Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

СПИДдин алдын алуу - ар бир адамдын жоопкерчилигинде


ВИЧке кабылган балдардын ата-энелеринин акциясынан. Бишкек, 2011-жылдын 16-ноябры.
ВИЧке кабылган балдардын ата-энелеринин акциясынан. Бишкек, 2011-жылдын 16-ноябры.

СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн утурлай ВИЧ инфекциясынын жайылышы, анын алдын алуу жана бул коркунучтуу илдетке кабылгандардын тагдыры тууралуу сөз кылдык.

Талкууга Республикалык СПИД борборунун башчысынын орун басары Айгүл Исмаилова жана Ош шаарындагы демилгелүү аялдардын коомдук борборунун башчысы Авазхан Ормонова катышты.

“Азаттык”: СПИДге жеңил ойлуу адамдар жана түрмөлөрдө отургандар, баңгилер гана кабылат деген түшүнүк калыптанып калган. Азыр болсо кадам сайын жугуп калуу коркунучу бар бул оорудан кантип сактанабыз деген кооптонуу ар бир эле кыргызстандыктын жүрөгүндө турса керек?

2010-жылга чейин ВИЧ/СПИД илдетин жуктургандардын саны боюнча Ош шаары биринчи орунда болуп келген. Бүгүнкү күнү Чүй облусу ооруну жуктургандардын саны боюнча алдыда турат.
2010-жылга чейин ВИЧ/СПИД илдетин жуктургандардын саны боюнча Ош шаары биринчи орунда болуп келген. Бүгүнкү күнү Чүй облусу ооруну жуктургандардын саны боюнча алдыда турат.

Исмаилова: Туура айтасыз, мындай түшүнүктөр жашап келген, азыр деле элдин арасында ушундай эле ойлогондор толтура. Бул ооруга кабылгандарды коомчулук көбүрөөк кодулап, аларды жерип атканынын да бирден-бир себеби ушул болуп эсептелет. Эң биринчиден, элде СПИД тууралуу көбүрөөк маалымат болушу керек, ал кантип жугат, жуктуруп албоонун жолдору, жоопкерчилик жана башкалар тууралуу. ВИЧ инфекциясы кан аркылуу жугат: жыныстык катнаш, маңзаттарды ийне менен сайынгандардын арасында көп, энеден балага өтөт. Ал эми турмуш-тиричилик шартында бул оору жукпайт.

“Азаттык”: Айгүл айым, сиз деле мурунтан айтылып келе жаткан жолдорун эле айтып кеттиңиз. Акыркы убактарда бул оору ооруканалардагы хирургиялык аспаптар жакшы зыянсыздандырылбаса жугары, оорулууга куюлган донорлордун каны аркылуу да жугарын айтпай кеттиңиз.

Исмаилова: 2007-жылы балдарга ооруканадан ВИЧ инфекциясы жугуп калган. Ошол убакта биз бул балдар менен байланышта болгон бардык балдарды текшергенбиз, ошондо дагы башка балдарга да ВИЧ инфекциясы жукканы аныкталган.

Угарман: Менин билишимче, ВИЧ инфекциясы адамдын канында алты айга чейин билинбей жашап, андан кийин гана аныкталат экен. Эгер кан донору ВИЧ оорулуу болсо, бирок ал кан тапшыруу учурунда аныкталбаса, билинбесе, анын каны башка оорулууларга куюлуп кете береби? Бассейнде сууда сүзгөн учурда балдар кокус бир жерин тилип канатып алса жугуп калышы мүмкүнбү?

Талкуунун биринчи бөлүгү




“Азаттык”: Авазхан айым, мына сиз жетектеген уюм мигранттар менен иш алып барат экен, бүгүнкү күнү ВИЧ инфекциясы тышка мигрант болуп барып, иштеп келгендерден да көп аныкталып жатканы айтылып жатат?

Ормонова: Биздин уюмдун алдында “Шельтор” деген атайын борбор бар, ал жерде негизинен миграцияга барып, запкы жеген кыргызстандыктар менен иш жүрөт. Бизге кайрылгандарга ар кандай жардам берүүнүн алкагында биз аларды сөзсүз түрдө медициналык толук кароодон өткөрөбүз. Өткөн жылдан бери бизге 100дөн ашуун киши кайрылды, ошолордун ичинен 7 адам ВИЧ инфекциялуу экени аныкталды. Бардыгы эркектер, төртөө үй-бүлөсү бар, алар жубайлары менен жашоону улап атышат, үчөөсү үйлөнө элек жаш жигиттер болчу, алардын экөө үйлөнүп алды.

Быйыл ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алгандардын саны дээрлик 600гө көбөйгөн.
Быйыл ВИЧ/СПИД илдетин жуктуруп алгандардын саны дээрлик 600гө көбөйгөн.

“Азаттык”: СПИД борборуна Глобалдык фонд тарабынан 36 млн. доллар берилгени маалымдалды. Саламаттык сактоо министрлиги СПИД борбору аларга жумшалган каражаттар тууралуу маалымат бербесин айтууда. СПИД борборунун иши канчалык ачык? Акчалар кайда, кантип короп жатканын коомчулук кандай жол менен биле алышат?

Исмаилова: Республикалык СПИД борбору саламаттыкты сактоо министрлигине карайт, ошондуктан, ар бир ай сайын отчет берип турабыз. СПИД борбору ВИЧ инфекциясын аныктоо, ага кабылган адамдарды дарылоо менен гана алек болот. Ал эми ооруканалардан бул илдет жугуп калышына жооптуу эмес. Чынында бизге келген акча-каражаттар тууралуу да көп сөз болот, 36 млн. доллардын 80% алдын алуу иштерине, бейөкмөт уюмдары аркылуу берилет. Ал эми калган 20% гана ВИЧ инфекциясын аныктоочу тестирлерге, антиретровирустук жабдыктарга жумшалат.

Талкуунун экинчи бөлүгү

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG