Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30
Кириш сөз

Кыргыз тарыхында актай калган барактар дале болсо көп. Ошолордун бири - басмачылар кыймылы, алардын большевиктердин тапчыл, зордукчул, диктаторлук жана атеисттик саясатына каршы туруу тарыхы. Тилекке каршы, бул темага өткөн замандын тарыхчылары кандай сыртын салса, азыр деле ошол кейиштүү акыбал өзгөрбөгөн бойдон келатат. Эмне үчүн мындай?

Буга бир нече себептер бар. Биринчиси, “басмачылар” деген түшүнүктүн өзү так эмес жана карама-каршылыктуу. Бул түшүнүк нечен жылдар бою жалаң гана терс мааниде колдонулуп келди.

Экинчиси, чынында эле басмачылар кыймылында адам таң калтыра турган эрдиктер, каармандыктар, улут ар-намысы үчүн күрөш менен катар чын эле кандуу окуялар, нака кылмыш, террористтик иш-аракеттер өтө көп.

Үчүнчүсү, биз, азыркы кыргыздар, басмачылар тарыхына, алардын адамдык жана саясий тагдырына, көздөгөн максаттары менен ойлогон ойлоруна жалпы жана тарыхый баа бере албай келатабыз. Эң негизгиси, алардын куралдуу каршылыгын, локалдык маанидеги согушун кыргыз элинин улуттук боштондук кыймылынын жалпы контекстине койо албай келебиз.

Менин оюмча, бул адилетсиз, бир жактуу “советтик” көз караштан кутулууга эбак мезгил жетти. Басмачылар кыймылы - улуттук тарыхыбыздын ажырагыс бөлүгү. Ошону менен бирге бул кыймылга өз ыктыяры же күч менен кошулган нечен азаматтар бозгун болуп чет жерлерге тентиди, көпчүлүгүнүн тагдыры трагедия менен бүткөнүн эске алышыбыз керек. Ошондуктан бул кыймылдын агы менен карасын ажыратып карап, объективдүү тарыхый анализ жасаш - окумуштуулардын, анын ичинде жазуучулардын, тарыхчылардын профессионалдык милдети деп эсептейм.

“Азаттык” радиосу үчүн даярдалган бул чакан серия - ошол басмачылар тарыхына кеңири коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн жасалган биринчи гана аракет. Буюрса, бул ишти тереңирээк изилдеп, басмачылар согушунун чыныгы тарыхын жазуу - алыс эмес келечектин иши деп ойлойм.

Басмачылар тарыхынан:
Айтмерек, Абдыш баяны


Советтик пропаганда “басмачылар” деген түшүнүктү ар дайым “бандиттер”, “кылмышкерлер”, “террористтер” деген түшүнүк менен катар коюп, ар дайым кара бойок менен бойоп келгени жакшы белгилүү. Бул, албетте, чындыкка коошпойт.

Ошону менен бирге басмачылар тууралуу ак же кара деп кесе айтуу да адилетсиздик болоор эле.

Жалпысынан алганда басмачылар кыймылы 20-30-жылдардагы большевиктердин абдан бир жактуу, тапчыл, ашынган диктаторлук саясатына карата стихиялуу протест катары пайда болгонун эске алышыбыз керек. Большевиктердин саясий диктатурасы, динге, кудайга каршы жарыялаган келишпес согушу, тынымсыз репрессиялар, кылымдар бою калыптанып калган каада-салттарды, ишенимдерди кыска мөөнөттө тамыры менен жулуп салуу аракети Кыргызстанда эле эмес, бүтүн Орто Азияда калк нааразылыгын жаратып, натыйжада басмачылардын куралдуу каршы туруусу жаралган.

Басмачылардын арасында нечен легендарлуу адамдар, нака арстан жүрөк жоокерлер, ошону менен бирге катардагы кылмышкерлер, бөрк ал десе баш алган мыкаачылар, акчага абийирин саткан тыңчылар да кездешкенин башынан айта кетели.

Баса белгилей турган дагы бир нерсе - эгер кыргыздар 1916-жылкы Үркүндө жалаң ок атуучу куралдын жоктугунан катуу мүңкүрөсө, Кытайга массалык түрдө качууга аргасыз болсо, 20-30-жылдарда колуна беш атар мылтык тийген кыргыз согушчандары саны жагынан ондогон, жүздөгөн эсе көп кызыл аскерлерге эч бир алдыртпай койгон.

Басмачылардын арасынан жаңы доордун Кожожаштары, көзгө атаар мергендери, аттын кулагы менен тең ойногон чабандестери чыгып, алар Совет бийлигинин айласын абдан кетирип, эң акыркы топтору Улуу Ата мекендик согуш башталар астында гана жок кылынган.

Басмачылар менен согуштун негизги тактикасын иштеп чыккан, кыргыздардын кулк-мүнөзүн беш колундай билген Михаил Фрунзе жалаң эле атышуу же согушуу жолун эмес, тыңчы жөнөтүү, кээ бирлерин акчага сатып алуу, басмачыларды кармап бергендерге кызмат сунуш кылуу, керек болсо Кызыл Жылдыз орденин берүү сыяктуу айла-амалдарды көп колдонгонун өзгөчө белгилей кетели.

Бул макалада ошол легендарлуу адамдардын экөөсү тууралуу, атап атканда Алайкуу өрөөнүнөн чыккан атактуу Айтмерек корбашы менен Абдыш мергендин трагедиялуу тагдыры тууралуу кыска баянды ортого салмакчыбыз.

...Кыргызстандын түштүгүндө басмачылар эң эле көп таралган аймак Алай менен Кара-Кулжа, Баткен, Ноокат жана Лейлек болгон. Ошолордун арасында Айтмерек корбашы жетекчилик кылган басмачылар Кара-Кулжанын башында, бир жагы Кытайга, экинчи жагы Алайкуга жакын Жүргүл деген ашууну пааналап жүргөн кез экен. Андан мурун Сидоров деген командир баштаган орус отрядын Алайкуунун Көк-Арт деген жеринде талкалап, бирок куралдуу кагылышуулар эч бир жыйынтык бербей, анын үстүнө көпчүлүк эл басмачыларга эмес, жакшы турмуш, байгер жашоо убада кылган Совет бийлиги тарапка өтүп кеткендиктен Айтмеректин жигиттери эми Ооганстанга ооп кетели деп чечим кылган убак экен.

Дал ошол маалда чоң суммадагы акчага, анча-мынча кызматка кызыккан жергиликтүү төрт кыргызга НКВД Айтмерек корбашынын 60 жакын кишиси бар чоң тобуна эптеп кошулгула деп тапшырма берет. Максат - атактуу Айтмерек корбашынын көзүн тазалоо, айрыкча көзгө атар мерген Абдыштан кутулуу эле.

Жогорудагы төрт кыргыз Жүргүл аттуу ашууга жетип, ар дайым кароолдо отурган Абдыш мергендин колуна атайын түшүп беришет. Басмачылар төртөөнү ортого алып, сурак кылса: “Атайын силерге кошулайын деп келдик, араңарга алгыла, бир тууган элбиз, өлсөк бир көрдө, тирүү жүрсөк бир жерде чогуу бололу” деп жалынып-жалбарышат, касам ичишет. Ошондо табиятынан кыраакы, кандайдыр бир жаманчылыкты, арам ойду сезген Абдыш мерген: “Ушул каапырларын көзү жаман, кымыз ичсе колдору калтырайт, тик карасаң көзүн ала качат. Же көзүн тазалайлы, же келген жагына кайра кубалайлы” деп корбашыдан суранса, бекер кан төккүсү келбеген Айтмерек тиги төртөөнө ырайым көрсөтүп, мейличи деп арасына кошуп алган экен.

...Улам жер которуп, бир тоодон экинчи тоого өтүп турган басмачылар ошол түнү да түн ичи жолго аттанат. Алар караңгыга аралаш бир чоң кечүүдөн өтүп баратканда алиги төртөөнүн бири ак боз атчан Айтмерек корбашыны акмалайт. Аттардын кошкурганы, чоң суунун шары, биринин атын бири сооруга чаап, үзөнгүлөрү кагышкан алтымышка жакын атчан шатыра-шутур суу кечип баратканда алиги төрт агенттин бири ак боз атчан карааны түн ичинде да көзгө урунган Айтмеректин далысына байкатпай беш атарын сунат. Түн караңгысында тарс деп ок атылат. Караңгыда ок кайдан чыкканын байкабай, дүрбөлөңгө түшкөн басмачылар туш-тушка чачырап, тополоңдо Айтмеректин аттан ооп түшкөнүн билбей калышат.

Ошол арада башка жактан да басмачылар тарапка бир нече ок атылат. Оромого түшүп калган экенбиз деп кооптонгон атчандар түнү менен ашуу ашып, жер которолу дегенде, Абдыш мерген Айтмеректин сөөгүн кантип талаага таштайбыз, эптеп таап, кошо ала кетели деп көнбөй коет. Ошентип эртеси басмачылар аттарды көмүскөгө жашырып, керек болсо атышабыз деп камданып, Абдыш болсо кайрадан кароолго отурат. Айтмеректи аткан бузуку басмачылардын ичинде экенине көзү жеткен Абдыш дале болсо баягы төртөөнөн шек санап, дароо жок кылып койоюн дегенде, дагы кан төккүсү келбеген жоро-жолдоштору бул жолу да туура көрбөйт. Анын үстүнө Кара-Кулжанын борборунан кызыл аскерлердин чоң отряды жолго чыгыптыр деген кабар келип, басмачылар орус отряддары менен бетме-бет атышууга даярданат.

Айтмеректен айрылып, бир топ шаштысы кетип калган басмачыларды көргөн баягы төртөө эми Абдышты жок кылууну самашат. Мергендин артынан акмалап, анын ар бир кыймыл-аракетин аңдышат. Абдыш мерген болсо иреңи кумсарып, кызылдар жакындаса эле бирден терип жок кылып, корбашы үчүн өч алууну көксөйт.

...Бир колунда беш атаары, экинчи колунан дүрбүсү түшпөгөн Абдыш асканын учунда шырп эткен үндү тыңшап, баарына даяр. Тубаса кыраакы, кармаганын капшырган Абдыш кээ-кээде эч ким жокпу дегендей улам артына кылчайып карайт. Ансайын акмалаган тыңчы башын жерге катып, эми өлдүм го деп ойлоп, муун-жүүнү калтырайт.

Акыры Абдыш дагы дүрбүсүн колго алып, тээ төмөндө келаткан аскерлерге алаксыганда тыңчы беш атар мылтыгы менен мергенчини мээлейт. Жаздым атсам ажалымын жеткени деп ойлоп, кыйлага шыкаалайт. Акыры колундагы беш атаары тарс дейт. Адамдан башкача сергек Абдыш бир колу менен мылтыгын чапчып, экинчи колу менен дүрбүнү кармай, артын көздөй серпилет.

Адегенде суусар тебетейи төмөн тоголонуп, артынан беш атары колдон түшүп, “Ким бул?” дегендей суроолуу, каардуу тиктеген көзүн ирмебеген бойдон Абдыш мерген аскадан ары кулайт. Бир аскадан экинчи аскага урунуп, тарс эткен мылтык үнү зоолорду жаңыртып, акыры кайран мерген адам эмес, аркар-кулжанын туягы тийбеген зоокага барып илинет. Алайкуунун Кожожашы ошентип Сур эчкинин каргышынан эмес, акчага сатылган тыңчылардын колунан ажал таап, сөөгү адам эмес, канаттуу куш араң жеткен аска-зоонун бетинде түбөлүк калат...

Ал эми баягы төрт агент болсо Айтмерек корбашынын башын түнү менен кесип келип, райондук НКВДнын начальниги Романовго тапшырышат. Абдыштын сөөгү аскага илинип, адам жетпей турган жерде калганын мактаныч менен кабарлашат.
Айтмерек корбашыга ок тийген жерди, анын башы кесилген колотту, Абдыштын сөөгү калган асканы каракулжалыктар азыркыга чейин беш колдой билет. Мен аттарын атайын атабаган төрт агенттин аты-жөнүн, алардын бала-чакасын, укум-тукумун да эч ким эстен чыгарган жок.

Бирок мунун баары Тарых. Кыргыз улутунун Тарыхы. Боштондук үчүн күрөштүн Тарыхы. Ошол улуу тарыхтын бир гана штрихи. Бирок унутулгус штрихи.
Биз бүгүн бирин күнөөлөп, экинчисин жактай алабызбы? Менимче, жок.
Бирок басмачылар тарыхын объективдүү карап, алардын элесин эч качан эстен чыгарбай жүрүш биздин атуулдук милдет. Айрыкча азыркы заманда, Кыргызстан эгемендикке жетип, элибиз өз мамлекетине өзү ээ болуп, күнкорсуз жашаган улуу доордо.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG