Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

АЙЫКПАС ДАРТКА ЧАЛДЫККАН БАЛДАРДЫН АРМАНЫ ЖАНА ЖАҢЖАЛЫ


«Балдарыбызга СПИД --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2007/07/6F6DF1C3-9774-4D78-B06B-4A82E9774679.asp илдетин жуктурган дарыгерлер жоопко тартылаарынан күмөнүбүз бар. Ошол себептүү биз коомчулук жардамына муктажбыз», - дешти Оштогу маалымат жыйынында жабырлануучулардын ата-энелери. Мындай пикирге дарыгерлер макул эмес. Ал эми айрым бейөкмөт уюмдар прокуратура, тергөө органдары сот баштала электе кызматтык сырды жарыялап жиберип, жарандарды атайылап кагыштырууда деген пикирде.

Оштогу маалымат жыйынында СПИД илдетина чалдыккан балдардын ата-энелери сүрөт жана тасмага түшүү ниетинен айнышкандыгын билдиришти.

Шартка байланыштуу өзүн Саида деп тааныштырган келин:

- Былтыр июнда Ноокат райондук ооруканасына бир жарым жашар уулумду алып жаткам. Дарыгерлер жакшылап карабай койгондуктан, кайнатам экөөбүз ымыркайды Ош облустук балдар ооруканасына котортконго мажбур болдук. Ал жерде «сепсиз» деген диагноз коюп, бир айча дарылашты. Бирок саламаттыгы оңолгон жок. Кийин тааныштар аркылуу Өзбекстандын Фергана шаарындагы лабораторияга анализ тапшырсак, СПИД илдетин аныкташты. Мындай дарт кийин менден да табылды. Ошондон бери бизде күн жок. Догдурлар бүт район боюнча жайып ийишиптир. Өзүм жаман жолго баспасам, балам жаңы төрөлсө, бизде эмне айып? Күйөөм муну билген соң, «кимден жуктурсаң, ошо менен жашай бер!», - деп, үч балам менен таштап кетти. СПИДди экөөбүзгө жуктурган дарыгерлер дале иштеп жүрөт. Аларга жаза жокпу? Дагы канчасынын убалына калат, ушуну ойлошпойбу?Акыркы үмүтүбүз эл-журтта калды, кыйын күндө бизди жалгыз таштабагыла, - ушинтип ыймандай сырын төктү.

СПИДке чалдыккандардын укугун талашкан «Рейнбоу» коомдун фондунун юрист-кеңешчиси Султан Мамытов мамлекет тарабынан жабырлануучуларды колдоо начардыгын белгиледи. Сотко жөнөтүлгөн кылмыш ишинен майнап аздыгын жашырган жок:

- Өкмөт тарабынан ар бир ВИЧ инфекцияланган балага 10 миң сомдон берилген. Ошондой эле азыр акысыз дарылоо болот, Социалдык фонд тарабынан да айына кандайдыр бир акча каражат берилиш керек. Бир дагы мындай кайрылуу болгон эмес, менин балам ВИЧ менен ооруйт, мага акча бергиле деген. Бул биринчи окуя болуп атат, кимден талап кылынат - анысы анык эмес. Шанс азыраак, анткени бул илдетти далилдеш өтө кыйын.

Оштогу «АнтиСпид» борборунун билдирүүсүнө караганда, аймакта 877 адам, анын ичинде 13 эне, 41 наристе коркунучтуу илдетке кабылган. Борбордун директору Түгөлбай Мамаев өзү баштаган 14 медициналык кызматкердин үстүнөн прокуратура шаалакылыгы үчүн кылмыш ишин козгоп, сотко жөнөткөн факты боюнча азырынча эч нерсе айта албастыгын кыйытып, болгону буларды гана кошумчалады:

- Биздин мыйзам бар, эгерде ВИЧ илдетин билип туруп жаткырбаса, анда бул жоопко тартылчу нерсе.

Оштогу укук коргоо кыймылынын лидери Төлөн Дыйканбаевдин пикиринде прокуратура, тергөө органдары сот баштала электе кызматтык сырды жарыялап жиберип, жарандарды атайылап кагыштырууда:

- Атын уккан адамдарды эртең айыптуу десе, алардын сөзүн уккан ата-энеси эртең келип булардын үйбүлөсүн союп салса эмне болот? Прокуратура, милиция органдары эмне билбейби, бир гана сот бийлиги бар, ушулардын чечими чыкмайынча эч кимдин үстүнөн айыптоо материалын айтууга укугу жок. Сот болгуча муну биз провокация деп эсептейбиз.

XS
SM
MD
LG