Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17
Бул комуз болбосо кайран Током,
Миң кыялга бата албай,
Жашоодон азап чекмек.
Бул комуз болбосо кайран Атай,
Чок болуп күйүп кетмек...

Биз, кыргыздар, башка болсо да Токтогулду, анын өмүр таржымалын, чыгармачылыгын, татаал тагдырын жетишээрлик эле билебиз деп ойлоп келебиз. Чынында эле мектептен, ал гана эмес бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларына чейин Токтогул тууралуу канча маалыматтар окулат, аты аталат, ырлары жатталат, күүлөрү менен санаттары угулат. А бирок дале болсо Токтогул тууралуу маалыматтарыбыздын бир топ тайкы экени, анын өмүрү тууралуу бир катар маанилүү фактыларды билбей жүргөнүбүз кийин билинди.




Өмүрдүн өктөсү, турмуштун мааниси, караңгысы менен жарыгы тууралуу Токоңун айткан классикалык саптары кайдан жүрүп жаралганы, кантип пайда болгону азыр гана көз алдыбызга даанараак тартылып отурат. Мындан бир нече ай мурун басма сөз бетине жарыяланган белгилүү изилдөөчү Омор Соороновдун илимий табылгалары, деле улуттук аң-сезимибиздин эгемендиктен кийинки жаңы мезгили бизди Токтогулга таптакыр башкача көз менен караганга мажбур кылууда.

Көрсө, Совет заманындагы тарых илими Токтогулдун биографиясындагы айрым маанилүү фактыларды абдан эле бурмалаптыр. Биринчиден, улуу ырчыны “Заман агымы” деп аталган Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылычтардан жасалма түрдө бөлүп карап жүрүппүз. Жок, нака заманист, орус оторчулугуна каршы сөзү менен эле эмес, иши менен каршы чыккан, 1898-жылкы Анжиян көтөрүлүшү деген көтөрүлүшкө түздөн-түз катышкан ырчы Токтогул Сатылганов экен.

Ага катышуусунун негизги себеби - орус бийлигинин кыргыз калкына көрсөткөн чектен тыш залимдиги, ачыктан-ачык кордогону жана жергиликтүү бай-манаптардын кош бийлиги болуптур. Бала чагынан бай-манаптарды, “эл жегенге жардамчы” эшен-калпаларды, төбөлдөрдү жек көргөн Токтогул Анжиян көтөрүлүшүнө чын ишеними менен катышканын өзү да Н.С. Ладушев деген орус интеллигенти менен сыр чечишкен убагында, 1928-жылы ачык айтып бериптир. Бул тууралуу документ Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын кол жазма фондусунан жакында табылып отурат.

Экинчиден, Токтогул өз заманынын билимдүү да, маалыматтуу да адамдарынан болгон экен. Дегеним, ошол эле Н.С. Ладушев кесиби боюнча агроном, Токтогулду “Прекрасный и толковый переводчик” деп атап, башкача айтканда баарын илгиртпей түшүнгөн эң мыкты тилмеч экенин айтып, ырчыны орус тилинде түш жоруган, ошону менен бирге өз элинин тарыхын, салт-санааларын мыкты билген, ошол эле Орусия тууралуу кенен маалыматы бар адам катары сүрөттөйт. Көрсө, “Айдалып келип болуштан, агайын таптым орустан” деп бекеринен айтпаган экен Токобуз.

Албетте, Орус империясын Ферганадан кубалайбыз деген идея ошол эле анжияндык Дүкчү эшен баштаган динчилердин, алардын артында турган айрым мамлекеттердин алысты көрө билбеген провокациясы болгон. Ошондуктан көтөрүлүш тез эле басылып, аны уюштургандар бири калбай кармалып, кийин Токтогул баш болгон 64 кыргыз колуна кишен, бутуна зоолу салынып, Сибирге сүргүнгө айдалган экен. Токоң өзү дагы Төрөкан дегендин үйүндө отуруп, 1897-жылы көтөрүлүшчүлөрдүн уюштуруу тобуна кокус жерден аралашып калганын, кийин бүт турмушу “куугун менен сүргүнгө, азап менен тозокко айланып кеткенин” арман кылып айтчу экен.

Айланган тоонун бүркүтү
Ак жерден торго чалындым.
Комузду күүгө келтирген
Колума кишен салындым,
Зарлантып койгон күнөөсүз,
Заманага таарындым, - деп бекеринен зарлабаптыр кайран Токобуз.

Ошон үчүн Октябрь революциясы орногондо Ленинди мактап, Совет бийлигин колунан келишинче даңазалаганы түшүнүктүү да, адилет да иш болгон тура. Биринчиден, большевиктер кыргыздарды 1916-жылдан кийинки кыргындан сактаптыр. Экинчиден, Совет өкмөтү миңдеген томаяктарды жерлүү кылып, эшигинде үрүп чыгаар ити жок кедейлерге байлардын байлыгын тартып берген. Үчүнчүдөн, жаңы бийлик кедейлердин сөзүн сүйлөп, ал эми падышага каршы чыккандарды, байлар менен манаптарга кайрылып сөз айткандарды, Токтогул сыяктуу ачыктан-ачык кармашкандарды баатыр катары санаганы тарыхтан белгилүү го.

Бирок Токтогулду Токтогул кылган, атын кылымга калтырган чыгармалар - анын дүйнө, өмүр жөнүндөгү классикалык саптары, адам баласынын бу жарык дүйнөдөгү бийик вазипасы, асыл наамы, милдети тууралуу ырлары, эл-жер тууралуу термелери, насыяттары, тууган жердин турпагын сагынгандагы кербездери, ботойлору, кайрыктары десек болот.

Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу,
Жаратканы чын болсо,
Жай-жайына койсочу.

Кызыл оңбос болсочу,
Кыз буралбас болсочу,
Көгөргөнү чын болсо,
Гүл соолбос болсочу.

Жибек оңбос болсочу,
Жигит өлбөс болсочу,
Жигит менен кыз өлсө,
Жерге көмбөс болсочу.

Бул сыяктуу саптар кыргыз көркөм сөзүнүн чыныгы берметтери, баасы чексиз жакуттары.

Чынында да өмүрдүн кадырын, жарык дүйнөнүн баркын эчен жыл элсизде жүрүп зарлап, Сибирдин шахталарында жер казып, түү деген түкүрүк жерге түшпөгөн суукта кереметтүү Кетмен-Төбөсүн сагынган, “айланайын кыргыздын караанына зар болгон” Токтогулдай эч ким билбесе керек. Тарыхты карай келсек эң биринчи жолу Сибирди көргөн, деле кыргыздын жеринен ушунчалык алыска чыккан Токтогул болуптур. “Жети жылы пияда баскандагы кербезим” деп өзү айткандай, жети жылы жөө басып, колунда кишенин, бутунда зоолусун сүйрөп Токтогул атабыз Токмок же Караколдон эмес, Сибирден качып келгени, Кыргызстанга эки жыл дегенде араң жеткени айтканга оңой, бирок элестетүүгө өтө кыйын нерсе.

Карап отурсаң Токобузга чындап эле бу дүйнөнүн кууралы гана буйруп, жыргалы буюрган эмес экен. Сибирден күндүзү жашынып, түндөсү качып отуруп, казактын баш-аягы көрүнбөгөн Бетпак талаасын жөө арытыптыр. Нечен жыл өлүм менен өмүрдүн ортосунда, азап менен тозоктун арасында турмуш кечириптир кайран Токобуз. Качкын да, бозгун да болуп, тилемчинин да, кайырчынын да кейпин кийип, элинен ажыраган мусапыр, бакыт издеген мискин болуп, араң дегенде эки бутун сүйрөп Кетмен-Төбөгө жетиптир.

Жети жылы жер оодарып, өлбөгөн сүлдөрү калган Токтогул акыры ата конушуна эптеп жеткенде эски журтта жалгыз калган, ыйлап жүрүп эки көзүнөн айрылган энесин тапканын, “бу мен, Токтогулуң” деп кучактап жыгылганын элестетип көрөлүчү... Эңсеген элине келсе жалгыз уулу Топчубайдын көзү жок, Токтогул эми келбейт деп ойлогон аялы бөлөк бирөөгө башын байлап, айтор, адам чыдагыс трагедияга кабылган экен кайран Токобуз.

Албетте, Токтогул ырчынын адамдык тагдыры - ошол кездеги кыргыз элинин жалпы тагдыры менен үндөш, тамырлаш. Ошон үчүн аны замандаштары, айрыкча Эшмамбет, Коргоол, Калык, Алымкул, Атайлар сыяктуу залкарлар алдынан туура өтпөй кастарлап, өздөрүнүн устаты катары таанып, таалимин алып, бир чети аяшса, экинчи чети ушундай замандашы бар экенине абдан сыймыктанышкан экен. Ошентип Токтогулдун улуу Плеядасы - ырчылар Плеядасы түзүлүптүр. Акындык, төкмөлүк мектеби калыптаныптыр. Ошолор Токтогулдун атын ого бетер чыгарып, аны менен жолугушканын жомок кылып айтып, төкпөй-чачпай ырга салып, чыгармаларын элге таратып, ырчыны тирүү кезинде легендага айлантышкан экен.

Улуу ырчы, заман булбулу, доор күзгүсү Токтогул өтө оор учурда ырчы, комузчу катары калыптанып, тагдыры да өз доорундай татаал болуптур. Бишкекке келсе советтик чиновниктер Токтогулду Токтогулдай кабыл алууга, камкордук кылууга жарабаптыр. Ал тургай ошол кезде элге билим берүү комиссары болуп иштеген бир аткаминер сахнада отургучка отурбай, чапанын бүктөп, жерге отуруп ыр ырдап баштаган Токтогулга “жөн койгула, жерге эле отуруп ырдасын, итке темирдин кереги не” деп угуза кыйкырыптыр...

Эгер бир чети жээни, бир чети жердеши, бир чети таланты ташкындаган жазгыч акын Жоомарт Бөкөнбаев болбогондо Токтогул адабият тарыхында калат беле же калбайт беле - бул да өзүнчө чоң суроо.

Бирок кайран Токобузга бул дүйнөнүн жыргалы эч бир буюрбай, кууралы гана буюрса да, акындын көзү өткөндөн кийинки турмушу жомок сыяктуу эле болду десек аша чаппайбыз го. Анын бактысы көзү өткөндөн кийин ачылды. Токтогулдай аты түбөлүк сакталган, улут маданиятынын улуу символуна айланган бир да ырчы, төкмө же комузчу жок.

Азыр да Токтогул кыргыз маданиятынын, кылым карыткан кыргыз тарыхынын өлбөс-өчпөс символу. Ошол улуу символ катары дагы да далай замандарга кала бермекчи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG