Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

Мектепке жоолукчан барган кыздардын маселеси кайрадан талкуулана баштады.

Жаш кыздардын оронуп, чүмкөнүшүнө каршы чыккан мугалимдерди ата-энелер адам укугун бузууда деп күнөөлөсө, мугалимдер мектептин жобосуна жоолук дал келбей турганын айтышууда. Ара жолдо калган секелек окуучулардын жоопкерчилиги кимдин мойнунда?

"Арай көз чарай" талкуусуна “Мутакалим” мусулман аялдардын коомдук бирикмесининин башчысы Жамал Фронтбек кызы, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Кылым Сыдыкназарова, көз карандысыз эксперт Назира Курбанова катышты.

“Азаттык”: Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун тургуну Таалайбек Акматовдун эки кызы ушул тапта жоолук салынганы үчүн мектепке бара албай жүрөт. Эки кыз аталган райондогу Бегалы Мамытов атындагы мектепте 8-класста жана 6-класста окушчу.

Таалайбек Акматов: 8-класска көчкөн кызым эки жылдан бери жоолук салынат, экинчи кызым балакатка быйыл толду. Ошондон тарта жоолук салына баштады. Мектепке барса "силерге жоолук салынганга ким уруксат берди, келбегиле" дептир мектеп директору.

“Азаттык”: Азыр үйдөбү?

Таалайбек Акматов: Ооба, үйдө эле. "Келбегиле, тизмеге да кирбейсиңер, китеп да берилбейт, жоолугуңарды алсаңар келесиңер" дептир.

“Азаттык”: 8-класста окуган кызыңыздын жоолук салынганына эки жыл болуптур. Ошол убактан бери мектепке барып аттыбы?

Бишкекте өткөн акциядан бир көрүнүш, 19-сентябрь, 2011-жыл

Бишкекте өткөн акциядан бир көрүнүш, 19-сентябрь, 2011-жыл

Таалайбек Акматов: Ооба, барып жаткан. Былтыр да бул маселе көтөрүлүп, жоолукка тийишип, кийин чогулуш өтүп чечилген. Бирок сабакта “карачы, жаңы келген келинге окшоп” дей берчү экен директор. Эгер жогору жактан чечилбесе, кызым да окубай эле коёюнчу деп атат. Экинчи кызым мектепке барса, директору 1-сентябрда жоолукчан келбегиле, эгер жоолукчан келсеңер ширеңке менен жоолугуңарды өрттөйм дептир.

“Азаттык”: Эгер бул маселе чечилбей, жоолукка уруксат берилбесе, кыздарыңыз окубай калабы?

Таалайбек Акматов: Ооба, анан эмне кылабыз? Адегенде Алланын өкүмүн аткарыш керек.

“Азаттык”: Кызыңыз билимсиз болуп калсачы?

Таалайбек Акматов: Билимсиз деле болбойт. Мектептер ошентип жеке менчикке чыгып жатса эмне кылабыз?

“Азаттык”: Кыздарыңыз толук орто билимди алышы керек. Ара жолдо калган кыздардын жоопкерчилиги кимдин мойнунда? Ата-энедеби, мугалимдеби же мамлекеттеби?

Таалайбек Акматов: Ата-эненин укугу бар, кааласа окутат, каалабаса окутпайт. Окуталы десек жоолукчан келбе десе, мектептен да биринчи Алланын өкүмү болсо, анан кандай болот?

Талкууну толугу менен ушул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Жыл сайын сентябрда жоолук, хижап маселеси көнүмүш көрүнүшкө айланды. Жамал айым, ушул тапта канча кыз жоолуктун айынан мектепке бара албай жатыптыр?

Жамал Фронтбек кызы: Азыркы учурда бизде жоолуктун айынан мектепке бара албай жаткан 58 кыздын арызы бар. Андан башка да күнүгө телефон чалышууда. Эң негизгиси Ош, Жалал-Абад, Баткенде кыздар арыз жазгандан да коркот, мектепте кодулашат, баамды төмөн кылып коюшат деп айтып жатышат.

Канчасы мектепке барбай калды - алардын саны жок. Ушул маселеде тогуз жылдан бери Билим берүү министрлиги менен тартышып келатабыз. Башмыйзамда ар бир жаран каалаган динге ишенгенге укугу бар. Эгер мектеп формалары, билим берүү мекемелерине байланыштуу токтом иштелип чыгып, бирок ал Башмыйзамга каршы келип жатса, аны кайра карап чыгыш керек. Жобо, токтом Конституцияга карама-каршы келбеши керек.

Кылым Сыдыкназарова: Жаңы окуу жылы башталып, биз жаңы дем, жаңы күч менен мектепте сабакты баштап жатабыз. Бирок, тилекке каршы, беш-алты жылдан бери жоолук маселеси жогорку деңгээлде чечилбеген маселеге арналып жатат. Бизде жоолук менен хижаптын айырмасы түшүнүксүз болуп жатат. Ата-бабаларыбыз илгертеден бери эле жоолук салынып келген, эч ким тыюу салган эмес.

Азыр маселе хижапта болууда. 2009-жылы айрым ата-энелердин жана “Мутакалимдин” кайрылуусу менен жоолук салууга уруксат берилген. Тилекке каршы, жоолуктун артынан диний кийим, хижап кийгендиктен мугалимдер каршы чыгууда. 2011-жылы өкмөттүн жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө токтому чыккан, ага ылайык ар бир окуучу мектепте кийим-талаптарды аткарып, мектеп формасын кийиш керек. Диний кийим кийип келген кыздар дене-тарбия, музыка сабактарына, маданий иштерге катышпайт. Азыр ар кандай коркунучтуу агымдардын пайда болгондугу биздин билим берүүгө терс таасирин тийгизип, окууга тоскоол болууда. Мектеп мектептей болушу керек, мектеп формасын кийиш керек.

“Азаттык”: Жоолук маселесинде эки ача пикир айтылып жатат. Бир тарабы кыргыздын салтында секелектер эзели жоолук салынып, чүмкөнгөн эмес десе, экинчи тарап шариатта балакатка жеткен кыз жоолук салыныш керек экенин белгилешет. Ушул маселеде мунаса табуу мүмкүнбү?

Назира Курбанова: Бул багытта коомчулукта ар кандай ойлор болуп жатат. Өзүбүздүн коомубуз да ушундай, бир жагынан атеисттер, экинчи жакта теңирчилер жана башкалар. Мектеп жетекчилердин, мугалимдердин жана коомдогу айрым адамдардын кыжырын келтирген хижап маселеси эмес, деги эле кыргыздын улуттук кийимине окшош эмес, башка жактан келген кийимдерди кийип жаткандыгы. Ааламдашуу мезгилинде ар ким өзүнүн үрп-адаттары, салт-санаасы менен улут болуп сакталып калат.

Ислам динин тутунган кыз-келиндер албетте хижап кийишет. Азыр мода индустриясы өнүгүп жатат. Жакшынакай костюм тигиш керек. Мисалы, Чуйков тарткан “Советтик Кыргызстандын кызы” сүрөтүнөн же 20-жылдагы аялдардын кийиминин үлгүлөрүн алгыла. Биздин улутубузга ылайык болгон баш кийимдер болгон. Мисалы, чечендер да мусулман, алар ислам динин бизден кем тутунабы? Президент Рамзан Кадыров ар бир аял хижап эмес, жоолук салынсын деп буйрук чыгарып койду. Алар маселени ушундай эле чечип коюшту. Бизде дагы мектептин формасын түзүп жатканда башка бир байлана турган жоолукпу, айтор исламга каршы келбеген кийимди чыгарса болот. Мүмкүн бирөөсү тизеден кийсин, экинчиси узунураак кийсин. Муну чоң проблема кылбай эле чечип койсо болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG