Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Кыргызстанда адамдын органдарын жана эт кыртышын трансплантациялоо же башкаларга жамоо ишин жеке клиникаларга да уруксат берүү жагы каралууда.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жакын туугандар арасында гана мындай операцияларга уруксат берилсин деген токтомго кол коюп, парламентке жөнөткөн болчу.

Муктаждык бар...

Кыргызстанда адам органдарын жана эт кыртышын башкаларга жамоо тууралуу мурда сөз кылуу да мүмкүн эмес эле. Бирок оорулуулар жана кырсыктар саны арткан сайын ушундай муктаждык пайда болгон көрүнөт.

Жүздөгөн адамдар мындай операцияны жасата албай, ажалынан эртелей каза болгондон көрө, трансплантацияга көнүүгө туура келет деп эсептейт Бишкектеги көп профилдүү КАМЭК клиникасынын ээси Эркин Маматов.

- Мисалы, бир адам катуу жараат алды дейли, башы жанчылып, жашоого такыр болбой калды. Бирок жүрөгү иштеп жатса, анын органын алалабызбы? Жок, аны сурай да албайсың. Ошону коомдо туура түшүнүү керек. “Ушул бөйрөк бирөөгө барып иштесин” деш керек. Адамдар баары бир ошого макулдугун бериш керек деп ойлойм.

“Жасалма бөйрөк” аппараты

“Жасалма бөйрөк” аппараты

Маматовдун айтымында, Кыргызстанда органын алмаштырып келген 20дай адам бар.
Трансплантациялоо өнүккөн АКШда атайын орган таратуу борборлору түзүлгөн. Алардын статистикасына ылайык, ушундай жол менен жылына 20 миңдей адамдын өмүрүн сактап калышат. Алар паспорт же айдоочулук күбөлүгүн алып жатканда "кырсык болсо, органымды берем (бербейм)" деп бир бетине белги коюшат экен.

Бир адамдын органдары сегиз адамды сактап кала алат же 50сүнүн ден соолугун жакшыртат. Ал эми Кыргызстанда орган сатуу бизнеси күчөп кетет деген ой мындай операциядан кооптонуунун экинчи себеби болуп эсептелет дейт Маматов.

- Ансыз деле орган сатылып жатпайбы. Күчөй берсин, эмне болот экен, бардык жерде эле сатып жатышпайбы. Донордун ден соолугуна зыян келбегенден кийин каалаган оокатын кылганга укуктуу. Эмнеге башка өлкөлөрдө булардын баары жөнгө салынган да, ал эми Кыргызстанда болсо, кылмыш катары каралат? “Мен бөйрөгүмдү сатат элем” деп бизге көп келишет, мыйзам жол бербегендиктен баш тартабыз.

Органын сатып, бизнес жасап...

КАМЭКте орган алмашырчу адистер, жабдыктар даяр экен. Органдарды трансплантациялоо боюнча мыйзамда мамлекеттик бейтапканаларга гана уруксат берилген. Бирок депутат Игорь Гусаровдун айтымында, мамлекеттик Трансплантациялоо борбору 10 жылдык тарыхында бир да жолу бирөөгө бөйрөк же жүрөк салып бербептир.

Ошондуктан каражаты жеткен жеке клиникаларга уруксат берүү жагы чыккан көрүнөт. Мыйзамга мындай толуктоону эл өкүлү Игорь Гусаров сунуштап, өкмөт колдоду.

- Мисалы, бирөө ооруп жатса, ага агасы же атасы гана органын бере алат. Мыйзамга толуктоону ушинтип сунуштаганбыз. Бул процесс каршы чыгып жаткандар ойлогондой жеңил эмес. Кинодогудай бирөө бара калып эле органыңды жулуп албайт. Донордун ден соолугун да текшериш керек. Ал турсун паспорту, жашаган жери, жумушу - баары текшерилет.

Игорь Гусаровдун айтымында, Кыргызстанда гемодиализ 100дөн 300 долларга чейин турат, оорулууга бир айда төрт жолу жасаш керек. Чет өлкөдө бир органды алмаштыруу 100-150 миң доллар турат. Кийин да өмүр бою врачтын көзөмөлүндө болуш керек.

"Мунун ордуна Кыргызстанда жеке ооруканалар туугандар арасында орган ооштуруу укугуна ээ болсо, көп адамдын каражаты жетиши мүмкүн", - дейт Гусаров.

Дагы бир депутат Турсунбай Бакир уулу туугандар арасында гана уруксат болсо колдойт, болбосо адам органынан бизнес кылгандар көбөйөт деп чочулап жатат:

- Бул маселени мамлекет көзөмөлгө алыш керек. Чет өлкөдөгүгө окшоп адамдарды уурдап, аларды өлтүрүп же тирүү кезинде наркоз бере коюп, органдарын чыгарып алганга биз тыюу салышыбыз керек. Анан да денесинен органын алаарда сөзсүз тууганыбы - муну да аныкташ керек.

Кыргызстанда колунда жок жарандар органын сатуу үчүн Казакстанга, башка мамлекеттерге барганы айтылып жүрөт. Жергиликтүү гезиттердин бири аймактардагы адамдардан бөйрөк алып саткан аялдын окуясын иликтеген болчу. Анда ал аял орточо 10 миң долларга алып, 15 миңге сатканы жазылган.

Адамдар органын өз эрки менен бергендиктен эч ким иш козгой албайт. Кылмыш иликтөө башкармалыгында бир да расмий факт катталган эмес. Бирок айрымдар орган сатууга уруксат берилсе, бала-чаканы уурдоолор күч алат деп санаага түшүүдө. Ал эми мыйзамды жактагандар ар бир органды салууда анын тек-жайы – кайдан жана кимден алынганы расмий тастыкталганда гана уруксат берилет деп ишендирүүдө.

"Азаттыктын" архивинен: Курулай талкуу адам өмүрүн сактап калбайт

Тажикстанда жүздөгөн адамдар дартка чалдыккан тиешелүү дене мүчөсүнүн алмаштырылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Бирок көптөгөн тажиктер донор болууну каалабайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG