Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

"Кумтөрдө" жүздөн ашуун жумушчу ууланды


"Кумтөрдүн" ашканасы
"Кумтөрдүн" ашканасы

"Кумтөрдүн" 100дөн ашуун жумушчусу тамак-аштан ууланганы айтылууда.

20-июлда "Кумтөрдүн" кызматкерлери ууланганы белгилүү болду. Бирок алар өздөрүнүн жетекчилерине 18-июлда эле ооруп кайрылганын, жетекчилери аларды үйүнө жөнөтүп жибергенин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаменттин мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зуридин Нурматов "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

“Азаттык”: "Кумтөрдөгү" уулануу боюнча кандай кабарыңыз бар?

Зуридин Нурматов: 20-июлда эртең менен саат тогуздарда Караколдогу санэпидем көзөмөл борборуна кабар келген. Ал жерде башкы дарыгердин көзөмөлү алдында бригада түзүлүп, "Кумтөргө" барып келишти. Жалпысы болуп ал жерде 1596 киши иштейт экен. Анын ичинен "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" жумушчулары 1067, 496сы барып-келип иштейт.

20-июлда саат кечки алтыга чейин өздөрүнө 102 киши кайрылган. Алардын баарын жашаган жерине жөнөтүп жиберишкен. 18-июлда биринчи ооруган эки киши кайрылган.

21-июлда саат экиге чейинки маалымат боюнча Караколдо ооруканада 2 киши, Жети-Өгүздө 17, Ак-Суу районунда 4 кишиден кайрылган, экөөнүн абалы начар деп жатышат. Тоң районунда 6 киши Балыкчыда 4 киши бейтапканада, Балыкчыда да 2 кишинин абалы оор деген маалымат бар. Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына 5 киши кайрылган, үчөө жаткырылды.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Демек баары бир учурда ооруканага алынып барылган эмес, үйүнө кетип калган оорулуулар да болушу мүмкүнбү?

Зуридин Нурматов: Ооба, ошондой болуп жатат. 19-20-июлда тарап кетишкен. "Кумтөрдүн" өзүндө жаткырып, дарылаганга шарт жок. Биринчи жардам көрсөтүп, балким тазалап туруп, “ооруканага баргыла” деп жиберишкен.

Уулануунун себебин билишпейт. Помидор, бадыраңдан салат, жумуртка, колбаса жешкен. Сүт, шабдалы, өрүк да бар экен. Температурасы болсо 37-38 даража.
Арасында уулангандар дагы бар болсо керек. Бригада барганда үч киши ошондой эле симптомдор менен кайрылган. Ичи өтүп, температурасы көтөрүлүп, башы, муундары ооруп жаткан экен.

Чоң компанияларга мөмө-жемиштер лабораториялык текшерүүдөн өткөндөн кийин алып барылыш керек. Бирок алар буга байланыштуу документтерин көрсөтө алган жок. Жумурткага да лицензиясы жок. Азыр тамактарды, адамдарды анализдеп жатышат.

“Азаттык”: Ууланган жарандардын айтымында, "Кумтөрдө" мындай окуялар мурда да болуп, аны жетекчилик жашырып койгон экен. Сиздер ушул сыяктуу иштерди көзөмөлдөйсүздөрбү?

Зуридин Нурматов: Бизде андай маалымат жок. Мурда биздин министрлик болсун, ИИМ болсун “"Кумтөргө" эч ким кирип текшере албайт” дегендей болуп келишимге кол коюлуп калган. Эми гана депутаттардын, өкмөттүн кийлигишүүсү менен көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк пайда болуп жатат. Мурда уулануу болушу мүмкүн.

Зуридин Нурматовдун айтымында, азырынча адамдар тамактан гана ууланган деген божомол коюлуп жатат. Химиялык ууланууга байланыштуу көрүнүш байкалган эмес. Бирок санитардык экспертизанын жыйынтыгы жана оорулуулардын анализи азырынча чыга элек.

XS
SM
MD
LG