Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:23

Кыргызстанда жыл башынан бери Тарых жана маданият жылына арналып жүздөн ашуун иш-чара өткөрүлдү.

Алардын арасында кыргыз элинин курутунан баштап, көлдүн кумуна жана өнөр жай продукцияларына арналган фестивалдар, көргөзмөлөр, форумдар болду. Алар өлкөнүн өндүрүшү менен туристтик мүмкүнчүлүгүн көтөрүүгө салым кошуп, элдик демилгени шыктандырып жатабы? Айыл өкмөтүнөн баштап, республикалык деңгээлге чейин өткөрүлүп жаткан бул иш-чаралар кийин жалпы мамлекеттик өнүгүү багытына айланабы же ушул жыл менен кошо тарыхка айланабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын бөлүм башчысы Жумакадыр Курманалиев, Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана экспортту өнүктүрүү коомдук фондунун жетекчиси Бакыт Дегенбаев жана “Өрүкfest-2016” фестивалынын уюштуруучусу Тыныбек Жукешов катышты.

“Азаттык”: Жумакадыр мырза, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекция жыл башынан бери өткөргөн иш-чаралардын саны жүздөн ашыптыр. Алар башкы максатына жетип жатабы? Аларды эл чын ыкыласы менен кабыл алып, демилгесин шыктандырып жатабы?

Жумакадыр Курманалиев: Кытай элинин “Миң кадамды жасаш үчүн биринчи кадамды туура ташташ керек” деген улуу макалында айтылгандай, биз жасап жаткан биринчи кадамдар элибиздин тарыхы менен маданиятын өнүктүрүү жана кийинки муунга таанытууга зор салым кошуп жатат деп айта алабыз.

Мисалы, 1-3-июль күндөрү Ош шаарында эл аралык "Этномаданият" фестивалын өткөрдүк. Анда кол өнөрчүлөрдөн баштап, азыркы этномодага чейин көрсөттүк. Кол өнөрчүлөр аялдардын элечектеринин эле 30дан ашык түрү бар экендигин көрсөтүштү. Демек элибиздин ушундай мурастарын азыркы заманга ылайыктап тигип, кийүүгө боло тургандыгы да даңазаланды.

Андан тышкары Лейлектин таза жүндөн токулган килемдери бышыктыгы менен да, кооздугу менен да элди таң калтырды.

“Азаттык”: Бакыт мырза, сиз жетектеген “Кыргыздыкын сатып ал!” деген кыймыл коомго таасир берип жатабы? Элдин патриоттук сезимин көтөрүп жатат деп айта алабызбы?

Бакыт Дегенбаев: “Биз болбосок ким? Бүгүн болбосо качан?” дегендей биз баштаган кыймылдын таасир болуп жатат. Аны дүкөнгө же базарга барып, өзүбүз чыгарган продукцияларды издеп сатып алгандардын саны көбөйгөнү далилдеп жатат. Демек, таасир бар.

Ушундан улам өзүбүздө чыгарылган продукциялардын ассортименти көбөйө баштады. Бул дагы суроо-талаптын көбөйүп жаткандыгын жана өзүбүздүн ишканалардын бутуна тура баштагандыгын далилдейт.

“Азаттык”: Тыныбек мырза, сиздер Жети-Өгүз районунда “Өрүкface-2016” “Сары кыздын тою” деген фестиваль өткөргөн жатыпсыздар. Анын максаты эмне? Ысык-Көлдүн айтылуу өрүгүн даңазалап сатуубу же өрүк өстүрүү маданиятын көтөрүүбү?

Тыныбек Жукешов: Бул фестивалдын негизги максаты - Жети-Өгүз районундагы, облустагы жана бүткүл республика ичиндеги айылдардын ортосундагы ынтымак менен уюшкандыкты жогорулатуу.

Андан тышкары Кыргызстандын бардык аймагындагы айылдарда өстүрүлгөн айыл чарба жемиштерин дүйнө жүзүнө даңазалап, аларды экспорттоого жана дыйкандардын ишмердигин өнүктүрүүгө аянтча түзүп берүү.

Ушул өрүктүн артынан эле кардарлар менен кайра иштетүүчүлөрдүн ортосунда мамилени түзүп, мыкты адистердин дыйканчылык боюнча мастер-класстарын, семинарларын өткөрүп, жаңы ыкмаларды үйрөтүүнү көздөп жатабыз. Мындай иштер элдин ынтымагын бекемдеп, ишти уюштуруусун бир багытка бурууга зор салым кошот деген үмүттөбүз.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG