Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Калилов: Миллиондой баланы эмдеген жатабыз


Бүгүн Бишкекке кызамык жана кызылча ооруларына каршы 840 миң доза вакцина алып келинет. Бул үчүн өкмөт 34,4 млн. сом бөлгөн. “Азаттык” Кыргызстандын башкы иммунологу, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Жолдош Калиловду кепке тартты.

“Азаттык”: Бүгүн 840 миң доза вакцина келери күтүлүп жатат. Бул кызамык менен кызылчанын жугушун азайтууга таасир эте алабы?

Калилов: Таасир эте алат деп үмүттөнүп турабыз. Бул вакцина кызылча, кызамык оорулары көбүрөөк катталып жаткан Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундарын жапырт эмдөөгө жумшалат. Алгач бул аймактардагы 11 жаштан 20 жашка чейинки өспүрүмдөр эмделет. Бул - биринчи этабы.

Ал эми экинчи этабы эл аралык уюмдардан күтүлүп жаткан 1 млн. 720 миң доза вакцина келгенде жүргүзүлөт. Анда жалпы өлкө боюнча 2 млн. 307 миң адамды эмдөөдөн өткөрүшүбүз керек.

“Азаттык”: Эл аралык уюмдар убада кылган вакцина качан келет?

Калилов: Март айынын аягында келип түшөт деп күтүп жатабыз.

“Азаттык”: Бизде балдардын дээрлик 10% ашууну түрдүү жолдор менен эмделбей калган экен. Буларды эмдөө качан жолго коюлат?

Пакистанда согушкерлер эмдетүүгө каршы чыккандыктан бул иш-чара полициянын көзөмөлү алдында жүргүзүлөт
Пакистанда согушкерлер эмдетүүгө каршы чыккандыктан бул иш-чара полициянын көзөмөлү алдында жүргүзүлөт

Калилов: Акыркы үч жылдан бери республикабызда ички миграциянын айынан эмделбеген балдардын саны арбып кетти. Борбор калаанын айланасындагы жаңы конуштарга аймактардан көчүп келгендер, убактылуу иштегени келгендер да балдарына, өздөрүнө убагында эмдөө албай, кенемтени чоңойтуп жиберишти.

Мындан тышкары, диний ишениминен улам эмдөөдөн баш тарткандар бар. Биз аларга Мусулмандар дин башкармалыгы менен чогуу түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Азыр алар да эмдөөнүн маанисин түшүнүп, качан эмдөө болот деп сурашууда.

“Азаттык”: Вакцина деген эмне экенин, эмдөөнүн маанисин айрым дарыгерлер, медайымдар билбейт деген нааразылыктар да бар. Ушундан улам медицина кызматкерлерин да кошумча окутуу зарылчылыгы бардыр?

Калилов: Биз дайыма эле сөзсүз түрдө медициналык кызматкерлерди буга окутуп, үйрөтүп келебиз. Эми эмдөө өнөктүгү башталса, аны жүргүзүүгө жооптуу медицина кызматкерлерине маалыматтар толук берилип, элге да түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлөт.

Вакцина деген дени сак балдарга жана чоң кишилерге жасалат. Ошондуктан ар кайсы оорунун алдын алып, сак жүрүңүздөр!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG