиология борборунун рентген хирургия бөлүмүнүн башчысы Мурат Дадабаев жана Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Мурат мырза, бул коркунучтуу оору эмнеден пайда болот, элдин ичинде бул оору тукум кууйт дешет, туурабы?

Дадабаев: Жүрөк кемтиги оорусу биздин өлкөдөгү бирден-бир олуттуу маселе. Бул оорунун келип чыгышы түрдүү факторлорго байланыштуу. Кыргызстан тоолуу аймакта жайгашканы бир себеп, мындан сырткары бир уруу, бир тукумдагы жаштардын бири-бирине үйлөнгөнүнөн, кан жаңырбаганынан да болот. Ошондой эле аялдардын кош бойлуу кезинде каны аз болгону да терс таасирин тийгизип, баланын тубаса жүрөк кемтиги менен туулуусуна алып келет.

"Азаттык": Ревматизм да 99% жүрөк кемтигине алып келет деп айтылат. Ревматизмди алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?
Бизде иштеп жүргөн адис дарыгерлер калбай баратат, алардын баары Орусияга, Батыш, Чыгыш өлкөлөрүнө кетишүүдө. Алар айлык акынын аздыгынан да эмес, дал ошол жабдыктардын жоктугунан кетип жатышат.

Дадабаев: Ревматизмге чалдыккандар учурунда, кечиктирбей дарыланса, андан жүрөк кемтиги болбойт, эгер убагында көңүл бурбай жүрө берсе, анда натыйжасы оор болуп, биз сөз кылып жаткан ооруга кабылышы ыктымал. Балдар болобу, чоңдор болобу колдон келсе, ревматизмге чалдыкпоого аракет кылуулары керек, эгер чалдыгып калса, убагында дарыланышы зарыл.

"Азаттык": Жүрөк кемтигине медициналык операция жасоо 2 миң доллардан өйдө турат. Бул карапайым кыргызстандыктардын чамасына чак келбейт. Бөдөш айым, сиз жакында кыргызстандык эки ымыркайды түштүк кореялык дарыгерлердин акысыз операция жасоосуна көмөктөштүңүз. Бул демилгени мындан ары улантууга мүмкүнбү?

Мамырова: Мен телевизордон жана маалымат каражаттарынан тубаса жүрөк оору менен туулган балдарга оор операцияга көп суммада акча керек деген жарыя, өтүнүчтөрдү көргөн сайын жүрөгүм ооручу. Ушундан улам мен “Ар-намыс” партиясы менен кызматташып жүргөн кореялык өнөктөштөр менен сүйлөшүп, дал ушул жүрөк кемтиги менен ооруган балдарга жардам берүүсүн өтүнгөм. Алар кореялык дарыгерлер менен сүйлөшүп, Кыргызстанда ооруган балдардын ичинен ата-энеси оор турмушта жашаган, операцияга каражаты жок балдарды гана операция кылып, дарылап бере алышарын айтышты.

Биз Улуттук кардиология борбору менен байланышып, абалы оор деген он баланын тизмесин алдык. Биздин өнөктөштөр алардын оорусун иликтеп, эң оор делген эки баланы тандап алышты. Жалал-Абаддан Анаш деген баланы жана Ысык-Көлдөн Перизат деген кызды тандашты. Бул кыздын жүрөгүндөгү тешиги аябай эле чоңоюп кеткен экен, кореялык врачтар да анын ата-энесинен атайын макулдугун сураганда, чынын айтуу керек, мен чочуладым.

"Азаттык": Операция канчалык ийгиликтүү өттү?
Ревматизмге чалдыккандар учурунда, кечиктирбей дарыланса, андан жүрөк кемтиги болбойт, эгер убагында көңүл бурбай жүрө берсе, анда натыйжасы оор болуп, ооруга кабылышы ыктымал.

Мамырова: Биздин балдардын ошол жакта операция столуна жатып, толук операция жасалып, кайра бул жакка жиберилгенине чейин камерага тартып алышыптыр, анын баарын бизге алып келип беришти.

Операциядан кийин да балдар эки-үч айга чейин суукка урунбай, башка ооруларды жуктурбай дарыгерлердин кароосунда болуп турушу керек экен. Дарыгерлердин белгилегени боюнча бул балдардын организми өсүү темпинде болгондуктан, бардыгы жакшы болот деп айтышты.

Жүрөк кемтиги менен ооруган балдарды чет мамлекеттерге алып барып, операция жасатууга бизде мындай операцияларды жасоочу тиешелүү жабдыктардын жоктугу, болсо да өтө эскилиги аргасыз кылып отурат. Бизде өзүнүн ишин мыкты билген адистер бар.

“Азаттык”: Бөдөш айым, түштүк кореялык дарыгерлер дагы канча кыргызстандык балага акысыз операция жасап беришет?

Мамырова: Башында айтып өткөндөй, алар кыргызстандык он балага операция жасап берүүгө макул болушкан. Февраль айына чейин дагы алты балага операция жасалат. Андан кийин биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, дагы бир он балага уруксат алууну көздөп турабыз.
Кореялык дарыгерлер Кыргызстанда ооруган балдардын ичинен ата-энеси оор турмушта жашаган, операцияга каражаты жок балдарды гана операция кылып, дарылап бере алышарын айтышты.

Операцияга жиберилүүчү балдарды мен эмес, республикалык Кан тамыр-жүрөк оору борборундагы дарыгерлер менен чогуу тандап жатабыз. Биздин өнөктөштөр андай оорудан жабыркаган балдардын ата-энелери өтө жарды жашаса, же өткөн жылы июнь, апрель окуяларынан жабыркагандар болсо, дарылап берүүгө макул болушкан.

“Азаттык”: Жүрөк-кан тамыр ооруларына операция жасалуучу жабдыктар жок деп атабыз, ал эми ошол операцияны жасай алган адистер барбы?

Дадабаев: Ангеографиялык жабдык деп аталат, бизде ошол өтө эски, 2001-жылы чыгарылганын иштетип атабыз, медицинада андай жабдыктар жети жылдан кийин күчүн жоготот. Ошондуктан бизде иштеп жүргөн адис дарыгерлер калбай баратат, алардын баары Орусияга, Батыш, Чыгыш өлкөлөрүнө кетишүүдө. Алар айлык акынын аздыгынан да эмес, дал ошол жабдыктардын жоктугунан кетип жатышат. Кийин барып биз жабдыктарды алган күндө да анын тилин билген адистер жок болуп калышы толук ыктымал.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG