Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Бөйрөгү ооругандарды көйгөй көчөгө чыгарды


Бөйрөгүнөн катуу жабыркагандар гемодиализ аппаратынын жардамы менен жумасына үч ирет канын тазалатып турушу шарт.

Бөйрөгүнөн катуу жабыркагандар гемодиализ аппаратынын жардамы менен жумасына үч ирет канын тазалатып турушу шарт.

Жогорку Кеңеште бөйрөк оорусу менен катуу жабыркагандардын көйгөйлөрүн териштирүү максатында атайын депутаттык комиссия түзүлдү. Буга Ак үйдүн алдындагы нааразылык акциясы түрткү болду.

Бактыгүл Оторова - эки жыл мурда бир бөйрөгүн эр жеткен уулуна берген энелердин бири. Түркия, Беларус өңдүү чет өлкөлүк ооруканаларда бөйрөктөрүн алмаштырып келген мындай кыргызстандыктардын саны азыр 120га жетти. Эми алардын саламаттыгын бир калыпта сактап туруу үчүн тынымсыз көзөмөл жана оңбогондой каражат талап кылынууда.

Операция жасалбаган, бирок бөйрөктөрү гемодиализ аппаратынан көз каранды болуп калгандардын көйгөйлөрү деле мындан кем калбайт. Нааразылык акциясына чыккан андай жоон топ жарандын бири, кызын багып жүргөн эне буларды айтты:

- Гемодиализ ала баштаганыбызга жетинчи айга кетти. Жумасына үч жолу алганга 18 миң сом төлөйбүз. Айына тамак-аш менен кошо 150-200 миң сом коротуп атабыз. Үстүмдөгү үйүмдү сатып келгем. Бул жерде тилемчиге окшоп жашап жатабыз. Ак үйүнө бардым. Депутаттарга бардым. Бирөө да оң жооп бербейт. Саламаттык сактоо министрлигинин эшигин күнүгө каккылайм. "Жок" деп айдап ийишет. Эмне кылышым керек?

Ызасын тышына чыгарып жаткан пенсиядагы бул аялдын оорукчан кызы төрт балалуу, күйөөсү таштап кеткен. Айылындагы үйүн сатып, Бишкекке былтыр февралда келген.

Бөйрөгүнөн катуу жабыркагандар гемодиализ аппаратынын жардамы менен жумасына үч ирет канын тазалатып турушу шарт. Бирок каражаттын тартыштыгы менен аппараттардын жетишсиздиги көкөй кесип келатат. Аптасына 18 миң таба албагандар бул эрежени сактай алышпайт. Эксперттер оорулуулардын 50 пайызы аптасына бир жолу гана гемодиализге барууга чамасы жетерин айтышууда. Сыркоолордун укуктарын коргоочу Темир Султаналиевдин айтканына караганда, азыр 85 киши каражаты жоктугунан бөйрөгүн дарылай албай, тобокелчиликте жашап жатат.

Экинчи жагынан бөйрөктүн айыккыс илдетине кабылгандарды мамлекет толук каржылай албайт. Акыркы маалыматтар боюнча кезеги жетип, мамлекеттин эсебинен гемодиализ алып жаткандар 500гө жакындап калды. Бирок алардын дарылары үчүн каражат толук жана өз маалында төлөнүп берилген учурду сыркоолор дегеле айта алышпайт. Анын үстүнө аппараттар тартыш, болгондору бат-бат бузулуп турат жана аларды ремонттоочу жергиликтүү адистер жокко эсе. Маселен, азыр Бишкектеги улуттук госпиталдагы он эки аппараттын төртөө гана иштеп жатат.

Ак үйдүн алдындагы акциянын дагы бир катышуучусу, Улуттук госпиталда дарыланып жаткан Улан Өзбеков буларды айтты:

- Азыр жетимиш киши жатабыз. Ошолордун тагдыры ушул аппаратта. Азыр иштебей турат. Жашоосу аппаратка байланган жетимиш киши кайда барат? Дары-дармектер толук берилбейт, витаминдер толук сайылбайт. Мамлекет бизге бөлүп берген акчалар кайда?

Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөк оорулуулардын көтөрүп чыккан бул өңдүү көйгөйлөрүнө түшүндүрмө берип, дооматтарга жооп кайтара элек.

Укук коргоочу Темир Султаналиев бөйрөк илдети менен жабыркагандардын көйгөйүн азайтуунун эки жолу бар дейт:

- Бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын бардыгы берилсе, экинчиден, бул керек болсо биринчиси - Саламаттык сактоо министрлигинин коррупциялык аракеттеринен кутулсак, таза адистер келсе, көйгөйлөр бир топ азаят.

Бөйрөк оорулуулардын талаптарынан улам бул күнү Жогорку Кенештеги Социалдык саясат комитети жыйын куруп, атайын комиссия түздү. Комиссияга жетекчи болуп тандалган депутат Ыргал Кадыралиеванын ишендиргенине караганда, комиссия бөйрөк оорулуулардын көйгөйлөрү менен талаптарын кылдат жана ар тараптуу териштирет.

Укук коргоочулар Кыргызстанда бөйрөк алмаштыргандардын саны акыркы эки жылда үч эсеге, гемодиализге муктаждыгы бар адамдардын саны акыркы төрт жылда он эсеге өскөнүн айтышууда. Акыркы маалыматтар боюнча гемолдиализге муктаждарды саны бир жарым миңге жакындап калды.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG