Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

14-ноябрда дүйнө жүзү Кант диабетине каршы күндү белгиледи. Дүйнөдө ар бир 7 секундда бул дарттан бирден киши көз жумат.

Кыргызстанда да кант диабети менен ооругандардын саны жыл сайын миң кишиге көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө расмий маалыматтар боюнча 33 миңден ашкан. Адистер бул сан чынында 3-4 эсеге көп болушу мүмкүндүгүн айтууда.

Кыргызстан саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетовдун айтуусунда, кант диабети өзгөчө ишке жарамдуу адамдардын арасында көбөйүп жатат:


- Тилекке каршы дүйнө жүзүндөгү башка мамлекеттердей эле Кыргызстанда дагы кант диабети менен ооруган адамдардын саны өсүп жатат. Анын ичинен майып болуп калгандар жана өлүмгө дуушар болгон учурлар да аз эмес. Акыркы беш жылда ишке жарамдуу курактагылардын ичинен бул оорууга кабылгандардын саны абдан өстү. Диабет менен ооруган адамдардын так санын биз билбейбиз. Анткени алыскы айылдарда диабетке дуушар болгонун билбей жүргөндөр өтө көп.

Кант диабетин «унчукпай алган ажал» деп аташат. Кыргызстанда бул дартка чалдыккандардын саны расмий эсепте 33 миңден ашык, бирок чынында бул сан 3-4 эсеге көп болушу ыктымал. Анткени көп адамдар кант диабети бар экенинен шек санабай жүрө беришет.

Бишкек шаардык эндокринологиялык диспансеринин дарыгери Кайыргүл Жоошбаева кант дибетинин белгилерин мындайча эске салат:

- Адам арыктайт, суусайт, чаңкайт, тез-тез заара кылат, дене кычышат, айрым аялдардын жыныстык органдары да кычышышы мүмкүн, жаракат кеч айыгат. Ошондой эле көздүн көрүүсү начарлайт. Кээ бир адамдарда бул белгилер байкалбай жүрө берет дагы, анан оору өтүшүп кеткенден кийин келгендер абдан көп.

Дүйнө жүзүндө ар бир 7 секундда эки адам диабет дартына чалдыгат. Ал эми ар бир 30 секундда диабеттин өтүшкөн түрүнөн бир адамдын бутун ириң басып, операция жолу менен кесүүгө туура келет.

Бишкек шаарынын тургуну Любовь Чернышова да өткөн жылы бутунан ажыраган экен:

- Мен 1998-жылдан бери кант диабети менен ооруйм. Кийинки жылдары канымдагы канттын деңгээли көтөрүлүп, өткөн жылы бутумдун сөөгү ооруганынан жөн гана суук тийген экен деп ойлогом. Бирок бир түндүн ичинде эле бутум шишип кетти. Катуу ооруудан жанымды койгонго жер таппадым. Анан таманымдан ириң агып, бутум карарып кетти. Ооруканага жатканда дарыгерлер бутумду сактай албай калышты, операция жасап кесүүгө туура келди. Мен аябай катуу депрессияга түшүп, жашагым да келбей калды. Бирок убакыт өткөн сайын өзүмдү колума алдым да, азыр балдак менен басып жүрөм.

Бул дартка чалдыккан адам өмүр бою дарыланууга туура келет. Кыргызстанда кант диабети менен ооругандарга инсулин бекер таратылат, бирок дары-дармектерди өз акчасына сатып алышат:

- Инсулинди дарыгерим айына бир жолу алып келет. Бирок таблетка түрүндөгү дары-дармектерди өзүм сатып алам. Дарынын баасы өтө кымбат. Эң арзаны 300 сомдон жогору. Айла жок, сатып алам, -
деди Любовь Чернышова.

Акыркы жылдары кант диабети жашарып баратканы аныкталды. Эгерде мурда диабет менен 50дөн жогорку курактагы адамдар ооруса, акыркы кезде жаш балдардын арасында да көп кездешип жатат. Адистер бул илдетке улан кезинде чалдыккандардын өмүрү кыйла кыска болоорун белгилешүүдө.

Бишкек шаарынын башкы эндокринолоргу Людмила Маркова кант диабети башка оорулардын келип чыгышын шарттайт дейт:

- Кант диабети жүрөк, кан тамырды жабыркатат. Ошондой эле көздүн көрбөй калуусуна, буттун ириң басышына жана бөйрөктүн иштебей калышына алып келет. Ошондуктан диабет менен ооругандардын көпчүлүгү инсульт, инфаркт, бөйрөк ооруларынан каза табышат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, дүйнө жүзүндө 2050-жылга кант диабети менен ар бир экинчи адам оорушу ыктымал. Диабеттин алгачкы мандемдери билинбегендиктен, бардыгы эле бул дарттан алдын ала сактана албайт экен. Андыктан жылына бир жолу кандагы канттын деңгээлин ар бир адам текшертип туруусу зарыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG