Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

АКШ: Биринчи айым Мишел Обаманын бейнеси


АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама өлкөнү башкаруу мүмкүнчүлүгүн алган, тарыхта кала турган теги афроамерикалык жалгыз адам эмес. Анын аялы Мишел Обама дагы теги афроамерикалык биринчи айым катары тарыхта калмакчы. Мишел Обама деген ким жана ал Ак Үйгө эмне алып келет?

АКШнын келерки биринчи айымы, эки кыздын энеси Мишел Обама бүгүн чоң кызыгуу жараткан коомдук ишмер. Акыркы күндөргө чейин анын жашоосу көпчүлүк америкалыктар үчүн белгисиз болчу.

Мишел августта Демократиялык партиянын курултайында сүйлөгөндөн кийин көп нерсе өзгөрдү: Курултай Мишелдин жолдошу, Барак Обаманы Демократиялык партиядан президенттикке талапкер катары бекитти. Ал өзү да терең маазмундуу сөзү менен эл оозуна алынды.

44 жаштагы Мишел Обама үй-бүлөсүнүн негизги баалуулуктары тууралуу буларды айтат:

- Барак экөөбүз негизинен силер карманган нарк-насилдер менен чоңойдук: жашоодо каалаганыбызга жетүү үчүн өжөрлөнө эмгектендик; айткан сөзүбүзгө турдук, билбеген адамдарыбызга алардын пикирине кошулбасак да урмат менен мамиле кылдык.

Барак Обаманын атасы Кениядан, өзү болсо бала чагын Индонезияда өткөргөн. Ал эми Мишел АКШнын Чикаго штатында жумушчунун үй-бүлөсүндө өскөн. Балалык чагын Мишел айым мындайча эскерет:

- Мен Демократиялык партиянын курултайына атасы өмүр бою жумушчу болуп иштеген чикаголуктун кызы катары келдим. Менин апам агамды жана мени тарбиялап, эч жерде иштеген эмес. Апамдын бизге болгон мээрими үй-бүлөбүз үчүн күчтүү колдоо болгон. Менин атам биздин аска тообуз болду. 30 жашында эске тутуусу начарлап, оорукчан болуп калганына карабастан, атам биз үчүн баатыр, чемпион болчу.

Мишел жана анын агасы Чикагодогу коомдук мектепти аяктагандан кийин АКШдагы эң белгилүү Принстон университетине окууга өтүштү. Мишелдин агасы Крейг Робинсон Принстондо университеттин тарыхындагы эң мыкты баскетбол оюнчусу катары белгилүү. Учурда Крейг баскетбол боюнча таанымал машыктыруучу.

Мишел билимин Гарвард университетинин Юридикалык мектебинде улантып, адвокаттык кесипке ээ болот. Барак Обама менен Мишел Гарвардда таанышкан. Кийинчирээк экөө Чикагодогу юридикалык фирмада чогуу иштеп калышкан.

Барак Обама саясатка келип, Конгрессте сенатор болсо дагы, Мишел Чикаго университетинин ооруканасында башкы администратор болуп иштеп, жолдошуна караганда маянасы бир кыйла жогору болгон.

Президенттик шайлоо өнөктүгү маалында Обаманын атаандаштары Мишелди “ачуулуу кара аял”, башкача айтканда “улутчулдук менен узак күрөштө кыялы бышыккан тажаал аял” катары көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Учурда Мишел айым президенттин жубайы катары кандай ролду ойной тургандыгы тууралуу бир топ кызуу талаш-тартыштар жүрүүдө.

Жакында эле Мишел Обама кайсы бир журналга курган маегинде “Менин биринчи ишим – “жакшы эне” болуу” деп билдирди. Барак менен Мишел Обаманын эки кызы бар – 10 жашар Малиа жана 7 жашар Саша.

Барак Обама АКШнын президенттик кызматына 20-январдан баштап киришет.
XS
SM
MD
LG