Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Кулубаева: Кыздар эне болууга даяр эмес


Кыргызстанда акыркы 2 жылдын ичинде ара төрөлгөн 500дөн ашык ымыркай чарчап калган. Наристелердин ара төрөлүшүнүн башкы себеби кош бойлуу аялдардын учурунда ооруканага көрүнбөгөндүгүндө болууда. Бишкектеги перинаталдык борбордун ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Аида Кулубаева “Азаттыкка” маек курду.

- 500дөн ашык ымыркай ара төрөлүп чарчап калган экен, бул эмне себептен болууда?

- Себептери ар кандай. Биринчиден, социалдык-экономикалык фактор. Аялдын кандай шартта жашаганы, иштегени маанилүү. Мисалы, компьютердин алдынан турбай иштесе, же кандайдыр бир химиялык заттар менен байланышы бар жумуш менен алектенсе албетте таасирин тийгизет.

Андан тышкары билим деңгээли роль ойнойт. Кош бойлуулукка даярданышпайт, бала күтүп жатканда каттоого турбай, ооруканага кайрылбай жүрө беришет. Күтүлбөгөн кош бойлуулук жана энелердин тамеки тартуусу да ымыркайлардын эрте төрөлүшүнө алып келүүдө.

Үчүнчүдөн, социалдык-биологиялык фактор таасирин тийгизет. Бул аялдардын жаш курагынан көз каранды. Мисалы, азыр 17 жашка чыга элек кыздар төрөп атышат. Бул да ымыркайдын убагына жетпей төрөлүшүнө түрткү болот. Тескерисинче 30 жаштан кийин да төрөсө баланын ара болуп калуу коркунучу жогору.

- Азыр деле элет жергесинде ооруканага көрүнбөй, үй шартында төрөгөндөр бар экен.

- Азыр айыл жергесинде эле эмес, шаарда деле үйдө төрөп койгон учурлар кездешүүдө. Анан кандайдыр бир коркунуч болгондо гана тез жардам чакырып, биздин борборго келишет.

- Чет өлкөдө бир ымыркай чарчап калса, маселе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, коомдо чоң талкуу болот. Кыргызстанда 500дөн ашык ымыркай чарчап калган экен, мамлекет, коомчулук кандай мамиле кылууда?

- Мамлекет колдон келген жардамын аяган жок, керектүү жабдыктарды, дары-дармектерди алып берет. Биз да алдын-ала чараларды көрүп жатабыз. Кош бойлуу аялдарды убагында карап, инфекциялары болсо дарылап жатабыз. Бүгүн эле саламаттыкты сактоо министри келип, бизге жаңы дары-дармектерди тапшырып кетти.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG