Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Текебаевдин тарапкерлери жөө жүрүшкө чыгышты


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда "Ата Мекен" партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери Ош-Бишкек жолунда жөө жүрүшкө чыгышты.

Акман айылынан чыккан элүүдөй адам депутатты камактан бошотууну талап кылууда.

Алар колдоруна "Ата Мекен" партиясынын желегин кармап алышкан. Ал эми каттамдын боюнда тигилген боз үйдүн жанында да элүүдөй адам топтолуп турганын "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.

Өмүрбек Текебаев 2010-жылы орус жаранынан миллион доллар талап кылган деген шек менен 26-февралда УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук комитети саясатчынын айыбын далилдөөчү фактылар бар экенин айтууда.

Текебаевдин камалышына байланыштуу анын тарапкерлери буга чейин Бишкекте жана Базар-Коргондо нааразылык акцияларын өткөргөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG