Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:35

Арыкбаева: Сарыкка чалдыккандар көбөйдү


Кыргызстанда быйыл сарык оорусу былтыркыга караганда бир жарым эсе көп катталууда. Бирок адистердин айтымында абал кооптуу деп айтууга негиз жок.

Сарык – балдар арасында көп катталчу ичеги-карын жугуштуу оорусу, боорду жабыркатат.

"Азаттыктын" суроолоруна өкмөткө караштуу санитардык-ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мамлекеттик санитардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Бүбүжан Арыкбаева жооп берди.

“Азаттык”:
Саламаттыкты сактоо министрлиги өткөн аптада “сарык күчөдү, абайлагыла” деген маалымат таратты. Жалпы абал кандай?

Арыкбаева: Жалпы республика боюнча абалды оор деп айтууга болбойт. Бирок чынында эле өсүп жатат ооругандардын саны. Быйыл 5 346 адам катталды. Былтыр ушул эле маалда 3 465 болчу. Былтыркыга караганда бир жарым эсе көбөйдү.

“Азаттык”: Мунун себеби эмнеде болду экен?

Арыкбаева: Гепатит оорусунун түрлөрү бар. Бизде көп катталганы “А” түрү – Боткин оорусу. Көбүнчө кир суу ичкенде, тамак-аш аркылуу жугат. Быйыл абанын ысык болушу да өз таасирин тийгизди, менимче...

“Азаттык”: Кандайча?

Арыкбаева: Күн ысыганда микробдордун көбөйүп, тез жайылышына жакшы шарт түзүлөт.

“Азаттык”: Оору жайылбашы үчүн көзөмөл кандайча жүргүзүлөт?

Арыкбаева: Сиздер айтып жатпайсыздарбы, бала бакча, мектеп деп... Бирок биздин анализ боюнча сарыкка көбүнчө үйдөгү балдар көп чалдыгат. Мектеп, бала бакчада бирден-экиден бар, бирок жалпы баары ооруп калган учур болгон жок.

“Азаттык”: Оорунун алдын алуу үчүн эмне кылыш керек?

Арыкбаева: Биринчиден, колду таза жууш керек. Жалпы жонунан айтсак, гигиенаны сактоо зарыл. Тилекке каршы, бизде адамдар көчөдө сатылган тамак-ашты алып жешет. Экинчиден – суу маселеси. Бул оору Баткен облусунда, Ошто жана быйыл Ысык-Көл облусуна көп катталып жатат. Аталган облустарда жашагандарга балага сууну кайнатып бергиле деп айтаар элем.

“Азаттык”: Бала бакча, мектептерде аз катталды дедиңиз, бул көзөмөлдүн катуу болгонунанбы?

Арыкбаева: Ооругандар кайсы жактан түшкөнү катталып турат да. Бала бакча, мектептерде таза суу, канализация маселеси чечилген. Тарбиячы балдарды эшикке алып чыккандан кийин сөзсүз колун жуудурат. Ал эми үйдө көбүнчө чоң энесинин көзөмөлүндө калгандардын колу жуулуп жатабы, жокпу, ким билет...
XS
SM
MD
LG