Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:11

Байыркы гот тилиндеги кыргыз сөздөрү


Байыркы гот тили тууралуу интернеттеги Википедияда да маалыматтар жазылган.

Байыркы гот тили тууралуу интернеттеги Википедияда да маалыматтар жазылган.

“Жер тамырынан эл тамыры көп” деген накыл сөздүн акыйкат экенине ар качандан бир качан айласыз ишенүүгө туура келет. Мындан бир нече ай мурун алыскы Латын Америкасында жашаган атактуу майя элинин сөз байлыктарында, азыркыга чейин урунган тилиндеги жүздөгөн түркизмдер, кыргыз сөздөрү бар экени тууралуу документалдуу маалымат берген элек. Ал тууралуу жазылган илимий эмгекти да ортого салып, эң эле урунттуу сөздөрдүн тизмесин жарыялаганбыз. Качан жана кандай тарыхый тагдырлар менен байыркы майялар менен байыркы түрктөр байланыш жасап, тилдери жугушканы - азырынча татаал табышмак жана бул тема кылдат изилденүүгө муктаж илимий проблема.




Бүгүнкү макалабызда ошол эле кыргыз сөздөрүнүн байыркы гот тилинде, башкача айтканда азыркы немистердин - кадимки эле Германияда жашаган немис улутунун байыркы бабаларынын тилинде ондоп, ал гана эмес жүздөп саналаары тууралуу болмокчу. Баса белгилей кетели - байыркы майялар менен байыркы түрктөрдүн карым-катнашы азырынча анча башы ачыла элек маселе болсо, гунндардын, башкача айтканда биздин түп бабалардын готтор менен карым-катнашы - тарыхый жаткан эбак далилденген жана эч кимге талаш туудурбай турган маселе.

Гот тили - жок болуп кеткен өлүү тилдердин катарына кирет жана ал тилде чыгыш герман калктары сүйлөгөн деп эсептелет. Бирок гот тилиндеги толуп аткан сөздөр азыркы немис тилине да өтүп кеткени анча деле таң калтыра турган көрүнүш эмес го.

Бул маселени активдүү изилдеп, бир катар кызыктуу макалаларды жазган кыргыз окумуштуусу, филология илимдеринин доктору, профессор Амангелди Бекбалаев биз менен болгон маегинде бир катар кызыктуу фактыларды келтирип, кайсы түрк сөздөрү байыркы гот тилинде пайдаланылганы жана азыркы немис тилинде да колдонулуп келе жатканы тууралуу кеңири сөз кылып берди. Ошондуктан бул маектин толук версиясын азыр эле уксаңыз болот.

Профессордун пикири боюнча, биздин эранын баш жагындагы гунндардын Батышка жортуулу, айрыкча легендарлуу колбашчы Аттиланын Дунай менен Рейн дайраларын кечип, Рим империясын солкулдаткан согуштары гунндар менен готтордун карым-катнашына, керек болсо катарлаш жашашына түрткү болгон. Ошентип тил байланыштары калыптанган, маданий алакалар ишке ашкан.

Мынакей, профессор Бекбалаев байыркы гот тилинен жана азыркы немис тилинен таап чыккан кыргыз-түрк сөздөрү жалпысынан 500гө жакын. Эң эле белгилүүлөрү: Наар, наам, каймал, катын, мал, бой, өгүз (окус), шекер, арман, ата, майдан, алп, тилмеч, морт, тарпаң, деңиз,йогурт, журт, мончок д.у.с. Албетте, бул сыяктуу сөздөр фонетикалык жактан, маанилик жаткан терең трансформацияга учураган, түпкү маанисинен бир топ алыстаган, бирок уңгу мааниси сакталып калган деп эсептейт профессор.

Айтор байыркы түрктөрдүн, анын ичинде кыргыздардын батыш менен чыгышта калтырган издери, ал изде кээде таптакыр күтүлбөгөн жерден табылып жатканы - биздин элибиздин тарыхы, айрыкча байыркы тарыхы бир чети табышмак, экинчи чети изилдөөчүлөр үчүн табылгыс илимий материал экендиги айдан ачык.

Ошондуктан тарыхчылар менен лингвисттер үчүн изилдей турган темалар, бузулбай жаткан илимий “дыңдар” али да болсо толтура.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG