Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43
Кыргыз тарыхындагы эң эле көп айтылган, өтө көп сөз кылынган, өмүрү ар түрдүү легендалар менен мифтерге, түрдүү уламыштарга ширелген улуу инсандардын бири - Курманжан датка энебиз десек анча деле аша чаппайбыз го. Тарыхый изилдөөлөрдөн баштап адабий чыгармаларга чейин ХIХ кылымда жашап өткөн бул атактуу ишмер тууралуу эмнелер гана айтылбады, кимдер гана жазбады.




Баарынан маанилүүсү, Курманжан датка тууралуу биздин эле тарыхчылар же изилдөөчүлөр эмес, чет өлкөлүк окумуштуулар да бир катар маанилүү эмгектерди жазышты, дагы да жазаарына эч бир шек жок. Анан калса бул кайталангыс тарыхый инсандын жашаган доору да аябагандай катаал жана татаал доор болуп, датка энебиздин жеке тагдыры эл тагдыры, журт тагдыры менен камыр-жумур болуп аралашып, анын 96 жаш узун жана драмалуу өмүр жолунда жеңиштер да, жеңилүүлөр да болуп, маңдай жарыла сүйүнгөн, ошону менен бирге көз жашты көлдөтө ыйлаган опосуз күндөр, ырайымсыз жоготуулар, жылдар, күндөр өтө көп болуптур...

Биринчиден, катардагы карапайым жатакчы Маматбайдын кызы Курманжан кичинекейинен тирикарак, акылдуу, парасаттуу чыгып, ошону менен бирге чоң турмуштун босогосун аттагандагы биринчи эле кадамы - өтө кыйын, өтө оор кадам болуптур. Себеби ата-энеси эски салт менен Кытай жергесиндеги бир санаалаш кыргызга бел куда болуп, бойго жете элек кыздын башын тааныбыган-билбеген кишиге бата тилеп байлап, ыйлатып, зарлатып туруп күйөөгө берип койсо да, Курманжан аны менен дээрлик жашабай, тез эле туулган жерине кайра баса берген экен. Курманжан датканын жеке тагдырынын татаалдыгын, баскан жолунун илме-кайыптыгын ушудан билиңиз - анын экинчи никелеши катардагы бир кыргыз эмес, жалпы түштүккө, бүткүл Ферганага аттын кашкасындай белгилүү, бүтүн Кокон хандыгындагы эң эле белдүү инсандардын бири, убагында Анжияндын акими болгон атактуу Алымбек датка болуптур.

Экөөнүн өз ара таанышканы, бири-бирине арзыганы, Курманжан никеге тураар алдында Алымбекке койгон шарттары, акыры экөө баш кошкону - бул өзүнчө бир кызыктуу сөз жана ар кандай легендаларды, мифтерди, версияларды жараткан бүтпөс тема. Кийин Курманжан Алымбекке катары менен беш эркекти, башкача айтканда, беш бекти төрөп бергени, бешөө беш жолборс чыкканы - бул да өзүнчө чоң сөз.

Сыягы, Курманжан жаралгандан тубаса талант, чыгаан саясатчы болуп жаралса керек, себеби дароо эле Алымбектин ак никеде арзыган көрөөркөзүнө айланып, ошону менен бирге датканын эң эле ишенимдүү кеңешчиси жана жардамчысы, ал эми ал каза болгондон кийин анын ордун баскан эң мыкты мураскору болуптур. Курманжандын эл ичиндеги аябагандай зор авторитетин, кадыр-баркын, акылын, күчүн сезген, аны өз көзү менен көргөн Бухаранын эмири Музаффар Курманжанга “датка” деген наамды ыйгарып, башкача айтканда “генерал” дегендей зор даражаны берген. Ошол эле убакта Кокон ханы Кудаяр да ага “датка” деген даражаны, даража менен кошо бийликти берген. Тарыхта эки хандыктын “датка” даражасын алган аялзаты бир гана Курманжан датка болгон дешет тарыхчылар.

Башынан айта кетели: атактуу Алтын Бешиктердин тукуму Кудаярды хандык такка отургузган, аны убагында катуу колдогондордун бири атактуу Алымбек датканын кланы болгон. Ошону менен бирге Кудаярдын жексур, адамгерчиликсиз бийлигине каршы кыргыздарды эле эмес, бүткүл Фергананы көтөргөн дал ошол аялдан чыккан шер, ургаачыдан чыккан жолборс - Курманжан датка, айрыкча анын акылы, кеңеши менен күрөшкө аттанган уулу Абдылдабек экен.

Бул көтөрүлүш тарыхта “Пулат-хандын көтөрүлүшү” деген ат менен белгилүү. Пулат-хан деген ат тек гана саясий псевдоним, а чынында көтөрүлүш лидеринин чыныгы аты Молдо Исхак, улуту кыргыз болгон. Бул көтөрүлүш аябагандай кан төгүүлөр, кырылыштар менен коштолуп, ар кайсы улуттардын башын бириктирген массалык козголушка айланып, акыр аягында Кокон хандыгынын таптакыр кыйрашы менен бүткөн. Ошону менен бирге бул көтөрүлүш Фергананы, жалпы эле Түркестанды Орусия империясы курал менен да, дипломатия менен да каратып алганга негизги шартты түзгөнүн белгилей кетели.

Өзбек тарыхчылары азыркыга чейин Кокондун хандык катары кыйрашын кыргыздардан, Пулат-хандын көтөрүлүшүнөн көрүп келишет. Бирок ансыз ирип-чирип калган, илгерки орто кылымдын тартиби менен жашаган бул феодалдык система, бардык жагынан артта калган коом баары бир талкаланмак жана баары бир алдуу-күчтүү, мыкты курал-жарактуу Орус империясынын колуна өтмөк.

Бирок Курманжан датканын уулдары чечүүчү ролду ойногон Кокон хандыгына, анын саясатына каршы күрөш бара-бара анын ордун басканга умтулган Орусия оторчулугуна, орус колониализмине каршы күрөшкө айланып кеткенин баса белгилешибиз керек. Башкача айтканда, Курманжан датканын көздөгөн негизги саясий максаты - жалпы Фергана өрөөнүнүн, анын ичинде кыргыз калкынын азаттыгы жана көз карандысыздыгы болгон.

Ошондой болсо да чоң тарыхтын агымы башка багытта, башка нукта кетип бараткан эле. Коконду каалаган учурда солкулдатуу, керек болсо андагы бийликти алмаштыруу Курманжан датка үчүн колдон келе турган иш болсо да, опсуз чоң Орус империясына каршы туруу эч бир күч жетпей турган жумуш эле. Ошондуктан орус бийлигинин чыныгы күчүн сезүү жана анын аскерий кудуретине туруштук бере албай, акыры ага баш ийүү, кыргыз элинин чачырандылыгы, түндүк менен түштүктүн бииримдигине эң биринчи тоскоол болгон география, ортону бөлүп турган бийик тоолор - Курманжан датканын тарыхый инсан катары трагедиясы жана тагдыры, ханике энебиздин ачуу аралаш жуткан көз жашы болгондугун моюнга алышыбыз керек.

Башкача айтканда, эбегейсиз эрдик жана аскерий жактан күчсүздүк, каармандык жана кыргыз калкынын чачырандылыгы, консолидациянын жоктугу, бир бүтүн мамлекеттүүлүк идеясынын бышып жетилбегендиги - датка энебиз өмүрүнүн аягына чейин жооп издеп, бирок таба албай жүрүп өтүп кеткен тарыхый суроо, улуттук суроо эле.

Орус бийлигине моюн сунуу, ал гана эмес сүйүктүү уулу Камчыбек дарга асылганда да журтту көтөрбөй, кайра элди тынчтандырганы, колонизаторлорго каршы күрөшкө эч бир жанды жоого аттантпаганы датка энебиз үчүн эмнеге турганын айтып кажаты жоктур. Ачуу ыза жана чексиз күйүт, ошону менен бирге элдин аманчылыгын ойлоо, журттун тынчтыгын коргоо Курманжан датканын негизги приоритети, баарынан кымбаты болуптур.

Кудайга шүгүр, биздин улуу инсандарыбыз, анын ири алдында Курманжан датка энебиз ХIХ кылымда табалбаган жооп ХХ кылымдын аяк ченинде табылды. Кыргыз эли саны жагынан да, сапаты жагынан да абдан жетилип, аң сезими өсүп, билим деңгээли эң жогорку чекке жетип, негизгиси баш бириктирип, улуттук мамлекеттүүлүктүн идеологиясын иштеп чыгып, СССР кулагандагы тарых берген улуу шансты колдон чыгарбай кармап калдык.

Эмки эң маанилүү вазипа, жаңы муундардын ыйыктан ыйык милдети - ушул улуу мартабаны, улуу жетишкендикти кесир кылбай сактап, улуттук биримдигибизди чыңдап, туубуз менен гербибизди сыймык менен алып жүргөнгө жетишүү болуп саналат. Эгер ушул ыйык милдетти аткара алсак, анда бизге чейин эл деп, журт деп жүрүп өтүп кеткен, бүт өмүрү күрөш менен, кармаш менен өткөн Курманжан датка сыяктуу улууларыбыздын да арбагын ыраазы кылып, алардын жүрөгүнүн толтосунда аздек сактаган ыйык мурасын сыймык менен сактап калганыбыз болмокчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG