Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Абайла, ВИЧ/СПИД тамырын жайды!


Ноокат райондук акимчилиги мигранттар Мекенине кайтканда милдеттүү түрдө ВИЧ/СПИДге текшерилиш керек деген демилге менен чыкты.

Мунун себебин бийликтер чет жерде оору жуктургандар аны Мекенинде жайылтып жатат деп негиздөөдө. “Арай көз чарай” талкуусуна Республикалык "СПИД" борборунун ВИЧти аныктоо бөлүмүнүн башчысы Лерон Сайдашев жана “Сезим” кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулова катышты.

“Азаттык”: Лерон мырза, бүгүнкү күнү Кыргызстанда канча киши ВИЧ инфекциясына чалдыккан?

Сайдашев: Акыркы расмий маалыматтар боюнча азыр бизде 3995 киши ВИЧ инфекциялуу. Мунун ичинен 61% баңгилер, аларга ийне аркылуу жуккан. Мурда мындай жол менен ооруга чалдыккандар 90% болчу. Тилекке каршы азыркы күнү бизде жыныстык катнаш аркылуу ВИЧ жугузуу учурлары көбөйө баштады. Мурда мындай жол менен илдеттин жугушу 9-10% тегерегинде болсо, азыркы күнү 27% ашып кетти. Ошондуктан бүгүнкү күнү ар бир жаран өзүнүн жоопкерчилигин сезе билиши керек.

Диаграмманы чоңойтуу үчүн бир жолу басыңыз.
Диаграмманы чоңойтуу үчүн бир жолу басыңыз.
ВИЧ/СПИДден текшерилүү азыр жеңил. Кыргызстандын 44 районунда бул илдетти аныктоочу лабораториялык иликтөөчү станциялар иштейт. Ал жерден ВИЧке текшерүүдөн өтүүнүн акысы 35 сом турат. Бүгүнкү күнү башка мамлекеттерге туруктуу жашоо үчүн кетип жаткандар, айрым бир кызматтарга орношуп жаткандар ВИЧ/СПИДге текшерүүдөн өтүп жатышат. Мунун эч кандай уяты, же кыйынчылыгы жок. Башкысы – каалоо.

Рыскулова: Ноокаттын акимчилиги көтөрүп жаткан демилгеге мен кошулам. Анткени бул маселе жок жерден көтөрүлгөн жок, канча киши билип-билбей башкаларга бул ооруну жугузуп атышат. Мурда сыртка чыккан кишилерди кайрадан атайын медициналык маалымдама менен гана киргизчү.

Бирок текшерүүдөн өткөрүүнүн атайын механизми иштелип чыгыш керек. Текшерүүнү кайдан, ким жүргүзөт - мына ушул боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгышы керек. Биздин өлкө семинар-тренингдердин гана өлкөсү болбой, элге туура маалымат берип, коркутуп-үркүтпөй, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Бүгүнкү күнү кыргызстандык жарандардын арасында ВИЧ/СПИДге текшерүүдөн өтүүгө маани берилип жатабы? Мисалы, бир күндө же бир айда канча киши өтөт?

Сайдашев: Бизге ВИЧ/СПИД оорусунан текшерилүү үчүн аптасына орто эсеп менен 80-90 киши кайрылат. Бул деген өтө аз, кыргызстандык жарандардын алтоонон бирөө гана кайрылып, текшерүүдөн өтөт дегенге барабар. Бизде үйлөнүп жаткан жубайлар да уялбай эле чет мамлекеттердегидей бири-биринен ВИЧ/СПИД оорусунан таза деген кагазды талап кылышы керек.

Мына биздин кээ бир кыздар чет мамлекеттик жигиттерге турмушка чыгып атышат, алардан ошондой сертификат кагазды талап кылышат. Бизде 56 жогорку окуу жайы бар, ошолордун ичинен Кыргыз-Славян университетинин жана Медициналык академиянын студенттери гана текшерүүдөн өтүшөт. Кыргыз-Славян университетинен ВИЧ инфекция жуктурган студенттер аныкталгандан кийин гана текшерүүдөн өтө башташты. Мен дагы бир нерсени баса белгилеп койсом - ден соолук өзүбүзгө гана керек.

Рыскулова: Ким болбосун бул оорудан текшерүүдөн өтүүчү адамдарды коркутпай, укугун бузбай жүргүзүш керек. Эгер кокус оорусу бар экени аныкталса, аны этияттык менен түшүндүрүү керек. Колдон келсе экспресс-анализ кылып, кыска убакытта аныктап берүүчү станцияларды орнотууга аракеттенишибиз керек. Жолдорун издесек болот, эл аралык уюмдарга долбоор жазып, сурансак да буга жетишибиз керек. Анткени ВИЧ/СПИДден сактануу, улутту сактап калуу – ар бирибиздин милдетибиз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG