Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Бишкек-Ош жолундагы жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген чектөө алынды


22-октябрда саат таңкы бештен тартып, жолго жүк ташуучу унаалар кое бериле баштады. Ушул тапта магистралдан автоунаалардын бардык түрү эркин жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, кырдаалга жараша абал өзгөрүп, кайрадан чектөө киргизилүүсү ыктымал.

Бишкек-Ош, Бишкек-Талас-Тараз автожолдорунун тоолуу аймактарына кардын көп жаашынан жана тайгалактан улам ӨКМ Транспорт жана жолдор министрлиги менен чогуу маал-маалы менен жүк ташуучу унааларга чектөө киргизүүдө. Бул магистралда жол тыгынын болтурбоо максатында көрүлүп жаткан чара деп айтылууда.

ӨКМ Бишкек-Ош, Бишкек-Талас-Тараз багытында жолго чыккан айдоочуларга машинелерин кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, кум, чынжыр сыяктуу кошумча керектүү шаймандарды ала жүрүүсү зарыл экенин эскертүүдө.

Ушул тапта Төө-Ашуу ашуусундагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин Бишкек тарабында медициналык жардам көрсөтүүчү кызмат иштеп жатат.

Бишкек-Ош жолуна каттамга чыгуучу жүргүнчүлөр тоннелдин эки тарабындагы кырдаалды smotri.kg сайтынан түз көрсө болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG