Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

БЫЙЫЛ АПРЕЛДЕ АБСАМАТ МАСАЛИЕВ 75 ЖАШКА ЧЫКМАК


10-апрелде Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 75 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын болду. Ага маркумдун шакирттери, саясатчылар жана өкмөт мүчөлөрү катышты. Жыйында айкын болгондой Абсамат Масалиев атындагы фонд Бишкекте Абсамат Масалиевдин үй-музейин уюштурууну жана эскерүү китебин чыгарууга аракет жасоодо.



Кыргыз калкында эң таза мамлекеттик ишмер жана саясатчы катары белгилүү болгон Абсамат Масалиев 10-апрелде 75 жашка чыкмак. Бул датага байланыштуу салтанаттуу жыйын 10-апрелде Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде болду. Аны кыргыз өкмөтү менен Абсамат Масалиев атындагы фонд уюштурду. Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров баш болгон депутаттар, министрлер, коомчулуктун өкүлдөрү, коммунисттик партиянын мүчөлөрү жана Абсамат Масалиевдин жакындары катышты.



Жыйынды алып барган вице-премьер-министр Досбол Нур уулу Абсамат Масалиевдин тазалыгын өзгөчө белгиледи:

-Кайран киши кеменгер, акылдуу, эстүү, эң башкысы актай таза эле. Мейли саясатпы, мейли жетекчилик иштеби, мейли үй-бүлөдөбү, анын пакизалыгына, тазалгына шек жок болчу.

Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров Абсамат Масалиев, Султан Ибраимов, Исхак Раззаковдун жолу менен жүрүүнүн артыкчылыгын белгиледи:

-Эгер бул кишинин басып өткөн жолун, Султан Ибраимовичтин басып өткөн жолун, Исхак Раззаковдун басып өткөн жолун - мен жетекчи болом деген киши, Конституцияны биринчи кезекте эмес, ошол кишилердин басып өткөн өмүрүн устав катары, тарбия-насыят катарында көкүрөгүндө сактап калган болсо, кээ бир жетекчилерге бул эч качан артыкбаштык кылбайт. Тескерисинче пайдасы тиер эле деп ойлоймун.



Мадумаровдун айтымында, Абсамат Масалиевдин кадыр-баркы жыл өткөн сайын арта бермекчи.
Абсамат Масалиевдин жакын досторунун бири, пикирлеши Орозбек Дүйшеев Масалиев мамлекетти талап тоноого, туш келди менчиктештирүүгө каршы болуп келгенин, бирок азыркы кезде андай саясат уланып жатканын белгиледи:

-Абсамат Масалиев өзүнүн акыркы эмгегинде элге каршы менчиктештирүүгө токтоло кеткен. Анда 1992-1997-жылдары 14 миллиард сомго мамлекеттик мүлк менчиктештирилип, андан 300 миллион сом гана бюджетке түшкөнү айтылган. Бул мамлекетти атайын талап-таноо болгон. Мындай саясат азыркы кезде да уланып жатат. Азыр өтө кирешелүү энергетиканы сатууга аракет жасалып жатат. Биздин өкмөт өзү бул тармакты башкара албай жатабы? Эгерде тирүү болсо Абсамат Масалиев буга аябай нааразы болмок. Референдумда кабыл алынган Конституцияда жер, жер байлыктары менчикке берилет деп жазылган. Бул да элге каршы. Ысыккөлдөгү элдин каршылыгы муну далилдеп жатат.



Булардан сырткары жыйында сүйлөгөн Тилектеш Ишемкулов Абсамат Масалиевди эскерүү китеби даяр болуп калганын жана жакында Улуттук китепканада бет ачаары болоорун билдирди. Абсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиев жыйынга чогулган элге ыраазычылык билдирүү менен учурда төрт шаардын көчөлөрүнө Абсамат Масалиевдин ысмы ыйгарылганын жана жакында Бишкек шаарынын бир көчөсүнө анын ысмы берилиши күтүлүп жатканын билдирди. Ал ошондой Масалиевдин эстелигин калтыруу максатында бийлик тарабынан толук колдоо көрсөтүлүп келатканын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG