Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:05

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы келишимге ылайык, акысыз дарылануунун кошумча чыгымдары карапайым оорулуу жарандар үчүн кымбат болууда.

Ушул тапта 100 адамдын тизмесине илинген айрым оорулуулар акча таппай кыжалат абалда турушат.

Нарын шаарынын тургуну, 34 жаштагы Эркин бөйрөк оорусуна 2 жыл мурун өтүшүп кеткен сасык тумоонун айынан чалдыккан. Бир жыл Нарында дарыланып жүрүп, акыры гемодиализге толук көз каранды абалга жеткенде Бишкекте жашаганга аргасыз болгон.

Жолдошу эки жыл мурун кайтыш болуп калган бул келин ден соолуктун айынан үч баласын апасына таштап, шаарда батирде жашаганына бир жыл болду. Алты ай жеке клиникаларда тууган-туушкандардын жардамы менен аптасына 15 миң сомдон бөйрөгүн жуудуруп жүрүп, кечээ жакында эле бюджеттин эсебинен дарыланчу кезекке жетти. Бирок ал баары бир бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болгондуктан, документ чогултуп жүрүп, Түркияга бекер дарыланууга барчу 100 адамдын тизмесине илинген.

Келишимге ылайык, Түркиянын саламаттык сактоо мекемелери операция жана дарылоо кызматтарын гана акысыз көрсөтүшөт. Калган жол кире жана башка чыгымдарды бейтап өзү төлөшү керек. Ушул шарт Эркинди убайымга салууда.

- Бул жактан бардык керектүү документтерди топтодум. Өзүм да, донорум да анализ тапшырдык. Донор өзүмдүн бир тууган иним болот. Анын бир бөйрөгүн алам. Түркияга өзүм, донор, анан мени караган бир киши барышы керек экен. Үчөөбүздүн жол киребиз, жашай турган жерибиз, тамак-ашыбыз сыяктуу чыгымдар 15-20 миң доллар болот экен. Котормочу да керек болот дешти. Эң көп дегенде 25 миң долларга чыгат окшойт. "Дизель" форумуна да абалымды жаздым. Балким бирөө жарым көрүп калса, элдин арасынан жардам берчүлөр чыгып калат го деп үмүттөнүп жатам. Өзүм мугалим болуп иштечүмүн. Ден соолугуман улам иштей албай калдым. Гемодиализге акчаны туугандар берди.

Депутаттардын аракетинен майнап чыгабы?

Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, айрым депутаттар дарыланууга барчу оорулууларды тандоодо алар менен акча маселесин ачык эле сүйлөшүп, колунда жокторго жалган үмүт бербөө керектигин билдиришсе, башкалары мамлекет кошумча чыгымдарды өз моюнуна алышы керек деген дагы сунуштарды айтышкан.

Депутат Дастан Жумабеков акчалуу жарандар тизмени күтүп отурбай эле өз алдынча Түркияга дарыланганы кетип жатканын айтып, 100 кишилик тизме ошол колунда жокторго карата камкордук экенин белгиледи:

- Дарыланабыз деген бул адамдар жакыр жашаган адамдар да. Анан биз алардын тизмесин алып "баргыла" деп жатабыз. Анча каражатты кайдан табат? Эгер колунда болсо, тизмеси жок эле барып, өздөрү дарыланып келбейт беле. Ошондуктан мен өкмөткө сунуштап жатам. Мына, Түркия тарап ушундай жардам көрсөтүп жаткан соң, биз дагы ошол кыйналып, ооруп турган жарандарыбызга, элибизге жардам көрсөтпөйлүбү? Мамлекет ошол кете турган чыгымдарды өз моюнуна алсын деп жатам. Ашып кетсе, 7 миллион сом кетет чыгар.

Жакында саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев Түркиянын Эл аралык кызматташуу уюмунун вице-президенти Мехмет Сурейа Эр менен жолуккан эле. Министр Түркияга бара турган бейтаптардын көпчүлүгү талапка ылайык жол кире жана ооруканадагы чыгымдарын өз алдынча көтөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эместигин белгилеп, айрым операцияларды Түркиянын заманбап клиникаларынын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүндө жасоону сунуштаган.

Министрликтин башкы адиси Элнура Боромбаеванын айтымында, орган алмаштырчу жарандар Түркияда донору, аны караган кишиси менен кошо үч айдай жүрүшү керек. Бул ири каражатты талап кылат. Ошондуктан мындай операцияларды келечекте Кыргызстанда да жасоо үчүн инвесторлорду тартуу аракети жасалууда.

- Кыргызстанда Трансплантология борбору курулганы жатат. Ошол борбор курулгандан кийин гана ошондой оор операцияларга шарт түзүлөт. Азыркы биздин клиникаларда андай операцияларды жасоо өтө кооптуу. Биздин шартта ага жол бербейт. Анын өзүнүн жоболору бар.

Акча жок, тизме кыска

Элнура Боромбаеванын айтымында, бул оорулууларга финансылык жардам берүү боюнча министрликте бюджет каралган эмес. Ошондуктан жарандар азырынча өздөрү аракет кылып акча топтоого аргасыз. Эгер жаран дарыланчулардын тизмесине кирип, бирок учурунда акча таба албай калса, анда ал каражат топтогуча тизмедеги орду жылдырылып, кийинки жылдын квотасына өткөрүлөт.

- Эгер алардын акчасы жок болуп калса, анда алар кийин акча топтогондо кийинки жылдын квотасына киргизилет. Анткени аны Түркия тарап тандаган болуп саналат да. Биз негиздеп, “былтыр ушул оорулуу тандалган, бирок финансылык маселеси чечилбегендиктен 2016-жылга калтырылды. Аны кайра карап чыгууну суранабыз” деп түрктөргө кайра кат жазабыз. Ошондо оорулуулар документтерин жаңылап бериши керек. Анткени оору өзгөрүп турат да. Биз кайра аны Түркияга жиберебиз, алар карап туруп бизге жооп беришет. Анткени алар акчанын айынан калып калгандар, демек, себеби бар болуп жатат. Антпесе биз кечке чейин бир квотаны бир киши менен эле бекер кармап жүрө албайбыз. Бул өтө кыйын. Себеби азыр бир орунга жети-сегиш киши болуп жатат.

Саламаттыктык сактоо министрлигинин маалыматында, 2015-жылга карата ушул тапта 422 киши тизмеге кирүү боюнча арыз беришкен. Ведомство аралык тандоо комиссиясы алардын ичинен 200дөн ашыгын тандап, тийиштүү документтерин Түркия тарапка жөнөткөн. Алар 200дүн ичинен операцияга кирчүлөрдү дагы бир ирет өздөрүнүн критерийлери боюнча тандап чыгышат. Азырынча жооп келе элек. Ушундай эки тараптуу тандоолордун жыйынтыгы менен жыл аягына чейин 100 киши Түркияга жөнөтүлүшү керек.

29-апрелде бөйрөк оорулуу жарандардын жакындары Кыргызстандын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева менен болгон жолугушууда Түркияда бекер дарыланууну уюштуруу маселеси өтө жай түрүп жатканын сындап, оорулууларды эртерээк жөнөтүүнү суранышкан эле.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG