Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

Алымбек датка: өлүм менен өмүрдүн ортосунда


Алымбек датка
Алымбек датка
ХIХ кылымдагы кыргыз элинин турмушу - үч оттун ортосунда калган опосуз турмуш, үч тараптан келген кысымдын ортосундагы татаал тарых эмеспи. Бир тараптан мамлекет катары аталууга аздыр-көптүр гана акысы бар Кокон хандыгы, экинчи тараптан опол тоодой Орус империясы, үчүнчү тараптан Цинь империясы кысып, ал ортодо элди уруу-урууга бөлүп алган кыргыз төбөлдөрү же өз ара бийлик талашып, же кун куушуп, ортодо карапайым эл азапка калган. Ошондуктан ХIХ жүз жылдыктагы бир дагы кыргыз төбөлүн асманга чыгара мактап, же жерине жеткире сындаган андай деле тарыхый адилеттүүлүктүн белгиси эмес. Бирок баары элибиздин тарыхына бул же тигил ролду ойноду, ошол доордун опурталдуу саясий оюнуна баш-оту менен катышты - муну эч бир тана албайбыз. Жеңген учурлары да, жеңилген учурлары да болду, ал гана эмес кээ бири эртелеп ажал тапты, каны төгүлүп, эл-жерден ажыраган учурлары болду.


Алымбек датка: өлүм менен өмүрдүн ортосунда
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:17 0:00
Түз линк



Ошол ХIХ кылымдагы кыргыз тарыхынын дагы бир атактуу тарыхый инсаны - адигине уруусунан чыккан Алымбек датка экенине эч бир шек жок. Алымбек датка 1799-жылы, б.а. орустун улуу акыны А.С.Пушкин туулган жылы туулуп, ата-бабасы үзөңгүдөн буту тайбаган бийлер, түштүк кыргыздарына башы көрүнгөн абройлуу адамдар экен. Көзү тирүүсүндө “биздин бабалар - атактуу Тагай бийдин агасы Адигиненин тукуму, анын ичинде он эки ата хан баргынын урпагы” деп сыймыктана кеп кылчу экен.

Эгер Алымбек датканын саясий таржымалын, бийлик адамы, мансап кишиси катары баскан жолун эки ооз сөз менен туюнта турган болсок, анда анын өтө бир драмалуу өмүр жолу Кокон хандыгынын хандык катары түптөлүшү жана кыйрашы менен эриш-аркак байланыштуу десек эч бир аша чаппас элек. Алымбек саясатка эрте аралашып, жаштайынан Кокон бийликтери менен тыгыз мамиледе болгон дешет тарыхчылар. Датка деген наамды 1831-жылы, б.а. 32 жаш курагында алган экен. Ош шаары жана тоолуу Алай, Өзгөн менен Кара-Кулжа аймагы, Фергана өрөөнүнүн кыргыздар жашаган тарабы ар дайым Алымбек датканын жеке таасири астында турган.

Таасири канчалык күчтүү болгонун ушундан билиңиз - Кудаяр ханды бийликтен шыпырып, ордуна Малабекти отургузгандардын бири Алымбек датка болгон. Малабек болсо аны Анжиянга аким кылып дайындап, ал гана эмес башкы вазири, аскер иштерин тейлеген жакын адамы катары кармаган. Малабек Коконго хан болгон заманда Алымбек датканын бүткүл хандыкка таасири аябагандай күчөп, анын пикирлештери жана шериктештери Маргалаңдан Ташкент шаарына чейин бийлик башында турган.

Бирок Кокон хандыгы - баары бир келечеги жок, эски замандын тартиптерин күч менен, зордук менен кармоого аракет кылган реликт сыяктуу феодалдык хандык эле. Ал кез доор алмашып, дүйнө геосаясаты түп тамырынан өзгөрүп кеткен заман болчу. Кокон хандыгынын бүтүшү - Борбор Азияга Орусия, Кытай же Улуу Британия сыяктуу зор империялардын келип жетишине гана байланышкан утурумдук маселе болчу. Ал эми кыргыз даткаларынын Кокон хандыгына мамилеси ар дайым компромисс менен конфликттин, жек көрүү менен кызматташуунун ортосунда болуп келген мамиле болгондугу жалпыга белгилүү.

Кокон хандыгынын маанилүү ишмери Алымбек датка - кудум ошондой саясий фигуралардын бири эле. Анын тагдыры - Кокон тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Саясатчы жана таасирдүү ишмер катары да атактуу Узун-Агач жана Каскелең салгылашы деген ат менен белгилүү салгылашта чечилди. Узун-Агачта орус аскерлери менен Кокондун атчандары эң биринчи жолу бет келишти. Түндүк кыргыздарынын Коконду жек көргөн маанайын көрүп, эски феодалдык бийликтен көрө орус бийликтерин артык көргөн билермандардын оюн сезген Алымбек да терең ойлонду. Ары кетип, бери кетти. Ал ортодо Ташкенттен орус аскерлери менен согушууга келген Канат шаа менен пикири келишпей, ич ара чатак чыкты.

Аябагандай мыкты куралданган орус аскерлери менен согушта бекер жерден 15 миңге жакын кол алдындагы жигиттерди кыргынга учуратууну туура көрбөгөн Алымбек датка аскерлерин Узун-Агач талаасынан тоо тарапты көздөй чыгарып кетти. Анын үстүнө түндүк кыргыздары орус бийликтери менен эбак ымала түзүп, Кокон хандыгынан көрө орус бийликтерин артык көргөнүн сезген Алымбек да мурунку пикиринен айнып, бетме-бет согушту эмес, бетме-бет сүйлөшүүнү артык көргөн сыяктанат.

Албетте, тарыхый жактан баары бир күнү бүтүп калган Кокон ханы Алымбек датканын орустар менен кырчылдашкан согуш ачпай, кайра кайтканын эч бир кечире алган жок. Узун-Агачтан кийин маанайы, жүрүш-түрүшү таптакыр өзгөргөн Алымбекти Кокон ханы Малабек эптеп көзүн тазалап, жок кылууну ойлоду. Узун-Агачтан кайтаар замат Алайга кетип калган Алымбекти Мала хан Коконго улам-улам чакыртты. Сүйлөшөбүз, жарашабыз, хандыктын келечек тагдыры кандай болот, ошону масилеттешебиз дегендей шылтоолор менен эптеп аны Коконго алып келди. Ошентип легендарлуу датка Алымбек артынан келип сайган бычактан каза таап, 1862-жылы а дүйнө салды.

Жыйынтыктап айтканда, Алымбек датка эки оттун - өзү кызмат кылып, тирөөчүн тиреп турган Кокон хандыгы менен опол тоодой Орус империясынын ортосунда калды. Мурунку көз караштарынын жана бийлик инерциясынын күчү менен өзү кызмат кылган Кокон тикеден-тике каршы чыга албады. Ошону менен бирге Орус бийликтери менен байланышка чыгып, сүйлөшүү жүргүзүп, чоочун империянын кол астында калууну да туура көрбөдү. Кыргыз эли айткандай, эки тоонун чөбүн эңсеген кийик болгусу келбеди. Баарынан мурун элдин аманчылыгын, журттун кызыкчылыгын ойлоду.

Бирок Алымбек датканын жолун анын акылман зайыбы Курманжан датка улантты. Курманжан датка Алымбектен кем эмес даңазалуу өмүрдү өтөдү. Курманжан төрөгөн беш уул “он эки ата хан баргынын” татыктуу урпактары болуп, легенда легендага уланды.

Атактуу датка энебиз Курманжандын эстелиги эгемен Кыргызстандын борбору Бишкектин чок ортосуна орнотулса, Алымбек датканын эстелиги Ошко тургузулду.

XS
SM
MD
LG