Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Кыргызстанда энелердин жана наристелердин өлүмүнүн саны мурдагы жылдардан азайганы менен маселе дале олуттуу көйгөй бойдон калууда. Дарыгерлердин абалды жакшыртуу аракеттерине карабастан мамлекеттик колдоо жетишсиз.

Акыркы жылдары Кыргызстанда энелердин өлүмү эң көп катталып келет. Бул сан мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл 28 пайызга азайды. Бул тууралуу Энеликти жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун 50 жылдыгына арналган мааракелик жыйын учурунда айтылды.


Эне саламаттыгы - эл саламаттыгы


Аталган борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаевдин айтымында, энелердин жана балдардын саламаттыгы дале болсо өлкөдөгү олуттуу көйгөй бойдон калууда.

- Бүгүнкү күндө эне менен баланын ден соолугун көзөмөлгө алууда абдан көп көйгөйлөр бар. Биринчи кезекте, алыскы айылдарда кадрлардын жетишсиздиги, экинчи - материалдык-техникалык базанын начардыгы. Мисалы, реформага чейин ар бир аймакта балдар ооруканалары болсо, азыр облусутук деңгээлде түштүктө Ош шаарында гана калды. Калган аймактардагы балдар ооруканаларынын бардыгы чоңдор бөлүмдөрүнө кошулуп кетип, өзүнүн уюштуруу-методологиялык ролун жоготуп койду.

Узакбаевдин кошумчалашынча, мамлекеттин казынасынан бул тармакка бөлүнгөн каражат жетишсиз болууда.

Өлкөдө эне менен баланын саламаттыгына байланышкан көйгөйлөрдүн курч бойдон калганын президент Роза Отунбаева да моюндап, дүйнөдөгү башка өлкөлөр бул багытта алдыга кадам шилтеп жатса, Кыргызстандагы көрсөткүчтөр көңүл жылытпаарын айтты:

-Эненин жана баланын саламаттыгы тууралуу маселелер биз үчүн маанилүү маселе бойдон калууда. Дүйнөдөгү 191 мамлекет 10 жыл мурун жарыяланган Үчүнчү миң жылдыктагы максаттарды ишке ашыруу үчүн ашыгып турушат. Тилекке каршы, биз болсо үчүнчү миң жылдыктын максаттарына арналган саммитте энелердин жана балдардын өлүмүн азайтуу боюнча максатты ишке ашыра албагыныбызды моюнга алууга мажбур болдук.


Аз кандуулук азайууда


Бир катар адистер эне жана баланын саламаттыгындагы маселелер жалпы улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна коркунуч алып келээрин белгилешүүдө. Медицина илимдеринин доктору Сырга Бөкөнбаева акыркы жылдардагы бойго жеткен уландардын көпчүлүгүнүн аскер кызматына жараксыз болушунун себептеринин бири дал ушул эненин жана баланын ден соолугуна кам көрүлбөгөндөн улам экенин айтат.

Дарыгерлер эне менен балдардын өлүмүнүн көп болушуна калк өзү күнөөлүү экенин айтып келишет. Элеттеги энелердин билиминин аздыгы жана маалыматтан аксашы терс жагдайларга шарт түзүп жатканын Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башачысы Анара Бердикожоева билдирди:

- Нарын облусунда 2010-жылы 6 эненин өлүмү катталган. Бул жылы болсо 2 эненин өлүмү катталды. Бул абалды байкоого алып көрсөк өлүмдүн негизги себептери эрте медициналык каттоого турбоо, миграция болууда. Мисалы, көпчүлүгү Бишкекке, Чүйгө иштеп кетет да, төрөгөнгө аз калганда келишет.

Деген менен дарыгерлер эл аралык уюмдардын көмөгү астында наристелердин өлүмүн азайтуу үчүн бир катар иштер жасалып жатканын билдиришүүдө.

Өлкөнүн башкы балдар дарыгери Элнура Боронбаеванын маалымдашынча 2009-жылдан бери иштеп жаткан “Гүлазык” программасынын жыйынтыгында наристелер арасындагы өлүмдү азайтууга жетишилген.

- Эл аралык донорлор менен иштеп, бир катар жетишкендиктерибиз бар. Мисалга “Гүлазык” программасын ишке киргиздик. Бул программа болсо балдар арасындагы аз кандуулук жана башка ооруларды азайтууга багытталган. 2010-жылы Улуттук статистикалык агенттик менен бирге изилдөө жүргүзүп, анын негизинде 2 жашка чейинки балдар арасында аз кандуулукту 26, 5 пайызга азайганын байкадык.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен болсо эненин жана баланын өлүмүн азайтуу үчүн жабдыктарды сатып алып, дарыгерлердин билимин өркүндөтүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалашты.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG