Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22
Калктын кадырын көтөрүп, улуттун учун узарткан чоң таланттын, эр азаматтын туулушуна Көкө Теңирдин күчү, эл менен жердин энергетикасы даарыйт деген кеп бар. Чындыгында да чоң таланттуу инсан калың журттун терең катмарында кайнап, эл эңсеген жакшы сапаттын баарын тулку боюна сиңирип, журттун ою менен тилегин билдирет тура. Маселен, тоо булбулу Токтогулду алалычы. Же болбосо Чыңгыз, Алыкул, Жоомарт сыяктуу залкарларды эстеп көрөлү. Ар бири - тээ тереңден жанып чыккан жанар тоо, ар бири - алтымыш күлүктү артына таштаган Тайтору сыяктуу сай күлүктөр.

Бул комуз болбосо кайран Атай…

Ошондой улуу таланттардын бири - кереметтүү кең Таласта туулуп, ырчылык, комузчулук өнөрү өткөн кылымдын биринчи жарымында жаркырап ачылган Атай Огомбаев болгон десек адилеттиктин дал үстүнөн чыгабыз. Комузчулук өнөрдү башта болуп көрбөгөн кайрыктар, чертилиштер, ойноо ыкмалары менен байыткан, комузчулугу менен катар керемет үндүү ырчы атанган, кезинде кадимки Токтогулдун назарына урунуп, алкоосуна арзыган Атай кыргыздын элдик музыкасынын өнүгүшүнө зор салымын кошту. “Ак тамак, көк тамак”, “Кыз кербез”, “Маш ботой” баштаган укмуштуудай кооз күүлөрү, “Ой булбул”, “Күйдүм чок”, “Эсимде”, “Гүл” сыяктуу ырлары азыр да ар бир кыргыздын жүрөгүн козгогон музыкалык хиттер, азыр да уккан адамдын көңүлүн толкуткан шедеврлер.


Атайдын музыкалык чыгармачылыгын бир ооз сөз менен мүнөздөп чыгууга эч бир мүмкүн эмес, анткени анын ар бир чыгармасы - өзүнчө анализ кылып, атайын кеп кыла турган музыкалык берметтер. Ар бир ыры, ар бир күүсү мазмун жагынан да, форма жагынан да терең жана көркөм; “Ак тамак, көк тамак” аткаруучулуктун жеткен чегин талап кылса, “Маш ботой”, “Марш Камбаркан” сыяктуу күүлөр атайын сахна үчүн, эстрада үчүн, көп эл чогулган чоң аудиториялар үчүн, башкача айтканда кулак үчүн да, көз үчүн да жаратылган музыкалык туундулар. Ошону менен бирге “Күйдүм чок” менен “Ой булбул” - кыргыз вокалынын баардык кооздуктарын, ньюанстары менен модуляцияларын ичине камтыган кайталангыс ырлар. Деле Атайдын ырларындай жалындуу, учкул ой менен алоо сезимдин ширөөсүнөн бүтүп, жүрөктүн тээ тереңинен жанар тоо сыяктуу жанып чыккан жаркын чыгармалар кыргыз элдик музыкасынын тарыхында сейрек кездешкен кубулуш. Эмдигиче эл оозунан түшпөгөн Атай Огомбаевдин ырларынын сыры ушунда, касиети ушунда.

Атайга дүйнө музыкасынын тарыхынан параллель издесек, балким, атактуу венгер пианисти жана композитору Ференц Лист же италиялык атактуу скрипач Никколо Паганини ылайык келмек. Ал эми ырчылыгы эч кимге окшошпойт. Обон созуп, ыр ырдаганда ар дайым эргип баштап, бирок соңуна келгенде алоолонгон арзуу сезим менен өктөлүү өкүнүч аралашкан кайрык менен кайра-кайра толгоно кеткени - Атайга гана мүнөздүү ыкма, Атайга гана таандык музыкалык стиль.

Рыспай Абдыкадыров өзүнүн “Издейм сени” аттуу ырын “өлөбөстүктүн обону” деп атачу экен. Анын сыңары Атай Огомбаевдин атактуу “Эсимдеси” кыргыз музыкасындагы эч качан картайбай турган, качан болсо күлгүн, качан болсо жаш боюнча кала турган өлбөс ыр го. Айрыкча анын Муса Баетов ырдаган варианты -- турушу менен шедевр. Ушул эле ойду Мыскал Өмүрканова аткарган Атайдын “Ой булбулу” жана “Күйдүм чогу” тууралуу айтсак эч бир жаңылбас элек. Ал эми Алымкулдун чертүүсүндөгү “Кыз кербезчи”? Самара Токтакунованын аткаруусундагы “Марш Камбаркан” менен “Саадат кактычы?"

"Түтүнү жок күйгөн" талант

Ошондой болсо да Атай Огомбаевдин “Маш ботою” - өзүнчө сөз кыла турган чоң тема го. Баса, эң биринчи комузчулар ансамблин түзгөн да Атай Огомбаев болгонун баса белгилей кетели. Ошол комузчулар ансамблинин аткаруусунда канча уксаң да эч бир тажатпай, ар бир жолу кыялды алда кайда ала качкан, музыкалык идеясы өтө жөнөкөй, бирок виртуоздук жасаты өзгөчө чебер “Маш ботой” Кыргызстанда эле эмес, Африкада да, Америкада да шатырата алакан чаптырууга жөндөмдүү сыйкыр чыгарма. Айрыкча “Маш ботойдун” атактуу дирижер Асанкан Жумакматов менен композитор Феферман оркестр үчүн иштеп чыккан эстрадалык варианты бери болгондо алтымыш жыл дүркүрөтө кол чаптырып келет. Бул күүнүн ички мазмунунда ат жалында шамал менен тең жарышкан кыргыз калкынын руханий күчү, сезимди дүүлүктүргөн улуу дарамети жатат. Биздин терең ишенимибизде, “Маш ботой” дагы нечен кылым ушул калыбында кала бермекчи.

Мезгилдер өтөт, жыл жылга алмашып, нечен суулар агат, бирок “Эсимде” эч качан эскирбейт, кыргыз мелосунун жаркын үлгүсү катары ар дайым кала берет. Бул ырдын биздин таланттуу кызыбыз Вера Осмонкулованын аткарган скрипка үчүн вариантын америкалык режиссер Д. Молино жакында эле бүтүргөн Wake Up Dead деген фильминде беш жолу кайталаптыр деген кабар чыкты. Ал эми “Ой булбул” менен “Гүл” кыргыздын жан дүйнөсүн жакындан чагылдырган музыкалык хит катары түбөлүк жашайт.

Демек, болгону 49 жыл өмүр сүрүп, жандан башкача жагымдуу чырайы жана оргуштаган таланты менен нечен кыз-келиндерди ашык кылган, өзү да ашыглыктын отуна нечен чарпылган, өзү айткандай нечен “түтүнү жок күйгөн”, жигитче жашап, жигитче өмүр өтөгөн, биз үчүн түбөлүк Ромео жана легендарлуу Орфей катары эсте калган Атай Огомбаев 1949-жылы катуу оорудан Таласта каза болгон.

Атай Огомбаевди акыркы сапарга узатуу. 20-декабрь, 1949

Атай Огомбаевди акыркы сапарга узатуу. 20-декабрь, 1949



Жок, аны “каза болду” деп айтууга эч бир болбойт го. Атай 49 жаш курагында өлбөстүктүн өркөчүнө минип, түбөлүктүүлүктүн буурасын буйлалаган десек туура болот.

Бир акындын чукугандай айткан таамай сөзү бар:

Бул комуз болбосо кайран Током,
“Миң кыялга” бата албай,
Жашоодон азап чекмек.
Бул комуз болбосо кайран Атай,
“Ой булбулун” ырдабай,
Чок болуп күйүп кетмек…

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG