Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Кыргызстанда кургак учуктан мерт болгондордун саны азайды делгени менен, балдар жана өспүрүмдөр арасында бул дарттын өтүшкөн түрлөрү көбөйүүдө.

Өткөн жылдары Кыргызстан дүйнөдө ВИЧ/СПИД менен катар кургак учук илдети тез тараган жети өлкөнүн катарына кирген.

"Азаттыктын" жума күнү өткөн "Арай көз чарай" берүүсү ушул темага арналды. Талкууга Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулат Кадыров, аталган борбордун балдар бөлүмүнүн башчысы Айсалкын Тешебаева, Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарийка Асилбекова катышты.

“Азаттык”: Маалыматка ылайык, кургак учук илдетин мурдагы жылы 5,2 миңден ашуун адам жуктуруп алса, былтыр бул сан 500гө көбөйгөн. 2012-жылы бул дарттан 450дөн ашуун адам каза тапкан экен. Азыр каттоодо турган бейтаптардын канчасы балдар?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Абдулат Кадыров: Акыркы жылдары кургак учук дартынын дарыга туруктуу формасы көбөйгөнү байкалууда.

Статистикага таянсак, 2011-жылы бул дартка чалдыгуу көрсөткүчү 95 болсо, былтыр бул 103кө көбөйүп кетти. Ушундай эле абал өспүрүмдөр жана балдар арасында да байкалууда. Бул социалдык оору, элдин жашоо-шарты жакшырмайын азайбайт.

Экинчиден, ички жана тышкы миграция да себеп болууда. Орусия, Казакстанга иштеп кетип, айылдардан шаарларга көчүп келип, тирлик кылып аткандардын жашоо-турмушу кандай экени теледен деле көрсөтүлүп жатат. Ушундай шартта да кургак учук көбөйүп жатат.

Кыргызстан боюнча кургак учук менен жабыркаган 400дөн ашуун балдар бар. Калктын санын алганда 2011-жылы жылы 100 оорулуу адамдын 30у бала болсо, былтыр бул сан 38ге өйдөлөдү. Жалпысынан өткөн жылы 5624 киши катталган.

Дарийка Асилбекова: Чындыгында бул маселе өтө оор. Калктын саны аз болгонуна карабастан күчөгөндүн үстүндө, айрыкча балдар арасында.

Мисалы, биздин борборго кайрылган кыз-келиндер балдарын кошо жетелеп келишет. Үч баласынын экөө жөтөлүп, ооруганы көрүнүп турат. Биз аны ошол бойдон эле койобуз, ата-энелери аны далилдеп, такташ үчүн да ар кандай кыйынчылыктарга туш болорун айтышат.

Биздин өлкөнүн экологиясы жакшы деп мактанабыз. Бирок эң жөнөкөй жол маселеси, андан чыккан чаң, акыр-чикир энелерге, айрыкча кош бойлууларга таасирин тийгизип жатат. Оорулуу энеден, оорулуу бала төрөлөт.

“Азаттык”: Мектепте бул илдеттин ачык түрүнө кабылган балдар көп деп айтылат, туурабы?

Айсалкын Тешебаева: Ооба, туура болуп атат. Учурда шаарга келгендер убактылуу каттоого турушат да, көп учурда ооруканага кайрылышпайт.

Кургак учукту балдарга манту берип билебиз, эгер күмөн чыкса гана жергиликтүү үй-бүлөлүк даргерлер тобунун педиатры карап, ошолор текшерүүгө жиберет. Манту чоңойуп чыкканда эле дароо жугуштуу деп айтканга болбойт. Ал эми ачык түрү өспүрүмдөрдө кездешет. Ал эми балдардыкы өпкөдөн сырткары, бездерде болот.

Кээде кургак учукту билбей, сасык тумоо жана башка деп дарылай берип өтүшүп кеткенде алып келишет. Балдарда кургак учуктун башталышы көп деле билинбейт, өзгөчө белгилери деле болбошу мүмкүн. Болгону мүнөзү өзгөрөт, эртең менен сергек болсо, түшкө маал активдүүлүгү жоголуп, арыктап, тамак ичпей калат. Көп деле жөтөлбөшү мүмкүн.
XS
SM
MD
LG