Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

Кургак учук илдетинен азап тарткан бейтаптар Улуттук фтизиатрия борборунун санитардык абалына даттанышууда. Алардын айтымында, мекемеде жатып дарыланууга мүмкүн болбой калды.

Улуттук фтизиатрия борборунун эскирген бөлмөлөрү Кыргызстандын булуң-бурчунан келген бейтаптарга толгон. Орун жетишпегендиктен жедеп эскилигине жеткен керебеттерде айла жок жатып дарыланышат. Союз маалынан бери бир да жолу оңдолбогон оорукананын санитардык абалына нааразы болгондор көңүл бурган эч ким жок дешет.

Ооруканага баш бакканыбызда туш тараптан арманын айткандар бир заматта чогула калды. Алардын бири Наргиза мындай дейт:

- Мына, көрүп атасыңарбы, столдору эски, жетишпейт. Шейшеп, төшөк дегендерди өзүбүз алып келебиз.

Шарты жок бөлмөлөрдө дарылангандар сууга зар. Эки-үч айлап дарылангандар жуунганга эмес, чай кайнатканга суу таба алышпайт. Көпчүлүгү үйлөрүнөн бөтөлкөлөргө суу алып келип, палаталарга тизип коюшкан. Үч айдан бери бул жерден жаткан Нуркыз эже буларды айтты:

- Азыр го ысык суу жалпы шаарга берилбей жатат, бирок муздак суу чыкпай жатпайбы. Дааратканага суусу менен кошо барышат. Анан кайдагы гигиена жөнүндө сөз болот? Айла жок, шарты ушул болсо эми эмне кылабыз деп коюп жатабыз.

Кургак учуктун азабынан Улуттук борборго кайрылган Алтынбек мындай шартка чыдабай, бир ай мурун туугандарынын үйүнө чыгып кеткен. Учурда маал-маалы менен келип, догдурдун көзөмөлүнөн өтүп турат.

- Жуунган да, тамактанган да жерибиз ошол жер. Какырынып-түкүрүнүп коюп ошол жерде кайра эле идиш-аяк жууйбуз. Ысык суу мурун деле жакшы чыкчу эмес. Карандай чай ичүү өзүнчө эле бир проблема.

Акчаң болсо, шарт да болот

Дарыгерлер социалдык оорунун катарына кирген кургак учук күчтүү тамак ичүүнү талап кыларын белгилешет. Бирок Алтынбектин айтымында, борбордо берилген тамактын аты эле болбосо даамсыз, эптеген суу шорпо берилет. Оорукананын тамагына алымсынбагандар дээрлик үйлөрүнөн алып келишет.

- Жөнөкөй эле гречка кошулган шорпо берилет. Мындай тамакты негизи башка ооруканаларда атайын диета кармагандар жесе болот го. Биз күчтүү тамактанышыбыз керек. Сүт такыр берилбейт. Мурун компот беришчү эле, анысы да жок. Даамы бир башкача, суюк тамагына бир-эки эт кошуп коёт. Ушул нерселерди бирөө-жарым көзөмөлдөйбү?

Үч күндөн күндөн бери орун таппай, алыскы Оштон келген Осмон аксакал болсо дарыгерлердин кайдыгерлерик мамилесине нааразы болуп, мекеменин алдында отуруптур. Атасын дарылатууга кошо келген кызы кыйналып жатканын көрүшсө деле акча бермейин врачтар келгендерди көрмөксөнгө салышарын айтып кейийт.

- Эртең менен шашпай келип, чай ичишет. Биз болсо күтүп отурабыз. Айла жок, жакшы карап берсин деп акча бермей башталат.

Оорукана өзү жардамга муктаж

Кургак учук, СПИД жана малярия менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддон акча бөлүнөрү тууралуу кабары бар айрым бейтаптар атын атабоону суранышып, ийнеден баштап операцияларга чейин акча төлөп жатканын да айтышты. Былтыр Глобалдык фонд дары-дармектер менен 12 миллион сомго камсыздаган экен.

Борбордун башкы дарыгери Бердибек Сейилкановдон айрым дарыгерлердин акча талап кылган учурлары туурасында сураганыбызда "далил болбогон соң имиштер айтыла берет" деген жооп алдык.

- Андай фактыларды көрбөгөн соң кантип далилдей аласың? Анын үстүндө кургак учук дарылаган жайга медайымдар оңой менен келбейт. Консультацияга чакырсаң да келишпейт.

Башкы дарыгер үч маал берилип жаткан тамак-аштын рациону бөлүнгөн каражатка байланыштуу болгонун айтат. Жылына сарпталган 9 миллион сомго керектүү азыктар сатылып алынууда. Жылына эки жарым миң киши келип дарыланган жайдын бир бөлүгү мындан бир нече жыл мурун жаңыланган экен. Борбор качан оңдолору дале белгисиз. Дарыгерлердин айтымында, бюджеттин көлөмүнө Улуттук фтизиатрияны оңдоо мүмкүн болбогондуктан Германиянын өнүктүрүү банкына кайрылышкан.

- Банктын өкүлү өткөн жылы келип, "ушундай шартта кантип иштейсиңер" деп таң калып кеткен. Баш-аягы 9 миллион евро кетерин эсептелген. Эми министрликке кат жазып атабыз. Кызматташуу боюнча атайын протоколго да киргизилиш керек экен.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев бир эле борбордун абалы эмес, Кыргызстандагы ооруканалардын абалын оңдоого каражат жетишпей турганын айтат. Бирок ушул жылдын жазында дайындалган министрдин орун басары кургак учукту дарылаган улуттук борбордун абалын көрө элек экен.

- Санитардык абалы болгондо кир бекен? Оңдоло элек бекен? Мен көрө элекмин. Жакында эле дайындалбадымбы. Жетекчисин чакырсам эки жакка чыгып кеткен экен. Маалыматтын баары ошондо.

60-жылдан бери каралбаган мекеменин имаратын оңдоо эртелеп башталса жакшы болмоктугун айтышат борбордун кызматкерлери. Айрыкча кургак учукту жуктуруп алгандар күч алып жаткан маалда шарты жакшы жайларда дарыланышса, көптөгөн адамдар аман калмактыгын белгилешет.

P.S. Бул макала жарыялангандан эки күн өтпөй редакциянын электрондук дарегине Улуттук фтизиатрия борборунан жооп кат келди. Борбордун жетекчилиги "Азаттыкка" жолдогон катта макаладагы айрым жагдайларды түшүндүрүп беришкен. Катты бул жерден окуй аласыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG