Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:23

Ала-Тоо конушу күйдүргү коркунучунда


Ала-Тоо конушундагы тосмо, 19-сентябр, 2013-жыл
Ала-Тоо конушундагы тосмо, 19-сентябр, 2013-жыл

Бишкекке улагалаш жайгашкан Ала-Тоо-1 конушунун жашоочулары күйдүргү көмүлгөн аймакка мыйзамсыз үйлөрдү куруп алышкан.

Адистер аталган аймактагы күйдүргү очогу өтө кооптуу экенин эскерткени менен жергиликтүүлөр үйлөрүн мыйзамдаштыруу аракетинде.

“Бул жерге 1940-жылдын 6-ноябрынан 1946-жылдын 26-майына чейин күйдүргүдөн өлгөн 2 ири мүйүздүү мал, 2 майда жандык жана бир аттын сөөгү көмүлгөн”, “Абдан кооптуу аймак”, “Сибир жарасынын очогу”. Мындай жазууларды Бишкек менен Сокулуктун чектешкен жериндеги Ала-Тоо-1 жаңы конушунда жайгашкан ылаңдуу малдардын сөөгү көмүлгөн атайын жайдын бетон тосмолорунан көрүүгө болот.

2000-жылдарга чейин аталган аймак кооптуу экенин жергиликтүү жашоочулар да, бийлик өкүлдөрү да билишкен эмес. Качан гана жергиликтүү тургундардын бири аталган жерге күйдүргүдөн өлгөн малдын күлү көмүлгөнүн айтканда чуу көтөрүлгөн. Болбосо ага чейин тургундар ошол аймакка малын жайып, жадагалса турак-жай курууну да пландап жиберген экен. Бул тууралуу Ала-Тоо-1 жаңы конушунун жашоочусу Ыргалай Бекмуратова “Азаттыкка” кабарлады:

- Саркофаг тууралуу айтып берген түрк абышка быйыл дүйнөдөн өтүп кетти. Бирок биз ушул күйдүргү очогундагы маселе боюнча даректүү тасма тартканбыз. Ошондо ал аксакал убагында жылкычы болгонун, согуш маалында сибир жарасынан өлгөн малдын сөөгү кислота менен күйгүзүлүп, күлү ушул жерге көмүлгөнүн айтып берген. Ошондон кийин гана 2000-жылдары тосмолор курула баштаган. Негизи күйдүргү өлгөн малдын каны тамган жерлерден жугат экен. Бирок алар башка жерден өрттөп келишип, бул жакка күлүн көмүшкөн. Бул жайдын алды да үстү да бетон менен бекитилген.

Ыргалай айым сибир жарасынын очогу жайгашкан аймакка курулду делген 166 үйдүн ушу кезге чейин эч кандай документи жок экенин айтты. Анын айтымында, аталган үйлөрдүн тургундары каттоодо жок болгондуктан керектүү жерлерге кайрылууда бир топ убара тартышат.

- Мындан 20-25 жыл мурда ушул тегерекке 166 үй ар кандай жолдор менен курулган. Биз келген кезде сибир жарасы жөнүндө сөз да, эч кандай белги да жок болчу. Бул ызы-чуу кийин гана башталды. 2000-жылдары Шаардык кеңештин Лесниченко деген депутаты келип сибир жарасы тууралуу айтып, ошондон кийин гана ызы-чуу болуп калды.

Өтө жугуштуу оорулар жана карантин боюнча республикалык эпидемиологиялык борбордун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев Ала-Тоо конушундагы сибир жарасынын очогу жүз жылдар бою кооптуу деген ойдо. Ал коопсуздук үчүн аталган жайдагы үйлөр очоктон кеминде 250 метр алыс болуш керектигине көңүл бурду.

- Жаратылышта ар кандай күтүүсүз нерселер болот. Жер көчүп, же сел жүрө турган болсо аталган аймактагы бетондор, тосмолор жарылып оору козгогучтары жер үстүнө чыгышы толук мүмкүн. Ошон үчүн коркунучсуз деп айтууга мүмкүн эмес. Бул жай жүз жылдар бою кооптуу бойдон кала берет.

Бектурдиевдин маалыматында, турак-жайлар күйдүргү очогунан 1500 метр алыста курулушу керек. Бирок эрежелер улам өзгөрүп отуруп, аягы 125 метрге келип токтогон.


Ала-Тоо-1 жаңы конушунун кварталдык комитетинин башчысы Дамир Орозалиев ылаңдуу мал көмүлгөн жайдан 50 метр алыс курулган Сокулуктун үйлөрү мыйзамдаштырылып, 125 метр алыста турган Ала-Тоонун үйлөрү кызыл китеп ала албай жатканына нааразы.

- Биздин үйлөр очоктон 100 метрдей алыс жайгашкан. Ал эми ошонун эле тушунда Сокулуктун үйлөрү 50 метр гана алыс. Бирок алардын үйлөрү мыйзамдуу, анткени убагында кызыл китеп алып алышкан. Жергиликтүү эл ушул нерсеге нааразы. Же бийлик чечип бербейт. Чоңдор деле бири-бирине шылтап, бир беткей чечип берүүдөн коркуп жатышат.

Күйдүргү очогунун тегерек-четиндеги үйлөр мыйзамсыз салынганы Жогорку Кеңеш депутаттары тарабынан байма-бай айтылганы менен аларга каршы ушу кезге чейин эч кандай чара көрүлбөй келет. Эл өкүлү Ирина Карамушкина күйдүргү очогу жергиликтүүлөр үчүн өтө кооптуу экенин айтып, ал тегерекке мыйзамсыз салынган үйлөрдү түрттүрүш керек деген пикирде.

- Биз, бийлик өкүлдөрү эмнени күтүп жатабыз? Жер жетишпейт, эл көтөрүлөт деп эле унчукпай калбашыбыз керек. Ал жердеги жерлер басылып алынып, мыйзамсыз курулганын жергиликтүүлөр деле эң сонун билишет. Качан жергиликтүүлөр ооруга чалдыгат деп эле алакан жайып отура беребизби? Анда таптакыр кеч болуп калат. Андыктан биздин расмийлер мыйзамсыз салынган үйлөрдү так аныктап, алардын үйлөрүн көчүрүш керек же таптакыр түрттүрүп салыш керек.

Ал эми мурдагы башкы ветеринардык врач, эксперт Самат Алиев Ала-Тоо конушунда күйдүргүдөн өлгөн 8 жандыктын сөөгү көмүлгөн деген пикирде.

- Ал жерге чындыгында эле күйдүргүдөн өлгөн 8 малдын сөөгү көмүлгөн. Бул боюнча ветеринардык станциянын бардык отчетторунда көрсөтүлгөн. Тактап айтканда аталган очок бир гана түрк абышканын маалыматына таянбайт.

Жергиликтүү жашоочулар үйлөрүн мыйзамдаштырууга керек документтердин баарын Бишкек мэриясынын турак-жай департаментине жибергенин айтууда. Аталган департамент башчысы Самарбек Болотбеков үйлөр күйдүргү очогунан канча метр алыс болушу дагы деле талаш экенин белгиледи.

- Азыр аталган үйлөр мыйзамдашат же түртүлөт деп так кесе айта албайм. Анткени санэпидемстанция турак-жайга тыюу салуу аймагын так аныктай элек. Эгер үйлөр очоктон 250 метр диаметрде болуш керек десе мыйзамдаштырылат, эгер радиус болсо тамдар бузулушу керек.

Ал эми өлкөнүн башкы санитардык врачы Төлө Исаков турак-жай курууга чектелген аймакты ким жылдырып жатканына түшүнбөйт.

- Тыюу салынган чекти ким өзгөртүп жатканы белгисиз. Балким Саламаттыкты сактоо министрлиги өзгөртүп жаткандыр. Бирок биз турак-жайды 500 метр алыс салыш керек деген пикирдебиз. Бирок бул маселени кайра жакындан иликтеп чыгышыбыз керек.

Үйлөр күйдүргү очогунан канча алыс болушу дагы деле талаш бойдон калууда. Жергиликтүүлөр кооптуу аймакты билбей курулуш баштап алганын айтышса, бийлик өкүлдөрү же мыйзамдаштырбай, же түрттүрүп сала албай убара.
Санэпидемстанциянын маалыматы боюнча, 2011-жылы өлкө боюнча күйдүргүгө чалдыккан 12 адам катталса, 2012-жылы 6 учур тастыкталган. Быйылкы жылдын 9 айында эле өлкө боюнча 16 адам күйдүргү жугузуп алганы ырасталды.
Ала-Тоо конушу күйдүргү коркунучунда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:31 0:00
XS
SM
MD
LG