Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана эксперттерден турган жумушчу топ Кыргызстанга сапатсыз, каттоосу жок, текшерүүдөн өтпөгөн дары-дармектер алып келинип жатканын айтып чыгышты.

Мындан сырткары бул жактагы дарылар АКШ менен Европадагы баадан алда канча кымбат сатылары да айтылууда.

"Арай көз чарай" талкуусуна Дары-дармек, медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу департаментинин бөлүм башчысы Жумакан Урмамбетова, дары- дармектердин сапатын иликтөөгө алган депутаттык топтун мүчөсү, “Психикалык саламаттык” коомдук уюмунун башчысы Бурул Макенбаева, Фармацевтикалык ассоциациянын президенти Эрнис Асанов, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева катышты.

“Азаттык”: Депутаттардан жана эксперттерден турган жумушчу топ Кыргызстанга каттоосу туура келбеген 189 аталыштагы дары-дармек алып келингенин айтып чыктыңыздар. Ал эмне болгон дарылар, анын кирип калышына ким күнөөлүү?

Бурул Макенбаева: Жумушчу топ иштеп жатканда кошумча арыздар түшүп жатты. Алардын бири 189 дары-дармекти алып келгени тууралуу болду. Өзгөчө кырдаал түзүлгөндө мыйзам боюнча ошондой дары-дармек алып келсе болот. Бирок алар кайсы өзгөчө кырдаалга карап алып келингени белгисиз. Алардын ичинде Кыргызстанда абдан көп катталган дарылар деле бар. Такыр эле дары эмес, биологиялык кошулмаларды, витаминдерди да алып келген.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Сапатсыз, уруксаты жок дарылардын келип жатышына кандай жагдайлар түрткү болууда?

Жумакан Урмамбетова: Бул дарылар мыйзамсыз алып келинген дегенге кошулбайм. Бизде “Дары-дармектер жөнүндө” мыйзам бар. Мисалы, 36-беренеде "өзгөчө кырдаалдар болгондо" деп турат. Алынып келген дарылар ал беренеге туура келбейт. Ал эми 35-берене боюнча дары-дармектер эгер тизмеге кирген болсо, анда сатууга жана колдонууга уруксат берилет.

Токтайым Үмөталиева: Кыргызстанда расмий катталып, тизмеге кирген 6,5 миң дары-дармек бар экен. Тизмеге киргизүүдө да коррупция бар. Мисалы, Австрия киргизбеген дарыларды биз киргизип жатабыз. Ар бир дарынын далилдик базасы болушу керек. Эмнеге, кандай клиникалык иликтөөнүн негизинде ал дарыларды биз алып жатабыз? Ошол эле Швейцарияда 2,5 миң дары, Англияда расмий уруксат берилген 1300гө жетпеген аталыштагы дары-дармек бар экен. Кыргызстанда эмне баары эле оорукчан болуп калдыбы?!

“Азаттык”: Кирешелүү деп эсептелген бул бизнестин ээлери элдин камын ойлойбу же өз чөнтөгүнбү?

Эрнис Асанов: Сапатсыз дарылар кирип атат деген туура эмес сөз. Бурул эженин да, Токтайым эженин да фармацевтикалык билими жок, тажрыйбасы жана бул тармакка эч тиешеси жок. Бул тармакта фармацевтикалык билими бар адамдар иштеши керек. Азыр башы ооруган кишинин баары эле кайсы жерде чуу болсо, ошол жерде жүрөт. Биз алып келген дарылардын бардыгы лабораториядан текшерилет, каттоодон өткөн. Бул жөн эле саясий оюн болууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG