Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:46

Кыргызстанда Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгы белгиленип жатат. Бул датага байланыштуу эскерүүлөр өлкөнүн региондорунда, Абсамат Масалиевдин кичи мекени Кадамжай районунда да өттү. 21-майда Бишкекте Улуттук филармонияда белгилүү мамлекеттик ишмерди эскерүү иш-чарасы болмокчу.

Абсамат Масалиев кыргызстандыктардын эсинде тазалыгы, жупунулугу менен калды. Анын мамлекеттик-партиялык ишмердүүлүгүнүн туу чокусу СССР кыйрап бараткан мезгилге туш келди. СССРдин доорунун бүтүп баратышы менен анын мамлекет башындагы кызмат доору бүтүп баратканын туйган Абсамат Масалиев 1990-жылы президенттик шайлоодо иш жүзүндө жеңгенине карабай, бийликти өткөрүп берген.

Аскар Акаев өлкө президенттигине шайланган алгачкы шайлоодон кийин, 27-октябрь, 1990-жыл.

Аскар Акаев өлкө президенттигине шайланган алгачкы шайлоодон кийин, 27-октябрь, 1990-жыл.

Тынчтык жана шайлоо жолу менен Кыргызстанда ошондо эле бийлик алмашкан.

Коммунист болгонуна карабай демократиялык шайлоого барып, анын жыйынтыгын тааныган. Абсамат Масалиев жаңы мезгилде жаңы адамдар иштеп көрсүн деген.

Жаңы замандын жаңы адамдары болсо коррупцияны гүлдөтүүгө, мамлекетти алсыратууга алып келгенин азыркы кезде өкүнүч менен эскергендер арбын.

Мамлекеттеги терс көрүнүштөргө нааразы болгон Абсамат Масалиев 1995-жылы президенттик шайлоого катышып, кырдаалды өзгөртүүгө аракет жасаган. Элдеги ишеним боюнча ал шайлоодо Абсамат Масалиев көпчүлүк добушту алып, жеңишке жеткен. Бирок мамлекеттин бүтүндүгү, элдин тынчтыгы үчүн тарапкерлерин нааразылык акцияларга алып чыккан эмес.

Ошол кезде БШКны жетектеп турган Мамбетжунус Абылов 1995-жылкы шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда бардык формалдуулуктар сакталганын, бирок жергиликтүү бийликтер жыйынтыкты өзгөртүп жиберүүсү мүмкүн экенин айтат:

- Административдик ресурстар, башкалар болгон... Эми шайлоолорду көрүп жатабыз го. Ал кезде шайлоо комиссияларын түзгөндө жергиликтүү органдар өкүлдөрдү сунуштачу. Анда саясий партия, көз карандысыз байкоочулар дегендер жок болчу. Ошонун натыйжасында таасир эткендир. Анткени кийинки шайлоолор көрсөтүп жатпайбы, бийликте тургандар дайым эле бийликтин камчысын чаап жатканы. Жергиликтүү бийликтер да...

Абсамат Масалиевдин жакын досторунун бири Орозбек Дүйшеев 1995-жылкы шайлоодо Масалиев 70% добуш алуу менен жеңген, бирок нааразылык акцияларга каршы болгон деп эскерет:

- Ар кайсы райондордон бизге делегациялар келген. Сиздер отура бербегиле, биз силерди колдойбуз, бизге келгиле, баштайбыз дешкен. Анда Абсамат: "Кичинекей эле башталып, кан төгүлүп кетсе эмне болот? Кан төгүлүп кетсе, мага бийликтин эмне кереги бар? Андай болбойт. Ушундай абалга барганын эл өзү түшүнүп, кийин туура жыйынтыкка келет. Биз ага барбайбыз", - деп койгон.

Орозбек Дүйшеевдин айтымында, Абсамат Масалиев экономиканы, мамлекеттик башкарууну абдан терең түшүнгөн ишмер болгон. Ошондуктан ал Кыргызстандын башына келгенде экономиканын бардык тармактарында өсүштөр болгон. Курулуш тармагы өскөн. Мектептер эки эсеге көп курулган. Ири заводдор түптөлө баштаган. Маселен, Таш-Көмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводу курула баштаган деген Дүйшеев буларга токтолду:

- Бул кишини эл азыр абдан туура адам болгон деп жатат. Чындыгында бул киши бийликке жулунбаган, элди ойлогон адам болгон. Элге эч качан зыян болбосун, элдер эмнени кааласа, ошого карата аракет кылабыз деген киши болгон. Эл үчүн иштеген киши болгон.

Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде төрөлүп, 2004-жылы 31-июлда дүйнөдөн кайткан.

Бул киши Кыргызстан саясатчыларына мамлекеттик кызматкер, мамлекеттик жетекчи кандай болуш керектигин үлгү катары көрсөтүп кеткени азыр көп айтылат.

Бирок Абсамат Масалиев мамлекеттик ишмердүүлүктүн эле эмес, адам катары да көп жагынан үлгү экенин кыргыздын дагы бир чыгаан уулу, маркум Дооронбек Садырбаев кезинде минтип айтып кеткен эле:

Мамлекеттик жетекчи болсоң, Абсамат акедей мамлекеттик жетекчи бол. Дос болсоң, Абсамат акедей дос бол. Жар болсоң, Абсамат акедей жар бол. Ата болсоң, Абсамат акедей ата бол. Коммунист болсоң, Абсамат акедей коммунист бол...”
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG