Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Мэр менен депутаттын жубайларынын бизнеси


Буга чейин аэропортту күйүүчү май менен Ибраимовдун аялынын ишканасы жабдыйт деген маалыматтар айтылган.
Буга чейин аэропортту күйүүчү май менен Ибраимовдун аялынын ишканасы жабдыйт деген маалыматтар айтылган.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун жубайлары ээлик кылган фирманын айланасында жаңы жагдайлар белгилүү болду. Депутат Алмамбет Шыкмаматов шаар башчынын жубайынын ишканасы авиамайларды дүңүнөн сатуу менен алектенерин айтып чыкты. Бирок Ибраимов жана Пирматов бул маалыматты четке кагышты.

Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун жубайы ээлик кылган компания авиамайларды сатуу менен алектенерин депутат Алмамбет Шыкмаматов айтып чыкты.

Депутаттын “Азаттыкка” билдиришинче, Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимова TM-ORLAN & Group ишканасына Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун жубайы Ольга Атогурова менен чогуу ээлик кылары тастыкталды:

- Бул TM-ORLAN & Group компаниясы 2004-жылы түптөлгөн. 2015-жылы Айнура Ибраимова сатып алган. Бул маалыматты Юстиция министрлигинен алганбыз. Бул компания күйүүчү майды дүңүнөн алып сатат жана Чүй облусунун аймагында май куюучу бекеттерди иштетет деген маалыматты Мамлекеттик салык кызматы берди.

Шыкмаматов кошумчалагандай, өткөн жылы аталган ишкана мамлекеттик бюджетке беш миллион сомдон ашык салык төлөгөн.

Депутат буга чейин коомчулукта Албек Ибраимовдун аялына таандык делген ишкананын айланасында маалыматтар расмий тастыкталганын билдирүүдө.

Алмамбет Шыкмаматов бул маалыматты таратары менен эле Салык кызматы депутат берген расмий тастыктаманы төгүндөөгө шашты. Салык кызматынын жүйөсүндө, депутат Шыкмаматовго берилген документтер TM-ORLAN & Group компаниясы күйүүчү майды дүңүнөн сатканын тастыктабайт.

Аталган кызматтын маалымат катчысы Эркин Сазыковдун айтымында, мэрдин жубайынын компаниясы май ташуу максатында түзүлсө да, учурда андай иш менен алектенбейт:

- Бул жерде фактылар бир аз бурмаланып калган. Анткени Салык кызматы 23-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун суроосунун негизинде кат даярдаган. Катта аталган ишкана Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп жатканда күйүүчү май сатуу менен алектенерин көрсөткөнү айтылган. Бирок төлөнгөн салыктар ушул ишмердиктен улам түшкөнү айтылган эмес. Бул фирма мындай ишмердик менен азыркы учурда алектенбейт.

Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 2013-2016-жылдары “Манас” аэропортун жетектеп турган. Дал ушул учурда анын аялы бизнес өнөктөшү менен TM-ORLAN & Group компаниясын сатып алган. Буга байланыштуу аэропортту күйүүчү май менен анын аялынын ишканасы жабдыйт деген маалыматтар айтылган эле. Бирок журналисттерге курган маегинде Айнура Ибраимова муну жокко чыгарган.

Ал эми депутат Исхак Пирматов жубайы Ольга Айнура Ибраимова менен бирге компанияга ээлик кыларын тастыктады. Пирматовдун айтымында, компания туризм тармагында алектенет. Бирок түшүнүксүз жагдай каттоо учурунда “күйүүчү май ташыйт” деп жазылып калганын депутат айтууда:

- Бул фирма эч качан авиамайлар, күйүүчү май менен алектенген эмес. Алектенбейт дагы. Бул компания 2004-жылы түптөлүп жатканда жөн эле бензин сатабыз деп көрсөтүлүптүр. Бирок иш жүзүндө алектенген эмес. 2015-жылы кайрадан каттоодон өткөрүлгөндө кандайдыр бир себеп менен "авиамайларды сатуу" деген сөз кошулуп калган. Биз азыр бул кандайча кошулуп калганын иликтеп жатабыз. Бул жалган маалымат. Эгер чын эле алектенсе Бажы, Салык кызматтары аркылуу бат эле тастыктаса болмок. Бирок андай эмес.

Ибраимов да өз декларациясында бул компаниядан түшкөн кирешелерди көрсөткөн эмес.
Элнура Алканова

Пирматов Бишкектин мэри менен көп жылдан бери үй-бүлөлүк катышта экенин жашырбайт. Жубайы күйүүчү май менен эзели алектенбегенин айткан Пирматовдун өзү үчүн бул тармак чочун эмес. Ал 2008-2010-жылдары “Кыргызмунайгаз” мамлекеттик ишканасын жетектеген.

Ошентип, компаниянын кожоюндары менен Салык кызматы коомчулукка тараган маалыматты четке кагууга аракет кылууда.

Бирок коомчулукта Албек Ибраимовдун аялына таандык ишканаларда шек туудурган жагдайдар көп экенин айтып, иликтеп чыгуу демилгесин көтөргөндөр чыгууда. Маселен, Ибраимовдун мүлктөрү боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан журналист Элнура Алканованын айтымында, Албек Ибраимов аэропортту жетектеп турган учурда жубайы бул компанияны сатып алышы шек туудурат.

- Менин иликтөөмдө бир компанияны байкадык. ТМ Orland аттуу аба жана авто майларды сатуу менен алектенген компанияга көңүлүбүз бурулду. Бул компанияны Албек Ибраимов "Манас" аэропортунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп турганда анын аялы депутат Пирматовдун жубайы менен бирге сатып алган. Биринчиден, кызыкчылыктар кагылышы болуп жатат. Экинчиден, Ибраимов да өз декларациясында бул компаниядан түшкөн кирешелерди көрсөткөн эмес. Мунун баарын текшериш керек деп ойлойм.

Буга чейин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди мыйзамсыз алып, үй курду деп айыптап чыккан.

Текебаев 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган. Бул коомчулукта чоң жаңжал жараткан. Бирок Ибраимов бул маалыматты четке кагып, Текебаевдин үстүнөн сотко кайрыларын билдирген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG