Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25
1786-жыл... Бир жагынан Цин империясы жылган ажыдаардай жакындап, экинчи жагынан Кокон хандыгы улам ийри кылычы менен тап берип, кыскасы, кылымдар бою өз жолу, өз тартиби менен жашап көнгөн кыргыз элинин тынчы абдан кетип турган кез. Ал убакта Орус империясы биздин элибиз менен жерибизге келмек тургай, чалгынга, маалымат жыйнаганга, географиясы менен маданиятын изилдегенге да чамасы жете элек убак.




Ошол “өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат” болуп турган кыйын кезеңде легендарлуу Атаке баатыр Абдрахман жана Шергазы аттуу эки өкүлүн 1786-жылы Санкт-Петербургга атайын ат менен жөнөтүп, ал экөөнүн узак сапары араң алты айда карып, акыры алар императрица Екатеринага баатырдын атайын жиберген тартуусун тапшырып, ошондон кийин кыргыз манаптары менен орус бийлигинин ортосунда ишеничтүү дипломатиялык байланыш орнотулган. Көрсө, ошондо эле кыргыздын алысты көрө билген акылгөйлөрү, азыркыча айтканда стратегдери башкага эмес, Орусияга ишеним артып, аны Кокон хандыгынын үстөмчүлүгүнөн сактай турган калканч, Цин империясынын кысымынан коргой турган союздаш катары санаган экен.

Ал эми биз жакшы билген саякатчы Н. М. Пржевальский, окумуштуулар В. Радлов менен Ч. Валиханов ошол алгачкы дипломатиялык байланыштан дээрлик 80 жыл өткөндөн кийин гана Кыргызстанга келип, бири жерибиздин картасын чийип, табиятына кызыкса, берки экөө келээри менен “Манас” эпосун таап, кийин кыргыздар тууралуу маанилүү илимий эмгектерди жазышканын белгилей кетели.

Бирок Орус империясы менен тыгыз жакындашуунун дагы бир жагы бар эле. Атаке баатыр сыяктуу кыргыз билермандары орус бийлигин эзелтен канатташ жашаган казак тайпалары менен боло калган кагылыштарга жана чабыштарга да калыстык менен карайт, адилеттүү арбитр болот, аброю бийик таянычтын милдетин аткарып берет деп үмүттөнгөн. Анын үстүнө орто жана кичи жүз деп аталган түндүк тараптык казактар Орусиянын курамына 18-кылымда эле өз ыктыяры менен өтүп кеткен. Ошол себептен чеке жакта жашаган көчмөндөрдүн жашоо-турмушун жакшы билип калган орустар казактарга да, кыргыздарга да ич ара кагылышууларды токтотууну катуу суранган жана андайды баштагандарды тынчтыкты бузган кылмышкерлер катары санаган.

Бирок асман тиреген тоолор менен учу-кыйырсыз даркан талааларда кылымдар бою өз эркинче жашап, жылкы тиймей менен барымтаны өзүнчө бир жигиттик өнөр, керек болсо тез аранын ичинде байып кетүүнүн бирден-бир ыкмасы катары караган кыргыздар менен казактар баары бир кезек-кезеги менен кагылыша берген. Ал кагылыштар кээде тынчтык менен, жарашуу жолу менен чечилип, кээде кан суудай аккан чоң чабыштар, кадимкидей эле согуштар менен аяктаган. Ошол кандуу чабыштардын эң акыркысы 1848-жылы болуп өткөн казак-кыргыз чабышы десек туура болот го.

Ошол жылы казактын айтылуу баатыры Кененсары баштаган жер жайнаган кол тынч жаткан кыргыз жамааттарына кол салып, кол салганда да жырткычтыктын жеткен чегин көрсөтүп, элди жашына, жынысына карабай кырган. Айтор, Манас баатырдын заманынан бери ирегелеш жана канатташ жашаган, тили менен дини, тагдыры менен тарыхы бир эки элдин ортосуна Кененсары өтө опурталдуу от жаккан. Бирок эзелтен катылгандын катыгын берген, айрыкча кыргыз менен казакты кагыштыргандарга өтө катуу турган кыргыздар чабуулдун мизин кайтарып, кийинчерээк Кенесарынын өзүн колго түшүргөн. Баатырдын башын аман алып калыш үчүн ортомчулар 60 атан төөгө жүк боло турган дүнүйө, опол тоодой акча каражаты сунуш кылса да, кыргыздар эч бир макулдук бербей, акыры Кененсарынын башы алынып, башы атайын дайындалган коштоочу-жандоочулардын жардамы менен дал ошол орус бийликтерине жөнөтүлгөн.

Буга байланыштуу сарбагыш уруусунун манабы Жантай Карабек уулу (кыргызда аны хан Жантай деп билишет) Батыш Сибирдин генерал-губернатору П.Д.Горчаковго 1848-жылдын 10-сентябрында жиберген каты чынында да тарыхый мааниси өтө чоң документ десек болот го. Ал катта Жантай хан болгон окуяны мүмкүн болушунча объективдүү сүрөттөп, кыргыздардан эч бир күнөө кетпегенин, ар дайым казактар менен тынчтыкта жашаганды каалаганын айтып, бөөдө эки элди чабыштырган Кененсары “козголоңчунун” башын далил катары “белекке жибергенин” жазат. “...Мы, заботясь о благоденствии и спокойствии всякого народа и благополучном обращении караванов, и что великое государство, каково есть Россия, конечно, не оставит без вознаграждения за умерщвления лжеца и мятежника Кененсары”, деп жазылат П.Д.Горчаковго жазылган Жантайдын катында.

Ошону менен бирге Жантай хан капылеттен кол салган казактар 7000 кишисин жоготуп, кыргыздардан да аябагандай көп чыгым тартканын билдирет. Кененсарынын экинчи жолку чабуулунда Ормон баатыр жардамга келгенин, ошондон кийин кыргыздар казактарды үч күн курчоого алып, акырында үч кыргыз жоокери Кененсары баатырды колго түшүргөнүн, ал жан соога сураганына карабастан Кенесарынын башы кесилгенин айтат. Казак баатырын колго түшүргөн жигиттин аты Калча, башын кескен жигит Кожобек деген эр-азамат экенин да эскере кетет. Жантай хан катта Ормон баатырдан тышкары солтолордун манабы Жангарач бийдин ролун да баса көрсөтөт.
Көрсө, кат жана кесилген баш түрүндөгү адаттан тыш “белек” орус генерал-губернаторуна аман-эсен жетиптир.

Кыргыздар да тынч жаткан элге бүлүк салган козголоңчуну тындым кылганы үчүн ак падышанын өкүлдөрүнөн алчусун алган көрүнөт. Себеби сибирдик казактардын чек ара башчысы Н. Вишневскийге ошол эле Жантай хан кийинчерээк экинчи жолу кат жазып, катында ак падышанын атынан жиберилген белектерди алганын, ал белектердин маанисин коштоп келген татар тилмеч жакшылап түшүндүрүп бергенин ыраазычылык менен билдирет: “Захваченного и умертвленного Кененсары послали в награду, медали, которые достигли нас, посланный Вами татарин разъяснил о важности этих подарков, кои мы оценив с благодарностью приняли оныя и за оныя готовы оказывать на будущее время Государю Императору свои услуги”.

Ошол чабыш акыр аягында кыргыздар менен казактардын жарашуусу менен аяктаганын баса белгилей кетели. Жарашуу кадимкидей эле келишим түрүндө болуп, эки тараптын өкүлдөрү кол койгон же бармагын баскан. Ага күбө өткөн үчүнчү тарап катары Орусиянын да өкүлдөрү катышып, жарашуу келишимине казак менен кыргыздын эң эле аттуу-баштуу деген адамдары кол койгон.

...Андан бери ондогон жылдар өттү. Мезгил оошуп, нечен заман алмашты. Жүз элүү жылдай орус калкы менен аралаш, ирегелеш жашадык. Тилин үйрөнүп, сырын тарттык. Атаке баатыр калтырган ыйык мурасты, башкача айтканда орустар менен астейдил мамилени азыр да жерде калтырбай, улантып келатабыз.

Ошону менен бирге казак боордоштор менен байыртан бери жайсак дасторконубуз, ичсек чайыбыз азыр да чогуу. Бир туугандыгыбыз ашса ашты, бирок эч бир кемиген жок. Кыргызсыз казак, казаксыз кыргыз толук эмес, муну тарых көрсөттү.

Кудай ошону кыргыз менен казакка түбөлүк кут кылсын!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG