Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:00
Рыспай Абдыкадыров дегенде бүтүндөй муундун шаңшып чыккан үнүн, керек болсо улуттук тарыхыбыздагы өзгөчө орду бар алтымышынчы жана жетимишинчи жылдардын музыкалык бейнесин элестетебиз. Ал эмне деген доор эле жана анын руханий коддору, маданий белги-символдору кандай эле? - деген суроо туулбай койбойт. Менимче, ал жылдар жалпы эле совет доорунун эң эле гүлдөгөн жылдары, эң бир үмүттүү жана романтикалык жылдары болчу. Адам баласы космоско чыгып, экономика жанданып, жаштар илим менен билимге умтулуп, элдин маанайы аябагандай көтөрүлүп турган убак. Ошол убакта карапайым калк да турмуш-тиричиликтен баш көтөрүп, китеп окуу, китеп чогултуу модага айланып, адабияттын, маданияттын коомдук бедели абдан өсүп, эл музыка укканга, кино көргөнгө куштарланып, замандын ички мазмунун руханий тазалык, кандайдыр романтизм ээлей баштаган кез эле. Анын үстүнө бийлик башына келген Никита Хрущев да ар бир бүлөнү үйлүү-жайлуу кылам, Американы кууп жетмек түгүл, андан озуп кетебиз деген үмүттүү, берекелүү заман…


Радио баянды толугу менен бул жерден угуңуз



Ошол 60-жылдардагы Кыргызстандын руханий жүзүн адабият жагынан биринчилерден болуп Чынгыз Айтматов ачты. Маданиятта Муратбек Рыскуловдун, Бүбүсара Бейшеналиеванын, Бакен Кыдыкееванын, Артык Мырзабаевдин, Кайыргүл Сартпаеванын доорону сүрүп, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров сыяктуу залкар режиссерлор жаңыдан жүзүн ачып келаткан кез.

Дал ошол кезде улуу ырчы Муса Баетовдун гармонь менен ырдаган салтын улап, аккордеондун коштоосу менен ырдаган бир жаш ырчынын үнү радиодон шаңшып чыга баштады. Чыкканда да өзү чыгарган обонду өзү аткарып, ыры атпай кыргыздын кулагын сүйүнтүп, жанын жыргатып, кыска мөөнөттүн ичинде Рыспай Абдыкадыров деген ысым элдин сүймөнчүк менен атаган ысымдарынын бирине айланып кетти…

“Түгөйүм”, “Таанышыңдай карагын”, “Алмашым”, “Кылчактап неге карадың”, “Алтынчы күнү кечинде”, “Ак кайың”, “Кымбатым”, “Толкунда достор” деген сыяктуу обондор биринин артынан экинчиси жаралып, Рыспайдын ырларын эл заматтын ичинде дароо илип алып, анын музыкалык хиттери клубдарда же филармонияларда эле эмес, Ала-Тоонун колоттору менен жылгаларын, талаалары менен түздөрүн жаңыртты. Натыйжада аккордеон деген музыкалык аспаптын доорону сүрдү; бул аспап эң эле популярдуу аспапка айланып, акыр-аягында комуз же кыл кыяк сыяктуу эле элдик инструмент болуп калды.

…Рыспай Абдыкадыровдун биринчи обону жаңырып, элге тарагандан бери баш-аягы жарым кылымдан ашуун убакыт өтүптүр. Ал гана эмес Рыспай агабыз көзү өткөндөн бери (1994) дээрлик жыйырма жылга жакын убакыт зуу деп өтүп кетиптир. Бул убакыттын ичинде эмне деген гана окуялар башыбыздан өтпөдү; ал түгүл доор алмашып, коом өзгөрдү. “Элүү жылда эл жаңы” дегендей, бул мезгилдин ичинде нечен ысымдар унутка кетти, нечен өз убагында элди дуулдаткан чыгармалар, анын ичинде сандаган музыка чыгармалары тарых бүктөмүнө кетти, унутулду, бирок Рыспайдын ырлары мезгил сынагынан эч бир кыйынчылыксыз өттү десек болот.

Легендарлуу “Издейм сени” аттуу ырдан тартып Рыспайдын негизги музыкалык хиттери азыр да ырдалат, кыргыз музыкалык маданиятынын ажыралгыс бөлүгү, классика катары саналат. Анын себеби Рыспайдын музыкасында биз “күмүш доор” деп атап жүргөн 60-70-жылдардын жаркын элеси, 80-жылдардын башында аягына чыккан романтизм мезгили жатат. Шаңшыган үн менен эле эмес, жүрөгү менен ырдаган Рыспай Абдыкадыровдун чыгармаларында кыргыз руху, кыргыз жаны сезилип турат, анын ырларынан кыргыздын жыты, кыргыз жеринин илеби келип турат.

Көзү тирүү кезинде Рыспай агабыз кээ бир ырларын, айрыкча “Сагынуу” менен “Түгөйүмдү” өлбөстүктүн ыры, түбөлүктүн музыкасы дечү экен. Улуу ырчы, залкар музыкант, кайталангыс инсан жаңылбаптыр - анын ырлары эч бир өлгөн жок, тескерсинче Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон кийин жаңы өмүрүн баштады. Кыйын деген жылдарда демибизге дем кошту, келечектен үмүт берди, дагы да узак жылдарга бере бермекчи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG