Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

Чаувайдагы Сарт-Ыстаган кенинин таржымалы


Сарт-Ыстаган кенинин ооз жагындагы кашаа тосмо. Ич жагынан тартылган сүрөт. Чаувай, 20-июль 2011

Сарт-Ыстаган кенинин ооз жагындагы кашаа тосмо. Ич жагынан тартылган сүрөт. Чаувай, 20-июль 2011

Сарт-Ыстаган - бул Кадамжай районундагы шаар тибиндеги Чаувай посёлкасындагы байыркы кендин аты.

Кенди ким иштеткен?

Чаувайда 1942-жылдан 1994-жылга чейин сымап казып алынып турган. Жергиликтүү эл кең өрөөндүн орторлук бөлүгүндөгү бийик күнгөй беттеги Сарт-Ыстаган тууралуу түрлүү аңыздарды айтышат.

Ошол кеп-сөздөргө караганда, кен кайсы бир заманда кытайларга таандык болуп, алар тажиктерди же сарттарды иштетишкен имиш.

Чаувай поселкасы. Күнгөй беттеги оң жактагы шагыл куюлган ичке сайдын сол ныптасында борчуктун астында Сарт-Ыстаган үңкүрү жайгашкан. GoogleErthтен алынган фотосүрөт.

Чаувай поселкасы. Күнгөй беттеги оң жактагы шагыл куюлган ичке сайдын сол ныптасында борчуктун астында Сарт-Ыстаган үңкүрү жайгашкан. GoogleErthтен алынган фотосүрөт.

​Бул жөнүндө жашы жетимиштен өткөн Акжол Жусубалиев жаш кезинде чалдардан эшиткен. «Карыялардан укканыма караганда, Кытай Сарт-Ыстагандан сымап казган экен кайсы бир доордо,-деп эстеди бала кезинде улуулардан уккандарын Акжол аке. - Кенде сарттарды иштетиптир. Кендин ылдый жагында Митиген деген чоң жапжашыл жайык жер бар. Тажиктер(сарттар) Митигенде жашап, жогор жактагы кенде иштешкен. Ал кезде кендин оозу чоң болчу экен. Ат улоо менен ташты кендин ичинен ташып чыккан деп айтышкан».

Сарт-Ыстагандан бир кыйла төмөндөгү Митигенде азыр эч ким жашабайт. Ага бир жагынан суу чыкпаганы себеп болсо, экинчи жактан качандыр бир кезде тоодон катуу сел жүргөнү себеп болгон сыяктуу.
Уста Бурхан үңкүргө киргенде үңкүр ачык болуп, бир учу Апшырдан чыкчу экен. Ашим Маматалиев


Чаувай кенин байыркы доордо кытайлыктар иштеткенин 1920-жылдардын орто ченинде СССР илимдер академиясынын геологиялык чалгындоо экспедициясы тапкан байыркы шайман-куралдар тастыктаганын Санкт-Петербургдун Чыгыш таануу институтундагы «Байыркы Паргана (Фергана)» деп аталган лекцияда уккам.

Атүгүл ошол лекцияда 1925-жылкы экспедицияда лаборант болуп иштеген Алла Петровна Козак деген 72 жаштагы пакана (жапыз) бойлуу, тапанчадай тез кыймылдаган байбиче менен таанышкам. Ал киши Чаувайдагы Толубай кенинен табылган тоо-кен шаймандары кытайлыктарга мүнөздүү экенин лекторго жарым кылым мурдагы изилдөөлөргө таянып далилдеп берген. Ал лектор Ош шаарына 3 миң деп аныктап берген профессор Заднепровский болчу.

Сарт-Ыстаган үңкүрүнүн аталыш таржымалы


Эгерде мына ушул маалыматты кармансак, Чаувай кени 751-жылкы Талас өрөөнүндөгү Кытай-Арап согушунан көп өтпөй ээсин өзгөрткөн болуш керек. Паргана өрөөнүндөгү тоо этектеринде орто кылымдарда сымап өндүрүшү болгонун атактуу арап окумуштуусу Истахри Абулкасым иби Хаукалдын 976-жыл ченде жазган “Мамлекеттердин жолу китебинде” эскертилет. Ал эми орто кылымдарда Борбор Азияда дүйнөдө эң чоң тоо-кен металлургия өндүрүшү болгону тарыхтан белгилүү.

Тургун Муратов жана макаланын автору. Эски кендин сыртындагы түзөңчө. 20-июль, 2011

Тургун Муратов жана макаланын автору. Эски кендин сыртындагы түзөңчө. 20-июль, 2011

Сарт-Ыстагандан ашып барса 2 чакырымдай төмөндөгү түзөңдөгү Мыктынын көрүстөнү кечээ 1960-жылдары эле түздөлүп, ордуна мектеп курулган.

Мектеп күңгөйдөгү үч кабат имаратка көчкөндөн кийин ал жер оорукана болуп калган. Чавайчылар бул көрүстөндү кытайлардын Мык императору доорунан калган дешет жана ал жерге мектеп курулганча түзөң жылаңач жер болчу.

"Мыктынын көрү деп, азыр оорукана жайгашкан жалаң аталчу. Легенда боюнча бир заманда Мык деген кытай падышасы болгон имиш. Мык падыша какыр жерлерге арык же канал казып, суу чыгарчу экен. Баткенде да Мыктын арыгы деген жер бар. Буга караганда, Мык падыша бүт кендерди ээлеген экен, ыскаты",-деди Ашым Маматалиев.

Кытайлар биздин заманга чейин эле сымап пайдаланып, алтынды жана күмүштү ээритишкен. Ал эми Орто кылымдардагы Борбор Азияда сымап же күмүш суу эркектерди котон жарадан (сифилис) дарылаганга, күзгү жасоодо, ошондой эле хан сарайлардын шыптарын кызыл өңгө бойогонго колдонулган.

Эски кен эмне үчүн Сарт-Ыстаган аталат?

Чаувадын күнгөйүндөгү борчуктун боорундагы сымап казылып жатып пайда болгон штольня же үңкүр эмне үчүн Сарт-Ыстаган деп аталып калган? Ал жөнүндө азыр эки кем алтымыш жаштагы Ашим аке илгери энесинен мындай кепти уккан экен:

"Сарттар ошол эски кенге барып жашынган экен. Кыштын күнү моорудан бир мышык чыгып, төмөнкү кыштакка каңкып келет. Сарттардын душмандары мышыктын изи менен кууп барышып, үңкүрдүн сыртынан тыңшаса, ичтен ызылдап адамдардын доошу чыккан. Ошондон кийин үңкүр оозуна дүрмөттү коюп, ичиндеги адамдарды түтүн менен ыштап өлтүрүшкөн".

Мурдакы кенчи Тургун Муратов сымап казылчу эски кендин төрүндөгү тешиктердин бирине сойлоп кирип баратат. Сарт-Ыстаган. 20-июль ,2011

Мурдакы кенчи Тургун Муратов сымап казылчу эски кендин төрүндөгү тешиктердин бирине сойлоп кирип баратат. Сарт-Ыстаган. 20-июль ,2011

Ушундай эле уламышты ар түрдүү формада бардык эле чавайлыктар айтып жүрүшөт. Бир эле айырмасы, кээ бирөөлөр үңкүрдүн оозуна тоодон арча кесип келип, өрттөп жиберген дешет. Ушундан улам эски кен Сарт-Ыстаган аталып калган экен.

1960-жылдардын ортосуна чейин үңкүрдүн ичине кирген эргулдар анын төрүндө эчендеген адамдын сөөктөрүн, атүгүл бешик да көрүшкөн. Үңкүргө 1950-жылы Акжол Жусубалиев өз курдаштары менен киришкен.

"Биз үңкүргө шамала жагып киргенбиз. Ал кезде батареялуу чырактар жок. Ал кезде үңкүрдүн үстүндө ага кирчү түз тешик бар эле. Биз ичкериге ошол тешик менен киргенбиз. Кендин ичинде үйдөй-үйдөй камералар (ээн боштук) болуп, андан бөлүнүп кеткен тешиктер болчу. Ошол тешиктер жык адамдардын сөөгү эле да. Аппак. Үңкүрдүн төбөсүнө жык асылып турган жарканаттар бар эле. Анан үйүлгөн таштар бар болчу. Кийин сел болуп, башка болуп, тешиктер бүтүп, үстүдөгү желдеткич тешиктер калган»,-дейт Акжол аксакал.

Сарт-Ыстаган үңкүрүнө кирүү жана анда көргөндөр


Ашим аке Сарт-Ыстаганга 1960-жылдардын баш ченинде өзү сыяктуу эч нерседен коркпогон боз балдар менен киришкенде бешик да көрүшкөн. Ал үңкүрдө көргөндөрдүн мындай сүрөттөдү:

"Үңкүрдүн төрүндө жүк жыйылгандай таштар жыйылып турат. Ал жерде булак бар. Биз көргөндө бешик бар эде. Адамдын сөөктөрү жатат. Мен анда 6-7-класстарда элем. Таш көчүп, үңкүрдүн учуна кеткен жол тосулуп калган экен. Энем бар эле - Шаан деген. Ирамали, жайы жаннатта болсун. Ошол айтат эле: Мына бул Уста Бурхандын атасы Уста Жолдош Сарт-Ыстаганга кирип, алыс төрүнө чейин барып, суу бар деп айтып келген. Уста Бурхан үңкүргө киргенде үңкүр ачык болуп, бир учу Апшырдан чыкчу экен. Ошо эски адамдардын айткандарына караганда, атүгүл апыртып сүйлөгөндөр үңкүрдүн бир учу Макатилладан (Мекке, Сауд Арабия) чыгат дешчү".

Сымап байыртадан эле азыркы Баткен дубанынын бардык эле аймактарында өндүрүлгөн. Кээ бирөөлөрдүн сөзүнчө, Чаувайдагыдай сымап казылган жылгаалардын аталыштары Баткендин тегерегинде да кездешет.

Тургун Муратов эски тешиктен таап келген сымап рудасы бар ташты Мелибай Абдувалиевге көрсөтүүдө. Сарт-Ыстаган. 20-июль 2011

Тургун Муратов эски тешиктен таап келген сымап рудасы бар ташты Мелибай Абдувалиевге көрсөтүүдө. Сарт-Ыстаган. 20-июль 2011

Сарт-Ыстагандын төрүнө чейин жетип, ичинде эмне калганын көрөлү деп, Тургун Муратов, Мелибай Абдувалиев жана мен болуп 20-июлда эртең менен кыштактан өйдөдөгү үңкүрдүн оозуна келдик. Жашы эки кем жетимиштеги Тургун аке эмгек жолун Кызыл-Кыядагы тоо-кен техникумун бүткөндөн кийин Чаувай кенинде мастерликтен баштап, участканын башчысына чейин жеткен кесипкөй-адис болгондуктан, бул жердеги бардык кен казылган жайларды ит өлгөн жерине чейин билет.

Кендин төрүндөгү эски бешикти издеп...

Штольня, же Акжол Жусубалиев айткандай, тешиктин бийиктиги 1, 5-1, 7 метрдей, туурасы бир кулачтан ашпайт. Биз бир аз бүкүрөйүп алып, Мелибай мырза экөөбүз Тургун акенин артынан караңгылыкты жиреп бара жаттык. Колубузда батареялуу кол чырактар.

Жайытка жакын болгондуктан Шана деген эптүү киши тешиктин ооз жагын тосуп, кышы-жайы эчки-кой кармаптыр. Ошого үңкүрдүн оозунан жыйырма метрдей ичкериде жолду кашаалап тосуп, эшик жасап коюптур.
Үңкүр кышкысын жылуу, жайында салкын болот экен.

57 жаштагы Мелибай Абдувалиев да Бишкектеги политехникалык техникумду бүтүп келгенден тарта Чаувай кенинде иштеп, ишкана жабылар алдында башкы энергетик болгон. Ошон үчүн ал да Тургун акедей эле жер астындагы тоо-кен иштери менен жакшы тааныш. Ал баратып, кызыл рудалуу ташты таап, анын эмне экенин бизге түшүндүрдү: "Бул - кивер. Ээриткенден кийин ал сымапка айланат". Айрым жерде жол экиге бөлүнүп кетип жатты. Бир жерге келгенде ылдый карай оюлган кең тешикке туш келдик. Анын оозун заң баскан темир сузгуч бөгөп турат.

"Бул жерде лебедкалар калган эле,-деди Тургун аке.- Аларды металл чогулткандар чыгарып кетишкен. Муну чыгара алышпай калтырышыптыр. Бул жерден ылдыйкы забойго чейин 20 метр. Бул забой тик ылдый кетет, вертикалдуу".

Жол бою Тургун аке менен Мелибай мырза мага кенчилик өнөрүнөн сабак берип баратышты. Биз бүтүккө туш келип, артка кайттык жана сол жактагы тешикке кирдик.

Сарт-Ыстаган үңкүрүндөгү эски забойлордун биринен табылган адам сөөгү. 20-июль, 2011

Сарт-Ыстаган үңкүрүндөгү эски забойлордун биринен табылган адам сөөгү. 20-июль, 2011

"Мына бул камера. Согуш алдында (1941-45-жылдар) артель кезде иштетилген. Биз 1960-жылдары астынан тешип чыгып, бир аз руда алсак, сымап аз болгондуктан токтогонбуз. Биз азыр ошол Сарт-Ыстагандын ичиндебиз. Кыртыш көчүп, адам сөөктөрү бар жерлер көмүлүп калган. Сөөктөрдү биз таппайбыз. Биз азыр сырттан 150-160 метрдей ичкеридебиз »,-деди баарын билген Тургун аке.

Үч-төрт метрдей бийик, чатырдын ордундай кеңдиктин бурч-бурчтарын карап жатсак, Мелибай адамдын эки энидей узун сөөгүн таап келди. Тургун аке капталдагы тешикке же камарга панар чырагын жарык кылып, сойлоп кирип кетип, анча убакыттан кийин бети кызыл катмар-катмар болгон жалпак ташты алып чыкты. Беш килодой оор. «Сымабы бар, ошон үчүн оор»,-деп түшүндүрдү Тургун аке. Биз кайра артка жөнөдүк. Он мүнөттөй убакыт өтүп-өтпөй сыртка чыктык. Тилекке каршы үңкүр ичиндеги шагыраган сөөктөргө жана бешикке жетпедик. Аларды табият өз койнуна жашырып койгон экен.

P.S. Митигендик тажиктер азыр Чаувайдан 15 чакырым төмөндөгү Үч-Коргон кыштагында өзүнчө маале болуп жашашат. Алар байыркы Самарканддын жанындагы Митиген деген жердин калкына окшош диалектте сүйлөгөнүн СССР кезинде Самарканд университетинен изилдөө жүргүзүп келген илимпоз-тилчилерден эшиткенин 63 жаштагы үчкоргончу Каримжан Мырзажанов айтып берди. Тилекке каршы, мен сүйлөшүп-баарлашкан үчкоргончулар «Сарт-Ыстаган жөнүндө эч нерсе укпаптырбыз» деп чыга беришти.

Кээ бир окумуштуулар Борбор Азиянын тоо-кен өнөр жайынын кыйрашын отурукташкан сарттарды монгол тектүү көчмөндөрдүн сүрүп чыгуусу менен байланыштырат. А башка бир илимпоздор сымапка болгон талаптын азайышы, орто кылымдардагы Борбор Азияда чарбалык өсүүнүн төмөндөшү, ошондой эле Европа менен Чыгышты бириктирген деңиз байланышы ачылгандан улам Улуу Жибек жолунун маанисинин төмөндөшү менен түшүндүрүшөт. Андай болгондо Чаувай кени кеми 4-5 кылым илгери токтогон болот.

Ал эми Чаувай өрөөнүндөгү эски кен Сарт-Ыстаган деген аталышты 15-16-кылымдарда алдыбы же 8-кылымдабы? Бул табышмак.

Түшүндүрмө: Kыргыздар Чыгыш Tүркстандын, Oрто Азиянын өрөөндүү жерлеринде жер иштетишкен, соодагерлик кылган түрк, иран тилдүү калкын жалпысынан сарт деп аташкан.

Kыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. түз. O.Kарасартов, C.Эралиев, Бишкек, "Бийиктик", 2005-жыл, 405-бет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG